Бир өңчөй мүчө - бирдей суроолорго жооп берип, сүйлөмдө бирдей милдет аткарып, бири бири менен байламталар же интонация аркылуу байланышкан сүйлөм мүчөлөрү.
Мисалы:
—Эмне үчүн бала адамга да, айбанга да, канаттууга да таттуу болуп калды экен?(бир өңчөй толуктооч)
—Тоо капталдай алма ,өрүк,кара өрүк ,бадам,шабдалы өсүп чыгат .(бир өңчөй ээ )
Бир өңчөй мүчөлөр үтүр менен ажыратылат .Бир өңчөй мүчөлөрдүн акыркысынан кийин үтүр коюлбайт .
Жалпылагыч сөз-сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүн бириктирип ,жалпылап турган сөз .
•Эгер жалпылагыч сөз бир өңчөй мүчөлөрдөн мурда келсе ,жалпылагыч сөздөн кийин кош чекит (:) коюлат
М : Ал үчүн азыр эч нерсенин :байлыктын ,бийликтин ,мансаптын мааниси жок .
•Эгер жалпылагыч сөз бир өңчөй мүчөлөрдөн кийин келсе,жалпылагыч сөздөн мурун сызыкча (–) коюлат
М: Баласын да ,аялын да -экөөнү өзү менен бирге ала кетмек болду .
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бир өңчөй мүчө, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.