Укук

Укук — 1) объективдүү маанисинде алганда мамлекет тарабынан белгиленген жана анын мажбурлоо мүмкүнчүлүгү аркылуу камсыз кылынуучу (позитивдүү укук), же болбосо адамзаттын акыл-эсинин табиятынан келип чыгуучу, жалпыга милдеттүү социалдык ченемдердин (жүрүм-турум эрежелеринин) тутуму; мамлекеттен жана мыйзамдан жогору туруучу императив (табигый укук).

Укук жазылма (статуттук, прецеденттик) жана демейки, динден тышкары жана диний, улуттук жана эл аралык болуп бөлүнөт. Укук тутум катарында, ар биринин өзүнүн жөнгө салуу заты жана өзүнчө өзгөчө белгилери бар бир кыйла укук тармактарына (м.: жарандык укук, конституциялык укук, үй бүлө укугу, эмгек укугу, кылмыш-жаза укугу), тармакчаларына (м.: автордук укук., мурастоо укугу ж. б.), тармактар аралык юридикалык ченемдик комплекстерге (банк укуктары, ишкердик укуктары) ажырымдалат. Укукту салыштырма укук таанууда да өзүнчө укук тутумдарына («укуктук үй бүлөлөргө») бөлүштүрүшөт: роман-герман (континенттик), англо-америкалык, мусулмандык, салттык жана социалисттик; 2) субъективдүү маанисинде алганда, адамдын, мамлекеттик органдын, элдин, мамлекеттин жана башка субъекттин мүмкүн болуучу жүрүм-турумунун түрү жана чарасы (юридикалык укук).

Колдонулган адабияттар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7

Tags:

Жарандык укукКонституциялык укукКылмыш-жаза укугу

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Барсбек каганМүчөИлимий техникалык прогрессМамлекетИч өткөкЧыңгыз ханКасымалы ЖантөшевСинонимАвтоматташтырылган жумуш орунуПовестьЖер тобундагы планеталарСабира КүмүшалиеваТыбышЖергиликтүү өз алдынча башкарууЫкташууЭпосКокон хандыгыСейтек эпосуНаристе балдарКаада-салт ырларыГрамматикаОозул (стоматит)Мамлекет жана укук теориясыПунктуацияАйСулайман-ТооЖарандык укукНаймандарЛегендаСан атоочСырдык сөзТөл сөзКыргызстандын Россияга каратылышыКызамыкКөптүкMicrosoft WindowsЭстетикалык тарбияФольклористика же фольклор таанууСалыкМуңгушМаалымат технологиясыБарпы Алыкул уулуИлимТамеки чегүүСөздүк (лингвистика)МейкиндикТерапияПопуляцияГолографияМендель мыйзамдарыМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыТермодинамикаКыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүНатуралдык санТермелүү кыймылыӨнөр жайОрфоэпия (лингвистика)МанипуляцияОкутуунун жаңы технологияларын пайдаланууБийликтин бөлүнүшүОй жүгүртүүЖарык интерференциясыМар БайжиевАдыгине (уруулук топ)Чүчөк (энтеробиоз)Тоо арасында (роман)Татаал сөздөрдүн жазылышыТамак сиңирүү системасыКыргызстандын гербиДрамаШабдан баатырМүнөз (психология)Кош сөздөрФольклордун түрлөрү жана жанрларыИнновацияПадышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясатыУйгур кагандыгыДүйнөлүк океан🡆 More