Бөйрөк Оорусу

Интеренеттеги шилтемелер http://lady.kg/node/3506 Archived 2017-01-06 at the Wayback Machine

                                                                          Бөйрөк оорусу Бөйрөк – дененин эң маанилүү органдарынын бири. Ал организмден зааранын чыгуусуна жооп берет. Анын эң маанилүү экендигин билсек да бөйрөккө анчалык деле кам көрө бербейбиз. Буга азыркы күндө бөйрөк ооруларынан жабыркагандардын күн санап өсүп жаткандыгы далил. Мындай коркунучтуу жагдайдын алдын алуу үчүн алгач бөйрөктү иштен чыгаруучу көнүмүш адаттардан арылуу керек. 
                                                                   Ооруну басаңдатуучу каражаттар 
Кандай гана оору болбосун, ооруну басаңдатуучу дары-дармектерди колдонобуз. Тилекке каршы, алар бөйрөктүн иштешин үзгүлтүккө учурата турган бирден-бир себеп болуп саналат. Ооруну азайтуучу каражаттарды көп колдонуу кандын агуусун азайтып, анын натыйжасында бөйрөктүн иштеши начарларын изилдөөлөр далилдеген. 
                                                                        Белогу көп азыктар 
 Белокко бай азыктарды жана этти көп колдонуу бөйрөктүн иштешин начарлатат. Анткени организмде белоктун көбөйүшүнөн зат алмашуу тездеп бөйрөккө күч келет. Бардык ашыкча белоктор организмден бөйрөк аркылуу чыккандыктан жүк болот. Жыйынтыгында бөйрөк өз ишин жакшы аткара албай калып таш пайда боло баштайт. 
                                                                             Кофеин 
 Газдалган таттуу суусундуктар менен кофенин курамында кофеин бар. Кофеин болсо заараны көп бөлүп чыгаруучу касиетке ээ. Жыйынтыгында организм кургап, бөйрөк куру бекерге иштөөгө туура келет же күч менен иштейт да, акырындык менен иштен чыга баштайт.                                                                       Алкоголь жана тамеки 
 Адистердин айтымында, алкоголь менен тамеки бөйрөк үчүн эле эмес, организмдеги ар бир орган үчүн коркунучтуу. Бөйрөк ооруларынын дээрлик 90 пайызынын себеби мына ушул терс адаттар экендиги аныкталган. Анткени алкоголь менен тамекиден организмге көп сандаган токсиндер барат. Алар менен күрөшүүдө бөйрөк үч эсе көп күч жумшайт. 
                                                                       Сууну аз колдонуу  Организмдин кургап кетүүсү эң коркунучтуу. Бөйрөктүн негизги функциясы эритроциттер менен зат алмашуу каналын жөнгө салуу болуп саналат. Ал эми суу болсо организмдеги бардык жаман нерселерди сыртка айдап чыгат. Ошондуктан бөйрөк өз кызматын үзгүлтүксүз аткарып туруусу үчүн кадимки таза сууну көп колдонуу сунушталат.  
                                                                        Натрийдин көп өлчөмү 
 Организмде натрийдин көбөйүшү да бөйрөктүн иштешин бузат. Тузду көп колдонуудан организмде суу-туз алмашуу процесси бузулат жана бөйрөктө туз, кум пайда боло баштайт. Андыктан тузду азыраак колдонуу керектигин дарыгерлер сунушташат.                                                                         Уйкунун жетишсиздиги 
 Аз уктоонун натыйжасында бөйрөктүн ткандары толук калыбына келбейт. Анткени бөйрөктүн ткандарынын калыбына келүү процесси дал түнкүсүн ишке ашат. Андыктан кеч жатып, эрте туруудан бөйрөк жабыркайт. Суткасына 7 сааттан аз уктабоо керек.                                                                        В6 витамининин жетишсиздиги 
 Эгер бөйрөгүңүз өз кызматын нормалдуу аткарсын десеңиз, анда В6 витаминин күнүнө орточо 1,3 миллиграмм өлчөмүндө колдонуңуз. Бул витамин цитрус өсүмдүктөрүнөн башка жашылча-жемиштерде, балыкта, тоокто, грек жаңгагында жана картошкада бар.                                                                        Заараны көпкө кармап жүрүү 
 Заара ушаткыбыз келсе да дааратканага баргандан эринип отура беребиз. Заараны көпкө сактоо бөйрөккө күч келтирет да, бөйрөк кемтиги оорусуна жана ар кандай инфекциялардын пайда болушуна алып келет.  
                                                                          Диеталар  Диетаны өтө катуу кармоодон организмдеги майлар активдүү эрийт жана организмдеги заттардын табигый тең салмактуулугу бузулат. Бул бөйрөккө терс таасир этет. Бөйрөк канды күч колдонуу менен тазалап, пайдалуу заттарга ээ боло албай калат. 

Tags:

БалыкБелокБөйрөкГазДиетаЗаараНатрийОрганОрганизмТамекиТоксиндерУйку

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

АнтонимЖылкыБелокКаакымМанасЛандшафтСолтоКыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүТатаал сөздөрСадыр ЖапаровТаттыбүбү ТурсунбаеваЖаратылыш комплексиИтМанас КүмбөзүАкчаГеометрияКөкө уулу ЖеңижокМанастын сунушу боюнча кыргыздардын өз жерине көчүп келгениЧуст маданиятыАркар, кулжаКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиМаалымат технологиясыКомузТалас облусуЖантай БаатырЖаңылмачЭссеПомидорБириккен Улуттар УюмуАк куйруктуу суу бүркүтТерроризмИлбирсИчки Теңир-ТооБуйрук сүйлөм«Көкөтөйдүн ашы»Кыргыз сүрөт өнөрүЗардалы (Баткен району)Айлана-чөйрөнү коргооЦин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы күрөшүСарыкСибирь кыргыздарыГенетикаДаникеев, ӨскөнТабигый ресурстарАбдыкерим СыдыковНүзүп бий Эсенбай уулуКалашников автоматыЫсык-КөлКекеева Жаӊылай СабырбековнаКосмонавтикаКыргызстандагы таш дооруАба (атмосфера)ХундарСатурнМээАялдардын улуттук баш кийимдериМенеджментЭр ТабылдыКан айланууТөлөгөн КасымбековДидактикаТик бурчтукТайлак баатырМектепке чейинки педагогикаКалмактарЖерИзраильТике сөзСуу сактагычСан атоочБөлчөк (арифметика)ПедагогикаБүбүсара БейшеналиеваКыргыз сомуЖаныбек казыМутациялык селекция🡆 More