Маалымат Технологиясы

Маалымат технологиясы (Information technology), компьютер технологиясы – информатиканын бөлүмү; ар кандай маалыматты иштеп чыгууда пайдаланылуучу компьютердик жана телекоммуникациялык технологиялар.

Анда башкаруу чечимдерин даярдоо жана кабыл алууга байланышкан маалыматты өндүрүүнүн технологиялык процесстерин кароо кабыл алынган. Маалымат технологиясы компьютердин түзүлүшү, программалык жабдык, иштетүү системалары, программалоо, берилиштер базасы ж. б. сыяктуу фундаменталдык бөлүктөрдөн турат. Маалымат технологиясы маалыматтарды жыйноо, жиберүү, сактоо жана иштетүү процесстерин камтыйт. Азыркы учурда маалымат технологиясы өз алдынча илимий багыт катары калыптанууда, анын изилдөө багытын маалымат процесстерин рационалдуу уюштурган жолдор, ал эми предметин болсо, маалымат технологиясы түзгөн ыкмалар (методдор) жана теориялык негиздер түзүүгө тийиш. Компьютерге берилишти киргизүү, аны иштетүү, алынган маалыматты чыгаруу жана сактоо атайын жабдуулар (түзүлүштөр) аркылуу аткарылат. Бул жабдууларга берилишти киргизгич жана маалыматты чыгаргыч түзүлүш, системалык блок, сактагыч түзүлүш жана байланыш түзүлүштөрү кирет. Маалымат технологиясы компьютерде текст түзүү системасында берилиш базасын пайдаланууда жана компьютер тармагы аркылуу кабар берүүдө, ал эми телевизиондук станциялар көрүүчүлөрдү телетекст менен камсыз кылууда ж. б. пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар

Tags:

Компьютердик корпусПрограммалоо

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Татаал сөздөрКараханийлер мамлекетиМолдо КылычЭссеМекенчилдикАйтиев Гапар АйтиевичТерроризмЗаара бөлүп чыгаруу системасыПедагогикаДүйнөлүк океанШүкүрбеков РайканЗат алмашууЗат атоочСуутекУзакбай АбдукаимовТуз (химия)ЖүрөкТыныш белгилериЧыңгыз ханКененсарынын чапкыныАтмосфера басымыКазат АкматовВолейболТүлкүлөрТажикстанМамлекетКыргызстандын гимниАтоочтук сүйлөм«Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү»Отоо чөпАла-Арча Улуттук ПаркМагнийГалактикаКытайМенингитӨпкөБелокБалыкчы (шаар)Тукум куугучтукАбдырахман Кучак уулуФольклорЛазерТүрк кагандыгыХимиялык элементБака жалбыракАтом физикасыСалижан ШариповОрганикалык химияҮндөштүкЖетимишев СейитАрчаКислотаИшкердикИшкерТүндүк АмерикаУстуканКалыгул Бай уулуКош бойлуулукИосиф СталинЖалал-Абад облусуКөмүртекКыргыз тилинин тарыхыМаданиятТабигый ресурстарСеметейСооронбай ЖусуевАвстралия (континент)МоральАлай районуКыргызстандагы таш дооруСалык саясатыБекмурат уулу БоромбайАмин кычкылдыктары (аминокислота)Кыргыз ашканасыБүбүсара БейшеналиеваКеп маданияты🡆 More