Шүкүрбеков Райкан

Райкан Шүкүрбеков (1913–1964) — 1913-жылдын 23-майында Талас облусунун Ак-Чий деген айылында туулган.

1933-жылы Кыргыз педтехникумун бүтүргөн. Драма театрында артист, филармонияда адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Көптөгөн көркөм китептердин автору. Сатиралык, лирикалык жана башка чыгармалары кеңири белгилүү. Драмалык чыгармалары көп убакыт бою республиканын сахналарында коюлган.

Жазуучулар союзунун мүчөсү. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталарынын ээси. 1962-жылы дүйнөдөн кайткан.

Драматург, жазуучу жана акын Райкан Шүкүрбеков Киров районундагы Ак-Чий айылында 1913-жылы туулган. 1923–1926-жж. Олуя-Ата шаарындагы мектеп-интернатта тарбияланып, 1928-жылы Фрунзе шаарындагы жети жылдык мектепте окуйт.
Р.Шүкүрбековдун 1929-жылы «Жаркынай» аттуу аңгемеси «Жаңы маданият жолунда» аттуу журналга жарыяланган. 1929–1933-жж. педтехникумда окуп, 1933-жылдын аягына чейин театр, филармонияда иштеп, театр сахнасында 20 жылдан ашык убакыт ар түрдүү ролдорду аткарган.
1933–1936-жж. Р.Шүкүрбеков «Күрөш», «Айдар», «Бейит арасында», «Жапалак Жатпасов» аттуу комедияларды жазып, мамлекеттик кыргыз драма театрынын сахнасында коюлган.
Р.Шүкүрбековдун «Too элинин баатыры» аттуу повести Самаркан шаарында 1936-жылы басмадан чыккан. 1936–1937-жж. орус адабиятынын классиктери А.П.Чеховдун, М.Горькийдин бир топ аңгемелерин которгон. Р.Шүкүрбеков «Менин айлым», «Жашыл токой», «Эки жол», «Бир эшиктин тарыхы», «Каныкей» сыяктуу драмалык чыгармалардын автору. Чыгармалары орус жана поляк тилдерине которулган.
Р.Шүкүрбеков 1936-жылдан СССР Жазуучулар, СССР Журналисттер союздарынын мүчөсү болгон. Р.Шүкүрбековдун адабияттагы жана искусстводогу эмгеги жогору бааланып, «Эмгек Кызыл туу» ордени, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн» медалда-ры, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Грамотасы менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде

  • Too элинин баатыры: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1936. – 127 б.
  • Салам кат: Балдар үчүн аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 12 б.
  • Эки бөжөк: Жомок. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 23 б.
  • Ырлар жана тамсилдер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 207 б.
  • Кыргыз тоосунда: Балдар үчүн ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 24 б.
  • Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 27 б.
  • Ала-Тоо жаңырыгы: Ырлар жана тамсилдер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 223 б.
  • Менин айылым. 4 көшөгөлүү комедия. К-пте: Пьесалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 284-347-б.
  • Карга: Балдар үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 25 б.
  • Жакшынын шарапаты. 4 көшөгөлүү комедия. – «Ала-Тоо», 1959, – № 4.
  • Жол: Аңгеме. Китепте: Эмгек сыры. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960, 329 – 338-б.
  • Иттин жомогу: Балдар үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 25 б.
  • Карга: Сатира. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 15 б.
  • Түлкү менен Теке: Жомок. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 15 б.
  • Балдарга: Ырлар, жомоктор, аңгемелер жана пьеса. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 290 б.
  • Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 292 б.
  • Тандалган ырлар. (Түзгөн К.Каимов). – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 380 б.
  • Балдарга: Ырлар, жомоктор, аңгемелер жана пьеса. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964. – 120 б.
  • Жарыяланбаган чыгармалар. (Түзгөн К. Бектенов). – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 152 б.
  • Пьесалар: Комедия жана драма. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 287 б.
  • Too элинин баатыры. Өспүрүмдөр үчүн: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1969. – 108 б.
  • Райкандын интермедиялары. (Түзгөн К.Бектенов). – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 123 б.
  • Камкаймак: Повесттер жана ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 240 б.
  • Жинди суу: Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 17 б.
  • Эки бөжөк. Жомок. – Ф.: Мектеп, 1976. – 13 б.
  • Чыгармалар: Ырлар, интермедиялар, аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1977. – 122 б.
  • Пьесалар жана интермедиялар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 312 б.
  • Ырлар жана тамсилдер. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 136 б.
  • Термелер: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1985. – 112 б.
  • Эки эчки: Тамсил-жомоктор: (Басни-сказки). – Ф.: Мектеп, 1985. – 24 б. – кырг., орус.
  • Райкан: Ырлар, термелер, сатиралар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 240 б.
  • Райкан: Тандалган ырлар, тамсилдер, термелер. – Б.: Кыргызстан, 1997. – 332 б.

