Мультимедиа (Multimedia) – экранда маалыматты (текстти жана графиканы) үн жана кыймыл менен бириктирүүнү камсыз кылуучу атайын программалык жабдык.
Бул макаланы «Мултимедиа» макаласы менен бириктирүү сунушталууда. |
Колдонуучудан баскычтоп же чычкан аркылуу киргизилген белгини (сигналды) кабыл алып, ага жооп берүүчү мультимедиа колдонмолору интерактивдүү мультимедиа болуп эсептелет. Интерактивдүүлүгү жогору мультимедиа колдонмолору, кандайдыр бир маселени аяктоо үчүн материалдарга жараша ылдамдыкты камсыз кылат жана ал иш кантип аткарылганын кабарлайт. Текст көпчүлүк М. колдонмолорунун негизги түзүүчүсү болуп эсептелет. Мультимедиа колдонмолору негизги маалыматты көрсөтүү үчүн кадимки текстти эле колдонбостон, маалыматты белгилөө жана түшүндүрүү максатында бир катар тексттик белгилерди пайдаланат. Мисалы, айрым сөздөр же фразалардын астын сызуу, ариптердин өлчөмүн же тибин өзгөртүү, экрандагы тексттердин түрдүү блокторунда түрдүү түстөрдү пайдалануу. Мультимедиада тексттин түсүн натыйжалуу пайдалануу менен көрсөтүү уюштурулат. Мультимедиа колдонуштары тексттик менюга негизделген баскычтар менен кандайдыр бир предметтеги маалыматтарды тез көрсөтүүдө дагы пайдаланылат. Мультимедианы кошуу мүмкүнчүлүгү тармактын жетишкендиктеринин бири болуп эсептелет. Ал текстти, графиканы, видеону, анимацияны жана аудиону интеграциялаштырат. Бул жетишкендиктер тармакта иштөөчү маалымат түрлөрүн көбөйттү, тармакты колдонуу потенциалын кеңейтти жана интернетке кызыгууларды күчөттү.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мультимедиа, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.