Кен байлыктар - жер кыртышындагы эл чарбасына керектүү минералдык заттар.
Табигый түрдө (көмүр, кварц куму ж. б.) же кайрадан иштетилгенден кийин (талкалап, жанчып, майдалап тазартуу ж-а ылгап бөлүп алуу) пайдаланылат. Физ. касиеттери б-ча катуу, суюк ж-а газ түрүндө жолугат. Курамы м-н эл чарбасында колдонулушуна карап 3 топко бөлүнөт:
Бирок мындай бөлүү шарттуу. Анткени булардын бир эле түрү эл чарбасынын ар кандай тармактарында кеңири колдонулуп калышы мүмкүн. Мисалы, нефть м-н күйүүчү газ хим. ө. ж-дын негизги сырьёсу болуп эсептелет. Бокситтен алюминий өндүрүлөт, жасалма корунд алынат, жогорку сапаттуу цемент жасалат. Кен байлыктар Жердин ж-а жер кыртышынын өсүп-өнүгүү тарыхында, бардык мезгилде, ар түрдүү геологиялык процесстерин натыйжасында келип чыккан. Жаратылыштагы чогундусунан, топтолушунан кен (к. Кен) пайда болгон. Кен байлыктардын сапаттуулугу кондицияга көз каранды. Пайда болуу шарттары, орун алышы, магматизм, тектоника, стратиграфия, литология, геоморфология м-н байланышы кен издеп, чалгындоодо эң негизги маселелерден болуп эсептелет. Минералдардын физикалык-химиялык касиеттерин изилдеп, алардын өнөр жайда колдонулушун билебиз. Жаңы минералдарды жана алардын кендерин табабыз.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кен байлыктар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.