«Букара» Союзу – Пишпек уездиндеги кыргыздардын кедей жана орто дыйкандарын бириктерген демократиялык уюму.
Имаш Көбөков менен Бакретдин Саипбаевдин демилгеси боюнча 1917-ж. май айында түзүлгөн. «Букара» союзунун программасы элдин таламын коргоону, кыргыз элинин революциячыл аң-сезимин көтөрүүнү, демократиялык негизде жана мыйзамдуулукка таянып, кыргыз коомчулугунун турмушун жөнгө салууну белгилеген. Союздун уюштуруу съезди 1917-ж. 9–10-сентябрда Пишпекте өтүп, анын башкармасынын төрагалыгына Казан университетинин юридикалык факультетинин студенти Кожомурат Сарыкулаков, орунбасарлыгына И. Көбөков, Б. Саипбаев жана А. Барменов шайланган. Союздун алдында кооперациялык керек-жарак коому түзүлүп, ага 7159 адам мүчө болуп кирген. 1918-ж. ноябрда анын мүчөлөрүнүн саны 5 миңге жетип, Түркстандагы эң ири коом болгон. «Бухара» союзу большевиктердин жетекчилиги астында Кыргызстандын түндүгүндө Совет бийлигин орнотууда жана чыңдоодо зор роль ойногон. Ал 1918-ж. май айында «Кыргыз пролетарларынын совети» болуп кайрадан түзүлгөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article «Букара» биримдиги, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.