«Кыргыз Республикасынын Баатыры» - Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы өзгөчөлүк белгиси.
1996-жылы 16-апрелде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары» мыйзамынын негизинде түзүлгөн. 2013-жылдын июнуна карата 22 Кыргыз Республикасынын баатырлары белгилүү.
"Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку даражадагы наамынын жобосу 1996-жылдын 10-ильда Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен бекитилген.
Бул жобо менен:
«Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамы мамлекет жана эл алдында өзгөчө эмгек сиңирген, Кыргыз Республикасынын эркиндиги жана эгемендүүлүгүн сактоого баатырдык эрдик кылган жарандар сыйланат. «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамы Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан бир жолу гана ыйгарылат. Жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамына татыган адамга «Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси ыйгарылат. |
«Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамына татыган адамдардын энесине Баатыр эне ордени ыйгарылат.
«Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси алтындан жасалып, жогорку деңгээлдеги сегиз нур 40 мм айлананы, жана ылдыйкы деңгээлдеги он алты нур 30 мм айлананы түзүп, симметриялык жылдыз формасында жасалган. Нурлардын, чектеринин жана формасынын караандары тоо чокуларын жана ачылган тоо жоогазынын элестетет. Жылдыздын борбордук диски рельефтүү күмүш лавр жалбырагы менен чегеленген. Дисктин борборунда ыйык Ак-Шумкардын күмүштөн жасалган рельефтүү сүрөттөлүшү жайгашкан. Дөңгөчү, кызыл эмаль талаачасында түндүктүн рельефтүү сүрөтү тумар формасында жасалган.
№ | Аты-жөнү | Сүрөтү | Берилген жылы | Кесиби / Кызматы | Кошумча мааымат |
---|---|---|---|---|---|
1 | Түгөлбай Сыдыкбеков (1912—1997) | 1997 | Советтик жана Кыргызстандык жазуучу | ||
2 | Чыңгыз Айтматов (1928—2008) | 1997 | Советтик жана Кыргызстандык жазуучу | ||
3 | Тургунбай Садыков (1935) | 1997 | Советтик жана Кыргызстандык айкелчи, профессор. | ||
4 | Салижан Шарипов (1964) | 1998 | Орусиялык космонавт . | ||
5 | Турдакун Усубалиев (1961—1985) | 1999 | Мамлекеттик ишмер | ||
6 | Сабира Күмүшалиева (1917—2007) | 2000 | Советтик жана Кыргызстандык актриса | ||
7 | Курманбек Арыков (?) | 2002 | «Нарынгидроэнергострой» акционердик коомунун Төмөнкү-Нарын филиалынын темир-бетон конструкцияларын монтаждоочусу. | ||
8 | Акбаралы Кабаев (?) | 2002 | «Нарынгидроэнергострой» акционердик коомунун Төмөнкү-Нарын филиалынын темир-бетон конструкцияларын бригадири | ||
9 | Асанкан Жумакматов (1923—2008) | 2003 | Советтик жана Кыргызстандык дирижёр | ||
10 | Мамбет Мамакеев (1927) | 2004 | Хирург жана коомдук ишмер | ||
11 | Абсамат Масалиев (1933—2004) | 2005 | Мамлекеттик ишмер | ||
12 | Сүйүнбай Эралиев (1921—2016) | 2006 | Акын жана котормочу | ||
13 | Сооронбай Жусуев (1925—2016) | 2007 | Акын жана котормочу | ||
14 | Төлөгөн Касымбеков (1931—2011) | 2007 | Советтик жана Кыргызстандык жазуучу | ||
15 | Эрнис Акрамов (1936) | 2009 | Хирург, медицина илиминин доктору, профессор жана мамлекеттик ишмер |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кыргыз Республикасынын Баатыры, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.