Жөндөмө - флексиялуу жана агглютинациялуу тилдерде атооч сөздөрдү сүйлөм тизмегиндеги башка сөздөр менен байланыштыруучу грамматикалык категория.
Кыргыз тилинде зат, затташкан сын, сан атоочтор, атоочтуктар, кыймыл атоочтор жөндөлөт. Дүйнө жүзүндөгү тилдерде жөндөмөлөрдүн саны ар түрдүүАзыркы кыргыз тилинде алты жөндөмө (атооч, илик, барыш, табыш, жатыш, чыгыш) бар. Байыркы мезгилде багыт (-гару), курал (-ын) жөндөмөлөрү да болгон.
Кыргыз тилиндеги сөздөргө жалганган жөндөмө мүчөлөр сөздүн үндүү, үнсүз тыбыш менен аяктаганына, үндөштүк законуна, ассимиляцияга ылайык ар кандай вариантта болот (мис.: -нын, -нин, -нун, -нүн; -дын, -дин, -дун, -дүн; тын, -тин, -тун, -түн; -га, -ге, -го, -гө; -ка, -ке, -ко, -кө ж.б.)
Кыргыз тилиндеги сөздөр үч түрдүү жөндөмө мүчө кабыл алат.
Биринчи түргө таандык мүчөлөрдү кабыл албаган, ат атоочтон башка сөздөрдүн жөндөлүшү (жөндөмө мүчөлөрү: илик -нын, барыш -га, табыш -ны, жатыш -да, чыгыш -дан);
экинчи түргө ошол эле сөздөрдүн таандык мүчөлөрдү кабыл алган түрүнүн жөндөлүшү (жөндөмө мүчөлөрү: илик -(н) ын, барыш -а, табыш -(н) ы, жатыш да, чыгыш -ан);
үчүнчү түргө ат атоочтордун жөндөлүшү (жөндөмө мүчөлөрү: илик -ын, барыш -га, табыш -ы, жатыш -да, чыгыш -дан) кирет.
Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жөндөмө, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.