Жоомарт Бөкөнбаев (1910―1944) ― акын, драматург, котормочу.
Жоомарт Бөкөнбаев | |
Туулган жери: | Мазар-Сай айылы Токтогул району Жалал-Абад облусу , Кыргызстан |
---|---|
Жарандыгы: | |
Ишмердүүлүгү: | акын |
Чыгармачылык жылдары: | 1927-1944 |
Чыгармаларынын тилдери: |
1924-1926-ж. “Көк-Арт” балдар үйүндө тарбияланган. 1931-ж. Фрунзедеги (азыркы Бишкек шаарындагы) педагогика техникумун, 1935-ж. Москвадагы коммунисттик университеттин бүтүргөн.
1927-ж. “Жер алган кедейлерге” аттуу туңгуч ыры жарыяланган.
1939-ж. “Токтогул” пьесаларын, ошондой эле Жусуп Турусбеков, Кубанычбек Маликов менен бирге “Айчүрөк” операсынын либреттосун (1937) жазган.
“Алтын кыз” (1935), “Добулбас” (1935), “Жоомарттын ырлары” (1936), “Комуз” (1938), “Өчпөс өмүр” (1939), “Өмүр” (1940) ж. б. ырлар жыйнактары чыккан.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдары “Кош Ала-Тоо, уулуң кетти майданга”, “Ата журт үчүн майданга” сыяктуу патриоттук ырларды жазган.
Орус классик акындарынын (А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Н. А. Некрасов) айрым чыгармаларын которгон.
Согуштан кайтып, кызмат боюнча Ысык-Көл боюнда жүргөн кезинде машина кырсыгынан курман болгон.
Анын ысымы азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун акимдик борбору болгон шаарчага ыйгарылган.
Уулу Кулубек Бөкөнбаев кыргыздын пост-советтик доордогу мамлекеттик ишмерлеринен (айлана-чөйрөнү коргоо министри) болгон. Ал - окумуштуу (геолгия-минералогия илимдеринин доктору).
Кызы Сырга Бөкөнбаева – медицина илимдеринин доктору.
Уулу Зайнидин Бөкөнбаев (04.08.1943-12.01.2003).
Жоомарттын жубайы Тенти да чыгаан акын болгон. Кийинчерээк Тенти айым академик Муса Адышевге (1915-1979) турмушка чыгып, Адышева тегатын алган.
«Алтын кыз» поэмасы 1936-жылы орус тилинде жарык көрүп, жыйынтыгында Ж. Бөкөнбаевдин башка чыгармалары да орусчага которулган. Ал көптөгөн обондуу ырлардын текстинин автору.
Ш. Руставели, А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтовдун ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
1934-жылдан ССРС Жазуучулар союзунун мүчөсү.
«Ардак белгиси» ордени менен сыйланган.
«Манас» эпосунун сюжети боюнча фильм тартууга даярдык көрүп жатканда Каза болуп калган
Шамшиев, Бекташ. Кыргыз адабиятынан: Жоомарт Бөкөнбаев. - Бишкек, 1996. (калемдешип жазган).
Пайдаланылган адабияттар:
1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жоомарт Бөкөнбаев, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.