Анжиян Көтөрүлүшү

Анжиян Көтөрүлүшү – Фергана өрөөнүндө кыргыз, өзбек калкынын Орусия падышачылыгынын Орто Азиядагы отор саясатына жана феодалдык эзүүсүнө каршы багытталган улуттук-боштондук кыймылы (1898).

Көтөрүлүштүн чыгышына орус падышалыгынын орусташтыруу саясатынын күчөшү, өкмөт салыгынын оордугу, кыргыз-өзбек дыйкандарынан кунардуу жерлерин тартып алышы ж.б. себеп болгон. Көпчүлүк эл булардын баарына каршылык көрсөтө баштайт. Кыймылдын демилгечилери негизинен Көгарт өрөөнүндөгү Чыйбыл болуш баштаган кыргыздар болгон. Алар 1895-жылы алгачкы жыйын уюштуруп, көтөрүлүшкө жетекчилик кылууну кырк беш жаштагы Мухаммед-Али Халиф Мухаммед-Сабыр Суфиев Мадали («Ийикчи») эшенге сунуш кылышат. Ал Фергана өрөөнүнө кеңири таанылган, 1887-жылы Мекеге барып ажы болуп келген эшен эле.

Мадали эшен бир нече жолу өткөрүлгөн жыйындан кийин (1897) макулдугун берет да, көтөрүлүшкө даярдыктар башталган. 1898-ж. бугу айынын (май) 17 күнү кечинде Миңдөбөгө (Араван району менен Өзбекстандын чегиндеги кыштак) кыргыз, өзбек жана кыпчактан 2000 чамалуу адам чогулуп, алар Мадали жана дөөлөс уруусунан чыккан молдо кыргыз Зиябидин Максымдын жетекчилиги менен 2 ротадан турган Анжиян гарнизонуна кол салат. Падыша аскерлери бир аз гана жоготууга учурап (22 киши өлүп, 24 киши жарадар болгон), көтөрүлүш ырайымсыздык менен басылган. Көтөрүлүштүн жетекчилери Зиябидин Максым Анжиянга кол салуу учурунда каза болгон, Мадали эшен бугу айынын (май) 19 колго түшкөн. Көтөрүлүшчүлөрдөн 417 киши (соттолгондордун улуттук курамы: кыргыздар – 257, өзбектер – 112, түрктөр – 20, уйгурлар – 17, кыпчактар – 3, тажиктер – 5, каракалпак – 1) соттолуп, Сибирге айдалган, Мадали баш болгон 22 киши дарга асылган. Оморбек датка, Чыйбыл болуш алгач өлүм жазасына өкүм кылынып, кийин бул жаза сүргүнгө айдоо менен алмаштырылган. Миңдөбө болуштугуна караштуу Кашкар, Кутчу кыштактарынын калкы башка жактарга айдалып жиберилген.

Көтөрүлүштүн борбору болгон Миңдөбө кыштагы ошол эле Тажик, Дөңкыштак айылдары жер менен жексен кылынып, ал жерге орус дыйкандарын көчүрүп келип отурукташтырып, Мархамат аттуу орус кыштагы пайда болгон. Мадали дарга асылгандан кийин да көтөрүлүш токтобостон, Фергана өрөөнүнө жайылган. Көтөрүлүшкө Ош, Анжиян, Маргалаң, Наманган уезддеринин калкы жигердүү катышкан. Суусамыр болушундагы Кетментөбө өрөөнүндө да А. к-нө кошулууну көздөшүп, эл чогула баштаган. Алардын башында Шадыбек Шергазы уулу турган. Буларга каршы жүздөн ашуун куралдуу аскерлерден турган кошуун жиберилип, алар Шадыбек баштаган 50дөн ашуун адамды Наманганга айдап келишкен. Шадыбек Шергазы уулу өмүр бою сүргүнгө айдалган. Булардан тышллкары 54 адам жети жылга айдалган. Алардын ичинде душмандарынын жалаасы менен кармалган Токтогул Сатылганов да болгон. А. к-нүн ырайымсыз басылышы Кыргызстандын түштүгүндө жана Орто Азиядагы улуттук-боштондук күрөшүнүн күчө-шүнө түрткү берген.

Шилтемелер

Булак 1: Кыргыз Инфо Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine
Булак 2: Биздин Archived 2022-01-23 at the Wayback Machine

Tags:

Орто АзияОрусияФергана өрөөнү

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Даван мамлекетиЭкосистемаАтоочтукАмир ТемирӨздүк гигиенаЖүрөкОй жүгүртүү (философия)Кененсарынын чапкыныТоктоболот АбдумомуновКалктын жыштыгыБелокКызылча (оору)ВирусКурмангазы Сагырбай уулуСалыкУлуу Ата-Мекендик согушЖөндөмөСооронбай ЖусуевПризмаЭкономикаКожожашСулайман-ТооУлуу жибек жолуИшкерСаякбай КаралаевЩелочтуу металлдарОмор СултановЛирикаПлутонБаскетболЫкташууЧолпонБүбүсара БейшеналиеваАлмамбеттин баяныБектурсун АлымовЖарандык согушИлбирсКургак учукСанат-насыят ырларыКурманбек эпосуАтлантика океаныАксонометрияКыргыз автономиялуу облусуЧүй өрөөнүЧыгыш АзияАмерикаСийдикКүкүртКосмосКаада-салтЖер тобундагы планеталарКылым карытар бир күнСары-ЧелекТыбышКыргыздардын тарыхыОрто АзияБорбордук нерв системасыКыргызстандын Орусияга каратылышыВолейболЧагылганДиалектСейтек эпосуЖарык дисперсиясыАстрономияТиричиликКыргызстандын тышкы саясатыЕвразияКокон көтөрүлүштөрүШаркыратмаХимиялык элементКуймаларКыргызстандын туусуБашкы баракОшКислотаТелибай тентекПланета🡆 More