Эр Төштүк: Кыргыз элинин баатырдык эпосу

«Эр Төштүк» - кыргыз элинин баатырдык дастаны.

Кыргыз дастандарынын эң байыркыларынан. Бул дастандын баш каарманы Төштүктүн «Манас» эпосунда да учурашышынан байкалат.

«Эр Төштүк» түмөндүк татарларда, казактарда, Азербайжанда, Алтайда жашаган элдерде да айтылат. Бирок аларда кара сөз түрүндөгү чакан жөө жомок катары белгилүү. Ал кыргызда гана монументтүү баатырдык ыр дастанга өсүп жеткен. Дастандын сюжетин Төштүктүн каардуу күч менен кармашып, жети жыл жер алдына түшүп кетишин, ал жерде укмуштуу касиеттерге згедер жардамчыларды таап, бир катар айбанаттар менен дос болушун жана түрдүү душмандарды жеңип, жер үстүндөгү акылман аялы Кенжекеге келишин баяндаган окуялар түзөт. Ал окуялар кыргыздардын мифологиялык жана космогониялык ишениминен чыккан түшүнүктөр (жер алдындагы дүйнө, өзү кайнап турган көл жана анын шумдуктуу касиеттери, жалгыз көздүү желмогуздар, жердеги алптар, адамдык касиети да бар жаныбарлар, жети баштуу желмогуз кемпирлер ж.б.) менен эриш-аркак өөрчүйт. Эпостун темасы, идеясы баш каарман Төштүктүн образы аркылуу аныкталат. Төштүк - айтканынан кайтпаган, намыскөй, эр жүрөк, элдик баатыр. Ал элдин каардуу душмандары - Жезкемпир, Кара дөө, Көк дөө, Чоюн кулак алп, Ажыдаарды өлтүрөт. Бул күрөштө Төштүккө дос болгон айбанаттардын жана төрт Маамыттын ролу чоң. Эпосто Төштүктүн баатырдык иши үчүн атайылап жаралган Чалкуйруктун образы да маанилүү орунда турат. Чалкуйрук - баатыр минген ат гана эмес, Төштүктүн досу, кеңешчиси. Анын адамча сүйлөшү байыркы тотемдик, анимисттик түшүнүктөн калган. Кенжекенин образы - аялдардан бардык жакшы касиеттерин типтештирип иштеп чыккан жандуу образ. Ал - ашкан сулуу жана акылдуу жар; Төштүктүн башына түшчү кыйынчылыкты алдын-ала сезип, ага касиеттүү буюмдарды (өгөө, сака, чайинги) жана Чалкуйрукту арнайт. Дастанда Көк дөөнүн кызы Гүлайым Кенжекенин образынын уландысы катары көрүнөт. Ал эми Элеман аркылуу малга кароо, дүнүйөгө саран, ач көз байлардын образы түзүлгөн. Жер астындагы акылдуу аял Быйтынын жана баатыр Конокбайдын образы да баш каармандын образын көп жагынан толуктап турат. «Эр Төштүктүн» 4 варианты белгилүү: 1869-ж. В. В. Радлов жазып алган вариант (1885-ж. «Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү» деген эмгегинин 5бөлүмүнө жарыяланган) жана совет мезгилинде жазылып алынган Ж. Жамгырчиевдин (1927), С. Каралаевдин (1939), К. Суранчиевдин кара сөз түрүндөгү варианттары. «Эр Төштүк» 1958-ж. орус тилине, 1960-ж. француз тилине которулган.

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Интернеттеги шилтемелер

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Эмгек кодексиСаруу (уруу)Калыгул Бай уулуАвстралияАвтоматташтырылган жумуш орунуСот бийлигиМуңгушБүркүтЭнесай Кыргыз кагандыгыИнтерактивдүү окутууБлок-схемаСулайман-ТооКыргыз тилинин тарыхыСын атоочБоз үйдүн ички жасалгасыКыргызстан тарыхыКыргыз тилинин жазуу эрежелериТүрк кагандыгыЫсык-Көл мамлекеттик коругуМанас эпосуИч көбүү (метеоризм)Бенжамен Блумдун таксономиясыИнновацияЖер тобундагы планеталарМоголстанФотосинтезКусууМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?ТажикстанИч катууӨлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиАлымбек даткаАрабдарЛексикалык мааниБишкекБактерияМүчөБиринчи жардамАлгоритмОсмон империясыДарыяАныктоочАт жабдыктарыКыргыз жазмасыКурактык психологияНамазАбдыкерим СыдыковҮй-бүлөБөйрөк оорусуСапарлашДүйнөлүк диндерБашкарууЭкологиялык факторлорДидактикалык оюндарПедагогикаФольклористика же фольклор таанууСпиртАнжиян көтөрүлүшүЖүлүнТеңир-ТооКөп маанилүү сөздөрТике сөзТалас облусуЖазгыч акындарКеп маданиятыРельефтин жалпы мүнөздөрүКыргызстан Түрк кагандыктарынын курамындаМамлекет жана укук теориясыБугу жана сарыбагыш урууларынын чабышыИдеяТогуз коргоолСүйүнбай ЭралиевСүйлөмКыргыз элдик оозеки чыгармаларМанастын варианттарыБаланын чачын алып, кыркын чыгаруу🡆 More