Кыргызча күдөрдүн аталышы төмөндөгүдөй:
Бир аптада 7 күн:
ISO | Кыргызча | Түркчө | Орусча | Англисче |
---|---|---|---|---|
1 | Дүйшөмбү | Pazartesi | Понедельник | Monday |
2 | Шейшемби | Salı | Вторник | Tuesday |
3 | Шаршемби | Çarşamba | Среда | Wednesday |
4 | Бейшемби | Perşembe | Четверг | Thursday |
5 | Жума | Cuma | Пятница | Friday |
6 | Ишемби | Cumartesi | Суббота | Saturday |
7 | Жекшемби | Pazar | Воскресение | Sunday |
Күндөрдүн аталышынын мааниси
Фарс тилинде "шанбе" сөзү - "күн, аптанын күнү" деген маанини билдирет. Кыргыз тиленде уңгусу "шемби" деп жана ар бир сөз мүчөсүнө кошулганда уңгусу өзгөргөн:
шанбе | күн | и - шемби |
йакшанбе | (йак – бир, шанбе) | жек - шенби |
душанбе | (ду – эки, шанбе) | дү - й - шөнбү |
сешанбе | (се – үч, шанбе) | ше - й - шемби |
чоршанбе | (чор – төрт, шанбе) | шар - шемби |
бешшанбе | (беш – беш, шанбе) | бе - й - шемби |
Жума күнү араб тилинен алынган жана "чогулуу" дегенди билдирет. Жума күнүн өзгөчөлүгү жана баалуулугу Ислам дининде кеңири баяндалган. "Жума күнү Жума намазын мечиттерде жамаат менен окуп, жараткандын алдында милдеттерин аткаруу чоң ибадаттардын бири болуп эсептелет."
Апта күндөрүн башкача кандай айтып колдонобуз
Биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы күн деп жана Жекшемби күнүн (7-күндү) кееде "базар" күн деп да айтылат, түрк тилинен "pazar" - базар, аларда "pazar günü" дешсе биз базар күнү деп колдонобуз. Чынында базарга барсаң эл толуп, соода сатык дүркүрөп турган күн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Күндөрдүн аталышы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.