Бий

Бий — уруу башчысынын мансап наамы же даражасы.

Уруулук мамилелер үстөмдүк мезгилинде бийдин орду бийик деңгээлде болгон. Анын бийлик жүргүзүүсү адатка негизделген. Бий үй бүлөлүк, чарбалык иштерден согуштук-саясий иштерге чейинки маселелерди чечкен. Ал мурас катары атадан балага өткөн. 19-кылымдын 1-жарымынан бий мансабы манаптарга, үрп-адаттарды жакшы билген барктуу аксакалдарга, эл арасында даңкы чыккан чечендерге өтө баштайт. Бийлер чоң манаптарга баш ийип, алардын таламдарын жакташкан. Алар мүлк талашы, үй бүлө маселеси, уурулук, киши өлтүрүү сыяктуу кылмыштарды карап, тийиштүү айыптарга кириптер кылышкан. Андан өзүлөрүнө тиешелүү «маянасын» алышкан. 1865-66-ж. Россия падышалыгы Түркстанда башкаруунун тартиби жөнүндө чыгарган жоболорго ылайык бийлер соту уюштурулат. Бийлер соту 3 жылдык мөөнөткө шайланып, кылмыш иштери боюнча бир жарым жылга чейин камак жазасын берүүгө же үч миң сомго чейин айып салууга укуктуу болгон. Бий мансабы айылдык бийге, болуштук бийге бөлүнгөн. Бийлердин атайын чакырылган курултайында кыргыз урууларынын, коңшулаш жашаган башка элдердин талаш-тартыштары каралган. Октябрь революциясынан кийин айрым жерлерде казы менен болуш соту убактылуу калтырылып, алар жөнүндө атайын жобо чыгарылган. Бий соту советтик сот органдарынын көзөмөлү астында иштеген. 1927-28-ж. казы жана бий соту жоюлган.

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы»: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жаңыл МырзаКыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүКыргыз урууларыКеңеш ЖусуповБир тутумдуу сүйлөмКыргыз Республикасынын президентиТайлак баатырПолот хан«Замана» агымыСоциалдык тармакКыргыз Республикасынын экономикасыПадышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясатыСынган кылычБүркүтӨспүрүм балдарСак цивилизациясыЖерБиоценозАвтомобильТүгөлбай СыдыкбековИнтернет тарыхы«Манасты» которууКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыШайлообек ДүйшеевОш коогалаңы (1990)Бир өңчөй мүчөАдеп тарбиясыТок күчүСуюктукАсанкан ЖумакматовСтильЖаратылышты коргооМанастын күмбөзүКоёндор жапайыКомпьютердик графика –Ысык-КөлКутадгу билигКокон көтөрүлүштөрүЭки миң сомКокон хандыгыМухаммед кыргызСыдык уулу ОсмонаалыКөркөм өнөрКалык АкиевМээКыргызстандагы жаныбарларМайрамдарАнжиян көтөрүлүшүКлетка теориясыБайдылда СарногоевАдам укуктарыЭкологияЖакыпКамсыздандырууСалыкСүйлөм мүчөлөрүКесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөрОлжоҮндөштүкСабатсыздыкты жоюуРефлекстерИнтеграцияҮркүнХимияФергана тоо тизмегиКыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетиСалтанат (көркөм тасма)Газдардагы электр разрядыКөмүртекАвстралия (континент)Жер кыртышыФранцияТоп жылдызЭкстремизмИнфляцияСүймөнкул ЧокморовЖайлооКожожашАнглия🡆 More