Зат Алмашуу

Зат алмашуу - организмде бардык биохимиялык процесстердин жыйындысы.

З.а. организмдин өсүп-өнүшүн, өзүн-өзү сактоосун жана жаратуусун камсыз кылат. З. а-да организм айлана-чөйрөдөн түрдүү заттарды сиңирип, аларды өзгөртүп өз затына айлантат (ассимиляция процесси). Ушул эле убакта ассимилляцияга тескери диссимиляция процесси жүрүп, организм клеткаларындагы заттар ажырап, анын орду жаңы химиялык заттар менен толукталат. З. а-да витамин, ауксин, фермент, гормон, фотосинтез, гумордук факторлор чоң роль ойнойт. Жагымсыз шарттар З.а-нун бир калыпта жүрүшүнө тоскоол болуп, организмди жарым жартылай же толук өлүмгө учуратат. Жерде жашаган түрдүү организмдердеги З.а. процесстери бири менен өз ара байланыштуу. Малдын организиминде курчап турган чөйрөдөн тоют менен белок, углевод, май, витамин, минералдык туз, суу, кычкылтекти кабыл алып, акыркы азыктары – көмүр к-сы, суу, аммиак, жана мочевинаны бөлүп чыгарат. Мында ассимиляция жана диссимиляция процесстеринин бири бирине катышы малдардын жашына, физиологиялык абалы жана өөрчүү стадиясына жараша болот. организмдин сырткы чөйрөдөн кабыл алган затына жараша З. а. белок, май, углевод, суу жана минералдык алмашуу болуп бөлүнөт.

Белок алмашуу – малдын организимине тоют менен келип, ичеги-карында ферменттер, ичеги-карын зилинин (пепсин, трипсин) таасиринен пептид жана амин к-тасына ажырайт. Ажыраган заттар канга сиңип, ткандарга тарайт, белокту синтездейт. Белок акыркы продуктулар – амин к-тасы, аммиак, көмүр кычкыл газ жана сууга ажырап, сыртка бөлүнүп чыгат.

Май алмашуу – малдын организимине келип түшкөн, ткандардагы май, ошондой эле май сымал заттардын химиялык айланышынын жыйындысы. Майлар (липиддер) негизинен малдын ичегисинде липаза, лецитиназа, коламин – фосфотаза, глицерофосфотаза ферменттеринин катышуусу менен моноглицерид, глицерин, холестеринге ажырайт да ичегиге сиңет. Майда витаминдер жана өт к-тасы чоң мааниге ээ.

Углевод алмашуу – малдын организминдеги негизги энергия булагы. Углеводду (целлюлоза, гемилцеллюлоза) малдын организми негизинен тоюттан алат. Татаал углеводдор тамак сиңирүү жолдорунда амилаза, мальтоза, сахароза ферменттеринин таасири монсахариддерге (глюкоза, фруктоза, галактоза) ажыратат.

Суу жана минералдык заттардын алмашуусу. Суу организмдеги бардык биохимиялык процесстерге катышат. Суу организимде белок, углевод жана майдын кычкылданышынын акыркы продуктусу катары тынымсыз пайда болуп турат. Ал канга сиңип, бүт орган, ткандарга тарайт. Суу негизинен малдардын терисинде жана булчуңунда көп болот. Суунун жок болушу малдын физиологиялык процессинин бузулушуна жана өлүмгө дуушар кылат. Ал эми өсүмдүктөрдөгү З. а. башка жандуу организмдин энергия булагы катары жарыктын электромагниттик энергиясын пайдаланып, фитосинтез процессинде түрдүү орг. бирикмелерди химиялык энергияга айландырышы менен айырмаланат. Өсүмдүктөр сиңирген заттар татаал өзгөрүүлөргө учурап, энергия менен толукталат жана орг. бирикмелер - белок, углевод, майларга айланат. Жашыл өсүмдүктөр фотосинтез процессинде көмүр кычкыл газына (СО2) ассимиляцияланып углеводдорду пайда кылат. Өсүмдүктөрдөгү З. а. процессин изилдөөнүн жыйынтыгы селекциялык иштерде, агротехникалык ыкмалардын комплексин иштеп чыгууда илимде кеңири колдонулат

Колдонулган адабияттар

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4

Tags:

Организм

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Фатима АбдаловаТаранчыЗат атоочКыргыз Республикасынын БаатырыСПИДКулакСинонимБириккен Улуттар УюмуАвтомобильМанас эпосу, ЭнциклопедияБийликКош сөздөрАкчаБүбүсара БейшеналиеваМиграцияЖыл мезгилдериМамлекетБайчечекейЦин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы күрөшүБиогеоценозКыргызстан Түрк кагандыктарынын курамындаАгробиоценозАйкындоочХлорКытайБиологияМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Бугу жана сарыбагыш урууларынын чабышыБиосферадагы глобалдык көйгөйлөрТүштүк АмерикаОсмонбеков, АрстаналыАк батаОмонимЧыгыш АзияСоң-КөлШах Фазил күмбөзүАдеп тарбиясыДаван мамлекетиӨзгөчө кырдаалЕвразияАтом физикасыИлбирсБөтөн сөзӨсүмдүкЭлементтер мезгилдик системасыКыргызстандын тышкы саясатыЭр ТабылдыКыргызстандагы коло дооруКитепКалп(адабият)Билим берүүнүн мамлекеттик стандартыСелГаздардагы электр разрядыПсихологияХимиялык формулаларЫктымалдуулук теориясыИндияКан айланууАлымбек даткаАнжиян көтөрүлүшүСарыбагышАктАрменияМакал лакапТарыхАйтиев Гапар АйтиевичКасымалы ЖантөшевАтаке баатырБөлүкчөАтоочтукАлмамбетКыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүЖакиев БексултанГигант планеталарКыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетиЖогорку окуу жайыБайламта🡆 More