Акт – аныкталган факт, окуя, аракеттин тууралыгын ырастаган иш кагазы.
у.с.
Ошондой эле анда ар түрдүү кырдаалдар чагылдырылышы мүмкүн: мекеменин кандайдыр-биржумушунун бүтүшү же бүтпөшү,
бир ишканадан экинчиге кандайдыр мүлктүн өткөрүп берилиши, иш кагаздарды кабыл алуу ж.б.
Бул аракеттердин баары ага юридикалык күч берүү үчүн актыланат.
Актылар эреже боюнча жогорку уюмдардын же жетекчинин буйругу менен бекитилген комиссия тарабынан түзүлөт.
Акт түзүүнүн себептери ар түрдүү болушу мүмкүн, буга актынын ар түрдүүлүгүнүн көп сандары кирет:
1. Кадр маселеси боюнча жумушка алуу актысы.
2. Каржылык акт.
3. Соодада тартип бузуулардын актысы.
4. Үйдүн абалын кароо жана текшерүү боюнча акт.
5. Бугалтерияда кассалык накта акчаларды текшерүү актысы.
6. Товар сатып алуу актысы.
7. Эсеп (чыгаша) актысы.
8. Техникалык кароо актысы ж.б.у.с.
Жогоруда көрсөтүлгөн актылар ар түрдүү турмуштук кырдаал- дарда түзүлгөн иш кагаздарына кирет.
Ушуга байланыштуу актыда карала турган көп маселелер бар, акт татаал иш кагаздарынын категориясына кирет.
Ошондуктан актыда көп маалымдаректер колдонулат. Актыда колдонулган маалымдаректер:
1. Мекеменин, уюмдун аталышы.
2. Иш кагазынын аталышы.
3. Акт түзүлгөнкүн.
4. Акт түзүүнүн себептери.
5. Иш кагазынын тексти.
6. Тиркеме.
7. Даярдалган актылардын саны, кимге таратылып берилди.
8. Биринчи жактардын колдору.
9. Биринчи жактардын кызматтары.
10. Акт түзүүчүлөрдүн аты-жөндөрү.
11. Экинчи жактардын кызматтары.
12. Экинчи жактардын колдору.
13. Экинчи жактардын аты-жөндөрү.
14. «Күбөлөр» (алфавит боюнча).
15. Күбөлөрдүн колдору.
16. Күбөлөрдүн аты-жөндөрү.
17. Актылардын бекитилгендиги жөнүндө белги.
18. Жетекчинин кызматы, колу.
19. Иш кагазынын бекитилген күнү.
Иш кагазынын өзгөчөлүгүнө жараша актыда жеке маалым даректер жок болушу же башка менен алмаштырылышы мүмкүн.
Төмөндө бугалтериянын кассасын текшерген актынын үлгүсүн келтиребиз.
Булак - [| Кыргызинфо]
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Акт, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.