Талас облусу - Кыргызстандын түндүк батыш жагынан орун алган, өлкө ичиндеги территориясы жана калкынын саны жагынан эң аз жана чакан облус.
Жалпы аянты 11 400 км², калкынын саны 2022-жылдагы эсеп боюнча 274 029 адамдан турат. Облустун борбору Талас шаары эң алгач кыштак катары 1877-жылы негизделген. Талас 1913-жылга чейин Ак-Чий кыштагы деп аталып, орус бийлигинин орношу менен бул жер Дмитриевка деп өзгөртүлүп, Дмитриевка борбор катары шаар деп белгиленет. Бирок Талас облусу аймак катары 1944-жылга чейин Чүй облусунун бир бөлүгү катары эсептелинип келген. 1944-жылы СССРдин Жогорку Советинин 22-июндагы чечимине ылайык Кыргыз ССРинин курамында облус катары уюштурулуп, борбору кайрадан мурдагы аталышы Талас шаары болуп аталган. 1956-жылы 18-февралда Фрунзе облусуна кошулуп, 1962-жылы бул облус жоюлган соң анын аймагындагы Талас району, Киров (Азыркы Кара-Буура) району жана Ленинполь (Бакай-Ата) району Республикага түз баш ийдирилген. Аймактык жактан 1980-жылдын 3-сентябрынан тартып 1988-жылдын 5-октябрына чейин азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул району Талас облусунун курамында болгон. Кыргыз Республикасы Эгемендүү Республика катары жарыяланганы Талас облусунун территориясы башка аймактардын эсебинен өзгөрүлө элек. Ошондой эле облустун курамына 4 район, 36 айылдык округ, 90 айыл, 1 шаар тибиндеги кыштак кирет.
Талас облусу | |||
| |||
Өлкө: | Кыргызстан | ||
---|---|---|---|
Абалы: | Облус | ||
Курамында: | 1 шаар, 4 район | ||
Акимий борбору: | |||
Түзүлгөн убакыты: | |||
Ыйгарым өкүлү: | Эралиев Дастан | ||
Расмий тили: | |||
Калкы (2019): | 263 500 | ||
Жыштыгы: | 20,33 адам/км² | ||
Жер аянты: | 11 400 км² | ||
Саат алкагы: | |||
ISO 3166-2 коду: | KG-T | ||
Унаа коду: | T, 07 | ||
Расмий сайты |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Талас облусу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.