Омонимия – (грек.
homonymia – бирдей аталыш, окшош аталыш) – маанилик жактан байланышсыз тилдик бирдиктердин тыбыштык жактан бирдей айтылып окшошуп калуучулугу, айтылышы жана жазылышы бирдей, же болбосо окшош, маанилери ар түрдүү болгон сөздөр. Омонимдерди билгичтик менен пайдалануу чыгарманын таасирдүүлүгүн күчөтүп, эмоционалдуулугун арттырат.
Омонимиянын негизинде бирдей айтылып, тыбыштык жактан окшошуп калган сөздөр Омонимдер деп аталса, ушул сөздөрдү изилдөөчү тармак Омонимия деп аталат. Демек, Омонимия бир жагынан, бир тилдеги омонимдердин жалпы жыйындысын билдирсе, экинчи жагынан, тил илиминин омонимдерди изилдөөчү бир бөлүмү катары аныкталат.
Омонимдик карым-катышта турган тилдик бирдиктердин өзгөчөлүгүнө жараша Омонимиялексикалык жана грамматикалык болуп бөлүнөт. Лексикалык Омонимия маанилик жактан эч карым-катышсыз турган сөздөрдүн бирдей айтылып калышы аркылуу мүнөздөлөт да, ассоциативдик байланышсыз болот. Демек, тарыхый-генетикалык да, денотативдик да жактан бири-бири менен байланышпаган түшүнүктөрдү бирдей тыбыштык тизмектер аркылуу атоодон улам пайда болгон тилдик көрүнүш катары Омонимия полисемиядан кескин айырмаланат.
Тилде Омонимия төмөнкүдөй жолдор аркылуу пайда болот: тилдин тарыхый өнүгүү этабында фонетикалык ар кандай өзгөрүүлөрдүн натыйжасында мурда ар башкача эле тыбыштык комплекстеги сөздөр тыбыштык бирдей тизмекте, бирдей турпатта болуп калышат да, бирдей айтылат. Мис.,
ат – бирөөнүн ысмы, ат – жылкы, ат – мылтык ат; шак – бозонун шагы, шак – бак; буу – газ, буу – байла.
чет тилдерден кабыл алынган сөздөр менен төл сөздөр тыбыштык жактан окшошуп калат: карта – жылкынын ич эти, карта – ойной турган буюм, карта – атлас, жер шарынын сүрөтү, кабак – эңкейиш, кабак – кафе.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Омоним, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.