Текст (лат.
2) тил эрежесине ылайык курулган сүйлөмдөрдүн ырааттуу катары. Тексттеги сүйлөмдөрдүн байланышы грамматикалык каражаттар (аралаш сүйлөмдөрдө этиштин чактары же ыңгайлары ээрчишип келет ж. б.), маанилик катыш (ар бир сүйлөм өзүнөн мурунку сүйлөмдөгү маанилик кабарды колдонот) аркылуу ишке ашат.
Сүйлөмдө сөздөр менен интонациялар Тексттеги ролуна жараша жайгашат. Текст куруунун тилдик нормаларын 20-кылымдын 60–70-жылдарынан тартып өнүккөн тил илиминин «металингвистика», транслингвистика, Текст лингвистикасы же сөз анализи деген тармактарды изилдейт. Кең мааниде Текст – тил илиминде ар бир тилдин өз өзгөчөлүктөрүнө ылайык курулган бардык эле сүйлөмдүн иреттүү катары;
3) түшүндүрмөсүз жана тиркемесиз жазылган автордук чыгарма;
4) басма сөз чыгармаларынын иллюстрациядан башка бөлүгү;
5) кегли (өлчөмү) 20 пунктка (7,52 мм) барабар басмаканалык арип.
Тексттин ар кандай маанидеги түзүлүү составдары калыптанган: 1) басылган, жазылган же оозеки формадагы сөз (чыгарма); адабият, фольклор жана жазуунун бардык чыгармасы (текстология). 2) Тил илиминде – тил эрежесине ылайык курулган сүйлөмдөрдүн ырааттуу катары. Тексттеги сүйлөмдөрдүн байланышы грамматикалык каражаттар (аралаш сүйлөмдөрдө этиштин чактары же ыңгайлары ээрчишип келет) маанилик катыш (ар бир сүйлөм өзүнөн мурдагы сүйлөмдөгү маанилик кабарды колдонот) аркылуу ишке ашат. Сүйлөмдө сөздөр менен интонациялар бүт Тексттеги ролуна жараша жайгашат.
Текст куруунун тилдик ченемдерин 20-кылымдын 60–70-жылдарынан тартып өнүккөн тил илиминин «металингвистика», «транслингвистика», «Текст лингвистикасы» же «сөз анализи» деген тармактары изилдейт. Кең мааниде Текст тил илиминде ар бир тилдин өз өзгөчөлүгүнө ылайык курулган бардык эле сүйлөмүнүн иреттүү курамы; 3) Түшүндүрмөсүз жана тиркемесиз жазылган автордук чыгарма; 4) Басма сөз чыгармаларынын иллюстрациядан башка бөлүгү; 5) өлчөмү 20 пунктка барабар басмаканалык арип.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Текст, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.