Пифагор теоремасы – геометрияда тик бурчтуу үч бурчтуктардын жактарынын байланышын аныктоочу теорема.
Пифагор теоремасынын далилдемеси Пифагорго (б. з. ч. 6-к.) таандык деп эсептелет. Алгачкы жолу теорема тик бурчтуу үч бурчтукта гипотенуза менен катеттерде түзүлгөн квадраттардын ортосундагы катышты мүнөздөгөн: гипотенузада түзүлгөн квадрат катеттерде түзүлгөн квадраттардын суммасына барабар. Пифагор теоремасы көбүнчө төмөнкүчө окулат: тик бурчтуу үч бурчтукта гипотенузанын квадраты катеттердин квадраттарынын суммасына барабар. Тескери теоремасы: эгерде үч бурчтуктун бир жагынын квадраты калган эки жагынын квадраттарынын суммасына барабар болсо, анда бул үч бурчтук тик бурчтуу болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Пифагор теоремасы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.