Касымалы Жантөшев (1904-1968) ― XX кылымдагы кыргыз элинин чыгаан романчысы, жазуучу, драматург, театр режиссеру жана артист, эл жазуучусу.
Ал кыргыз фолклордук мурасын Каныбек романы сыяктуу чыгармаларында мыкты чагылдырган.
Касымалы Жантөшев | |
Туулган датасы: | 15 аяк оона 1904 |
---|---|
Туулган жери: | Тепке айылы, Ак Суу району, Кыргызстан |
Өлгөн датасы: | 13 баш оона 1968 |
Өлгөн жери: | Фрунзе шаары |
Ишмердүүлүгү: | жазуучу, драматург, театр режиссеру жана артист |
Касымалы Жантөшев 1904-жылы Ак-Суу районундагы азыркы Тепке айылында туулган.
1918-1924-жж. айылдык мектепте окуган.
1926-жылы А.Куттубаев, А.Боталиев ж.б. менен кыргыз музыкалуу-драма студиясында окуган.
1930-жылы Фрунзедеги педтехникумду бүтүргөн.
Эмгек жолун адегенде кыргыз музыкалуу-драма студиясынын артисти, андан соң кыргыз мамлекеттик педтехникумунда окутуучу болуп иштөөдөн баштаган.
1931-1933-жж. Кыргыз АССРинин Эл агартуу комитетинде усулчу, райОНОнун башчысы.
1934-1948-жж. Кыргыз мамлекеттик драма театрында актер, режиссер, режиссер-коюучу.
1948-1949-жж. Кыргызмамбаста редактор.
1949-1951-жж. Кыргыз ССРинин Наркоматында начальник.
1964-1968-жж. Кыргыз ССРинин маданият министрлигинде репертуардык-редакциялык коллегиянын башкы редактору болгон.
К.Жантөшевдин чыгармачылык жолу мектепти аяктагандан кийин эле башталган. Ал ийримдер үчүн "Койчулар" сыяктуу бир катар бир актылуу пьесаларды жазган.
Кыргыз музыкалуу-драма студиясында окуп жүргөн учурда "Карачач", "Алым менен Мария", "Анчар менен Ак бугу" пьесаларын жараткан.
1938-жылы «Эки жаш» повестин басып чыгарат.
1939-1941-жж. Каныбек романынын биринчи эки тому, 1942-жылы элдик эпостун негизинде «Курманбек» баатырдык драмасы, советтик партизандардын баатырдыгын чагылдырган «Өч» драмасы жаралган.
Согуш жылдарынан кийин Токтогул Сатылгановго арнап «Элдик ырчы» пьесасын жазган.
«Каныбек» романы жана «Курманбек» драмасы кыргыз улуттук маданиятынын алтын фондусуна кирген.
Жазуучунун калемине ошондой эле «Хан-Теңирлик чабан» (1963-ж.) романы, «Тилек» (1949-ж.), «Жалындуу жаштар» повесттери (1951-ж.) жана көптөгөн аңгемелери, балдар үчүн жазылган жомоктору таандык.
1957-жылы элдик оозеки чыгармачылыктын мотиви боюнча жазылган «Мендирман» поэмасы өзүнчө басылып чыккан.
К.Жантөшевдин чыгармалары орус тилине да которулган.
А.Н.Островскийдин «Бесприданница» пьесасын («Сепсиз кыз»), Н.Островскийдин «Как закалялась сталь» («Болот кантип курчуду») романын ж.б. чыгармаларды кыргыз тилине которгон.
Кинодраматургия жаатында ал «Девушка из Тянь-Шаня» ("Тянь-Шандык кыз") фильминин сценарийин жазган.
Анын «Каныбек» романы «Кыргызфильм» киностудиясында экрандаштырылган.
1946-жылдан Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер.
1968-жылдан Кыргыз Эл жазуучусу.
1934-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
«Ардак белгиси» ордени менен эки жолу, «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.
К.Жантөшевдин ысмы Ысык-Көл облустук драма театрына, билим берүүчү мектептерге жана китепканаларга, республиканын шаарларынын көчөлөрүнө жана айылдарына берилген.
Жазуучунун үзүрлүү чыгармачыл эмгеги жогору бааланып, ага Кыргыз ССРинин көркөм өнөрүнө (искусствосуна) эмгек сиңирген ишмер, эл жазуучусу деген жогорку наамдар берилген.
Эки жолу Ардак белгиси ордени менен сыйланган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Касымалы Жантөшев, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.