Бүбүсара Бейшеналиева

Бүбүсара Бейшеналиева (17-май 1926-жылы, СССР, ОСФСР, Кыргыз АССР, Воронцовка айылы — 10-май 1973-жылы, СССР, Кыргыз ССР, Фрунзе) — кыргыз совет балеринасы, бийчи жана окутуучу.

СССР Эл артисти (1958). Кыргызстандын биринчи балеринасы болгон.

Бүбүсара Бейшеналиева
Сүрөт
Туулган жылы:

17 -май 1926(1926-05-17)

Туулган жери:

Таш-Төбө айылы, Аламүдүн району, Чүй облусу, Кыргыз ССРи

Каза болгон жылы:

10 -май 1973(1973-05-10) (46 жаш)

Каза болгон жери:

Фрунзе ,Кыргыз ССРи, СССР

Ишмердүүлүгү:

Бийчи, Балерина, балет педагогу

Жарандыгы:

СССР желеги СССР

Театр:

Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театры

Ролдору:

Чолпон, Анар

Сыйлыктары:

СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРнин эл артисти

Эмгек Кызыл Туу ордени «Ардак Белгиси» ордени Калып:Эрдик эмгек медалы
СССР Эл артисти— 1958

Өмүр баяны

Бүбүсара Бейшеналиева - атактуу балерина, кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири.

1936-41-ж. Ленинград хореографиялык окуу жайында окуган.

1941-жылы Кыргыз мамлекетинде

опера жана балет театрынын солисти.

1949-жылдан Бишкектеги хореографиялык окуу жайынын педагогу. Сахнада В. Ференин “Селкинчек” (1943, балетмейстер Л. М. Крамеревский) балетинде Зайнуранын ролун аткаруу менен зор бийчилик жөндөмү, профессионалдык даярдыгы бар экенин көрсөткөн .

Ал катышкан “Чолпон” балет-фильми дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө коюлган.

Бий өнөрүндө көптөгөн образдарды жараткан.

Кыргыз ССР эл артисти (1954), СССР эл артисти (1958).

СССР Жогорку Советинин (1962-70), Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1955-62).

Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты(1970).

Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Көрүнүктүү орус балеринасы Агриппин Ваганованын жетекчилиги астында окуган. Чоң театрда 1939-жылы өзүнүн чыгармачылыгын эл алдында көрсөтө алган.

1941-жылы Ленинграддагы хореографиялык окуу жайын бүтүргөндөн кийин Кыргыз опера жана балет театрына солистка болуп кирген. Кыргыздын улуттук “Чолпон”, ”Анар” партияларын аткарган.

Орус чыгармаларынан “Лебединое озеро”, ”Красный мак”, ”Спящая красавица” аттуу балетердин партияларын аткарган.

1949-жылдан баштап Фрунзе шаарындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында сабак берген.

СССРдин ЖКнин 6-7-чакырылышынын жана Кыргыз ССРнин ЖКнын депутаты.

1973-жылы 11-майда каза болгон жана сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Балеттик партиялар

  • 1943 — «Селкинчек» В. Власов жана В. Фере — Зайнура
  • 1944 — «Чолпон» М. Раухвергер — Чолпон
  • 1947 — «Раймонда» А. Глазунов — Раймонда
  • 1949 — «Бахчисарай фонтаны» Б. Асафьев — Мария жана Зарема
  • 1950 — «Ак куулар көлү (Лебединое озеро)» П. Чайковский — Одетта-Одиллия
  • 1950 — «Анар» В. Власов жана В. Фере — Анар
  • 1953 — «Кызыл кызгалдак» Р. Глиэр — Тао-Хоа
  • 1953 — «Чолпон» М. Раухвергер — Айдай
  • 1955 — «Эсмеральда» Ц. Пуна — Эсмеральда
  • 1956 — «Уктап жаткан сулуу (Спящая красавица)» П. Чайковский — Аврора
  • 1960 — «Куйручук» К. Молдобасанов жана Г. Окунев — Зейнеп
  • 1962 — «Ромео жана Джульетта» С. Прокофьев — Джульетта
  • «Асел» В. Власов — Асел
  • «Корсар» А. Адан — Медора
  • «Ала-Тоодогу жаз» В. Власов жана В. Фере — Сайра
  • «Франческа да Римини» Б. Асафьев — Франческа
  • «Чоң вальс» И. Штраус — Фанни
  • «Лауренсия» А. Крейн — Лауренсия
  • «Дон Кихот» Л. Минкус — Китри
  • «Болеро» М. Равелдин музыкасына — Солистка