Орус тилинде

  • Два зайчонка: Сказка. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1958. – 26 с.
  • Эхо Ала-Тоо. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 183 с.
  • Эхо Тянь-Шаня. – М.: Молодая Гвардия, 1958. – 55 с.
  • Лиса и козел. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1959. – 20 с.
  • Ворона. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1960. – 23 с.
  • Два зайчонка: Сказка. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1960. – 23 с.
  • Звени комуз: Сборник стихов. –Ф.: Киргизгосиздат, 1962. – 180 с.
  • Два зайчонка: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1977. – 12 с.
  • Стихи, интермедии, рассказы. – Ф.: Мектеп, 1977. – 124 с.

Польша тилинде

  • Два зайчонка: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1981. – 14 с.

Котормолору

  • Грибоедов Л.С. Акылдан азап. 4 көшөгөлүү ыр менен жазылган комедия. – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 147 б.
  • Чехов А.П. Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1954. – 43 б. (К.Эшмамбетов менен бирге).
  • Крылов И.А. Тамсилдер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 144 б.
  • Горький М. Бороон кабарчысы жөнүндө ыр. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 7 б.
  • Афган акындары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 29 б.
  • Фирдоуси. Шах-нама (Шах-намадан дастандар). – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 242 б.
  • Түштүк Чыгыш Азия акындарынын ырлары. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 31 б.
  • Фирдоуси. Рүстөм-Дастан (Шах-намадан). – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 261 б.
  • Фирдоуси. Шах-намэ. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1961. – 265 с.
  • Крылов И.А. Тамсилдер. – Ф.: Мектеп, 1973. – 40 б.
  • Грибоедов А.С. Акылдан азап. 4 көшөгөлүү ыр менен жазылган комедия. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 123 б.
  • Крылов И.А. Тамсилдер. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 72 б.
  • Эки бөжөк: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1977. – 12 б.
  • Крылов И.А. Инелик менен кумурска: Тамсилдер. – Ф.: Мектеп, 1979. – 44 б.
  • Крылов И.А. Ийнелик менен кумурска: Тамсилдер. – Ф.: Мектеп, 1982. – 14 б.

Колдонулган адабияттар

Tags:

Шүкүрбеков Райкан Жарык көргөн китептериШүкүрбеков Райкан КотормолоруШүкүрбеков Райкан Колдонулган адабияттарШүкүрбеков РайканТалас облусу

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

КомпьютерКыргызстандагы металлдарКулпунайКоёндор жапайыДидактикалык чыгармаларТартылууКанКожомбердиев ТурарМуун (лингвистика)Чүй облусуМеталлКант диабетиОкутуу методуМайрамкан АбылкасымоваРельефтин жалпы мүнөздөрүЖөтөлгө каршы дарыларАныктоочТромбоциттерДен соолукУсубалиев Турдакун УсубалиевичБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыАйлардын кыргызча аталышыКедейкан (эпос)МоголстанТоп жылдызОрозбак уулу СагымбайАйыл чарбаРоботСак уруусуКен байлыктарАк Мөөр (поэма)КоммуникацияТактоочСезүү мүчөлөрүМамыр Мерген уулуКыргыз алфавитиЭлектрондук китепканаЭр ТөштүкКыргыз композиторлоруБелокЭне-Сай кыргыздарынын чарбасыСайтКызгалдакӨнөр жайЭлдик революцияКуйручук (Кудайберген Өмүрзак уулу)Альберт ЭйнштейнСан атоочЖарык басымыЖайлооАтама сүйлөмСалыштырма каршылыкУсун мамлекетиЭркин сөз айкашыЖоомарт БөкөнбаевБиогеоценозМинералдуу суулар (Кыргызстан)Мүчө«Жаныш-Байыш» эпосуБүбүсара БейшеналиеваЖүрөкТөл сөзБилим берүүКол өнөрчүлүкАмин кычкылдыктары (аминокислота)Туруктуу өнүгүүБабурТянь-Шандын түндүк тизмегиМолдо НиязЭлектр тогуКумурскаХайду ханУйку безиЖарандык укукТабият кырсыктарыЧүй өрөөнүСанат-насыят ырларыСуу ЧечекЖумушсуздук🡆 More