Сыдык уулу Осмонаалы - кыргыз элинин эң биринчи тарыхчы-окумуштуусу.
Ал 1875-жылы Пишпек аземинде, Темирболот айылында (азыркы Кочкор району, Чолпон аймагы) туулган. Өз атасы Кыдык, бирок белгисиз, аныкталбаган себептер менен Сыдык болуп келген. Осмонаалыдун бала кезинде эле энеси каза болуп, чоң атасынын колунда өсүп келген. Чоң атасынын колунда жүргөндө инсан билимди жакшы ала алган эмес жана бул алган сабактары аны канаттандырган эмес. Ошондуктан, кийинчирээк бир ажуман идалбеп
Сыдык уулу Осмонаалы | |
Туулган датасы: | 1875 жыл |
---|---|
Туулган жери: | Пишпек аземинде, Темирболот айылында |
Өлгөн датасы: | |
Өлгөн жери: | Текес, Шинжаң-Уйгур автоном району |
Кыргызстандын азыркы Нарын облусуна караштуу Кочкор өрөөнүндөгү Абайылда болушунун Кызыл-Дөбө айылында туулган.
Анын аталаш агасы Канат дубанга таанымал сабаттуу (молдо) киши болгон. Осмонаалы да өз айылында мектепте окуп, кийин Бухарадагы диний жогорку окуу жайын (медресени) бүтүргөн. "Алаш" партиясынын бирдемеси
Бир катар жылдары Чүй өрөөнүндө мугалим болуп иштеген. Совет доорунда Пишпектеги (азыркы Бишкек) окуу жайларында, бир катар мектептерде сабак берген.
1920-жылдардын акыркы - 30-жылдардын башында Сталиндик куугунтуктоолор доору башталганда Кытайга кетип калган.
Чыгыш Теңир-Тоодо (Текесте) бозгунда жүрүп каза болгон. (Соңку такталган үй-бүлөлүк маалыматтарга караганда, ал 1940-жылы эмес, 1942-жылы кайтыш болгон экен).
1913-жылы Башкортостандын Уфа (Өфө) шаарында “Мухтасар тарых-и Кыргызийа” (“Кыргыздардын кыскача тарыхы”), ал эми 1914-жылы болсо - “Тарых-и кыргыз Шадманийа” (“Шабданга багышталган кыргыз тарыхы”) деген эмгектери басылып чыккан.
Бул эки чыгарма тең бир китеп болуп 1986-ж. Үрүмчү шаарында (Кытай) араб ариби менен кыргызча кайра жарыяланган.
Китептин айрым бөлүктөрүн жазуучу Кеңеш Жусупов айтылуу “Ала-Тоо” журналында жана “Кыргыздар” көп томдук эмгегинде жарыялаган.
Кыргызстандын пост-советтик эгемендик доорунда Осмонаалынын бул китептери кеңири калайыкка таанымал болду.
1930-жылы аны эл душманы катары камакка алышып, бир жылдан кийин, 1931-жылы атууга өкүм чыккан.
Жаза аткарылганга чейин аны Ташкент түрмөсүнө которушкан.
Мына ошол жолдо абактан абакка баратканда, Осмонаалы кайтарып алып бараткан аскер кызматкери менен кармаша кетип, куралчан аскер бычагын пайдаланган. Ошол бычактан экөө тең жаракат алып, кансырап жатышкан. Натыйжада аскер кызматкери курман болгон.
Осмонаалы болсо, ошол жердегилердин жардамы менен (колунун манжалары кесилген) аман калып, андан ары жол улап Жаныбек казыга барып баш калкалап, ал аркылуу Кытайга кирип кеткен.
Ал 1942-жылы Чыгыш Теңир-Тоодо (азыркы КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районунун аймагында) Текес жергесиндеги кыргыз айылында безгек оорусунан каза болгон.
2010-жылдын февралында (бирдин айында) Бишкектеги Кыргыз улуттук китепканасында "Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет" аттуу китеп-көргөзмө уюшулду.
Кыргыздын тунгуч агартуучусу жана тарыхчысы Осмонаалыдун 135 жылдыгына арналган бул китеп көргөзмөгө анын китептери, макалалары, ал жөнүндөгү маалыматтар, тарыхый сүрөттөр коюлган. Иш-чарага кызы Шарифа Осмонаалы кызы, неберелери, жазуучу Мелис Абакиров, Бактыбек Максүтов, "Кыргыз Туусу" гезитинин ошол кездеги башкы редактору, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, жалпыга маалымдоо каражаттары, илимий жана маданий кызматкерлер катышты.
2014-жылы 7-августта (баш оонанын 7синде) Нарын облусундагы Кочкор районунун борбору Кочкор кыштагындагы Маданият үйүндө тарыхчы Осмонаалыдун тарых жаатындагы китептеринин жарык көрүшүнүн 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Ага кыргызстандык тарыхчы илимпоздор, акын-жазуучулар, коомчулук өкүлдөрү жандуу катышты. Тарыхчынын кызы Бүбүш Осмоналиева бул иш-чараны уюштургандарга терең ыраазычылыгын билдирди.
Осмонаалы тууралуу кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур, кыргызстандык тарыхчылар Арслан Капай уулу Койчиев, Тынчтыкбек Чоротегин, Мурат Кожобеков, жазуучу, публицист Кеңеш Жусупов жана башка изилдөөчүлөр макалалар жана башка изилдөө эмгектерин жазышты.
Осмонаалы тууралуу кызы Шарифа Садыкова, Бүбүш Осмонаалы кызы калтырган макалалар да маанилүү.
2.Нурислам,Бекжандын айтуусу боюнча.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сыдык уулу Осмонаалы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.