Фильмография

Сыйлыктары жана наамдары

  • Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти (1947)
  • Кыргыз ССРнин эл артисти (1954)
  • СССРдин эл артисти (1958)
  • Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1970)

Кызыктуу фактылар

Б. Бейшеналиеванын уулу Эрмектин айтымында, Бүбүсара эжебиз 1926-жылдын 8-апрель күнү төрөлгөн, бирок күйөөсү, композитор Акмат Аманбаев менен ажырашкандан кийин паспортун өзгөртүп, анда туулган күнүн 17-май, Эрмектин туулган күнүнө карата атайын өзгөртүп алган. Мунун себебин уулу экөөнүн туулган күндөрү бир күндө болуусун каалаган деп түшүндүрөт.

Эскерүү

  • 1994-жылдын 11-апрелинен тартып өлкөдө 5 сомдук номиналда Бүбүсара Бейшеналиванын сүрөтү менен колдонууга киргизилген.
  • Б. Бейшеналиева атындагы борбор калаабыз Бишкек шаарында көчө бар.
  • Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институту ачылган (1967).
  • Бишкек шаарында, опера жана балет театрынын жанында, Б. Бейшеналиеванын эстелиги орнотулган.
    Бүбүсара Бейшеналиева 
    Бүбүсара Бейшеналиванын 5 сомдук номиналдагы сүрөтү

Булактар

Кыргыз тарыхы энциклопедия. Бишкек - 2003ж.

Айрым шилтемелер

БҮБҮСАРА БЕЙШЕНАЛИЕВА

БҮБҮСАРА - ЭЛ БИЙЧИСИ ЭЛЕ

БҮБҮСАРАНЫН ЭЛЕСИНЕ (жеткиликсиз шилтеме)

Эскертүүлөр

Tags:

Бүбүсара Бейшеналиева Өмүр баяныБүбүсара Бейшеналиева Балеттик партияларБүбүсара Бейшеналиева ФильмографияБүбүсара Бейшеналиева Сыйлыктары жана наамдарыБүбүсара Бейшеналиева Кызыктуу фактыларБүбүсара Бейшеналиева ЭскерүүБүбүсара Бейшеналиева БулактарБүбүсара Бейшеналиева Айрым шилтемелерБүбүсара Бейшеналиева ЭскертүүлөрБүбүсара БейшеналиеваВоронцовкаКыргыз АССР (1926—1936)Кыргыз ССРОСФСРСССРФрунзе

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кыргызстандын Орусияга каратылышыДинКыргызстандын гимниКүндөрдүн аталышыОктябрь революциясыМамлекеттик башкарууСүйүнбай ЭралиевМаалымат технологиясыАккууКан айланууТоголок МолдоСтильТуз (химия)АндыЭки миң сомБилим берүүнүн мамлекеттик стандартыЭкосистемаКокон көтөрүлүштөрүАта-БейитБышыктоочБизнесСан атоочТаажы разрядыТабиятЧернобыль авариясыГлобалдык көйгөйлөрСот бийлигиАлмаКоло дооруСаймалуу ташФевраль революциясы (1917)Жасалма интеллект деген эмне?ӨзбекстанКлетка теориясыКытай кыргыздарыИшеналы АрабаевБорбордук нерв системасы«Кыргыз» этнонимиБеларусьМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?КалийЭсенкожоев КусейинИтУлуттук тилТолубай сынчыРаев Султан АкимовичТаранчыТөрөтВирусКара-Суу районуСеметейдин балалык чагы. Каныкейдин Тайторуну чабышы.АзияДемократияКыргыз элинин калыптанышыСөз айкашыКомпьютерКумтөрМанас (чоку)Абдыраманов ШабданбайКомплекстүү бирикмелерЭкономикаКожомбердиев ТурарКыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүКитепКеңеш ЖусуповКыргызстандын Россияга каратылышы1930Сейтек эпосуТөлөгөн КасымбековАракечтикЧабалекейлерКылым карытар бир күн“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясыКытайКыргыз урууларыТогуз коргоол🡆 More