Жыл сүрүү – салттуу турмушта мезгилдин агымын, окуянын мөөнөтүн, кишинин жашын ж.б.
эсептөө ыкмасы. Кыргыздарда жыл сүрүү кайталанма мүнөзгө ээ. Кыргыздын элдик жыл сүрүүсү 12 жаныбардын аты менен аталган:
Кишинин жашын аныктаганда кайсы жылы төрөлсө ошондон баштап ирети бузулбай санала берген. Он эки жыл толук айланып, он үчүнчүгө кеткенде мүчөл жыл деп айтылган. Биринчи мүчөлдү 12 эмес, 13 деп эсептелгени адамдын курсакта жатканын кошуп эсептөөгө байланыштуу. Адамдын жашын аныктап билгендерди жыл сүргүчтөр деп аташкан. Алар төрөлгөн жылына карата жашын, жашына карата төрөлгөн жылын аныкташкан.
"Манас" эпосунда Семетей он экиге чыкканда Таласка келип, Бакайга жолугат. Өзүнүн Семетей экендигин билгизбей аны сынап турганда Бакай жылды эсептеп Семетейдин келер жылы быйыл экендигин, аны күтүп жүргөндүгүн айтат: Жыл эсебин алайын, Эми жылды катка салайын, Ал эле чычкан, ал эле уй, Ал эле жылкы, а да барс Ал эле коён, ал жылан, Ал эле тоок, ал улуу, Ал эле мечин, а да кой, Ал эле доңуз, ал эле ит, Айкөлдөн калган кулунум, Өлбөй жүрсө Семетей Быйыл он экиге толгон кез (Саякбай Каралаев, “Семетей”, 1. 230).
Кыргыз элинин уламыштарынын биринде анын келип чыгуу себеби төмөндөгүдөй баяндалат: чыгып келаткан күндү биринчи көргөн жандын атынан жыл эсеби башталат дегенди угуп, таң аткыча уктабай чыгыш тарапты карап турган төөдөн акылдуулук кылып, анын төбөсүнө (кулагына) чыгып алган чычкан таңкы күндү биринчи көргөндүктөн, жыл эсеби анын атынан аталып калган; буга ачууланган төө жыл эсебине таптакыр кирбей койгон имиш.
Жыл сүрүүнүн 12 жылдык циклинин биринчи жылы “чычкан”, экинчиси “уй”, үчүнчүсү “барс”, төртүнчүсү “коён”, бешинчиси “улуу” (кытайча “лу” – “ажыдаар”), алтынчысы “жылан”, жетинчиси “жылкы”, сегизинчиси “кой”, тогузунчусу “мечин” (“маймыл”), онунчусу “тоок”, он биринчиси “ит”, он экинчиси “донуз”аталат.
Кыргызча жыл сүрүүнүн азыркы календарь б-ча берилиши
Чычкан | 1996 | 2008 | 2020 | 2032 | 2044 | 2056 | 2068 | 2080 | 2092 |
Уй | 1997 | 2009 | 2021 | 2033 | 2045 | 2057 | 2069 | 2081 | 2093 |
Барс | 1998 | 2010 | 2022 | 2034 | 2046 | 2058 | 2070 | 2082 | 2094 |
Коён | 1999 | 2011 | 2023 | 2035 | 2047 | 2059 | 2071 | 2083 | 2095 |
Улуу | 2000 | 2012 | 2024 | 2036 | 2048 | 2060 | 2072 | 2084 | 2096 |
Жылан | 2001 | 2013 | 2025 | 2037 | 2049 | 2061 | 2073 | 2085 | 2097 |
Жылкы | 2002 | 2014 | 2026 | 2038 | 2050 | 2062 | 2074 | 2086 | 2098 |
Кой | 2003 | 2015 | 2027 | 2039 | 2051 | 2063 | 2075 | 2087 | 2099 |
Мечин | 2004 | 2016 | 2028 | 2040 | 2052 | 2064 | 2076 | 2088 | 3001 |
Тоок | 2005 | 2017 | 2029 | 2041 | 2053 | 2065 | 2077 | 2089 | 3002 |
Ит | 2006 | 2018 | 2030 | 2042 | 2054 | 2066 | 2078 | 2090 | 3003 |
Донуз | 2007 | 2019 | 2031 | 2043 | 2055 | 2067 | 2079 | 2091 | 3004 |
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жыл сүрүү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.