Баткен Району

Баткен аймагы — Баткен дубанындагы аймак.

Аймак 1933 ж. уюшулган. Дубандын борбор бөлүгүндө жайгашып, түндүгүнөн жана түштүгүнөн Тажикстан, батышынан Лейлек, чыгышынан Кадамжай аймактары, түштүк-чыгышынан Ош дубанынын Чоң Алай аймагы менен чектешет. Аймактын чыгышында Сох (Өзбекстан), борбор бөлүгүндө Ворух (Тажикстан) анклавтары бар. Аянты 6,2 миң км² (Баткен дубанынын аянтынын 36,2% түзөт). Калкы 91,983 (2021). Аймак 9 айыл өкмөтүнө бөлүнгөн. Борбору — Баткен шаары.

Баткен району
Өлкө

Кыргызстан

Административдик борбор

Баткен

Башчысы

Акылбек Орозов

Расмий тили

Кыргыз тили

Калкы

91 983

Улуттук курамы

кыргыздар — 99,8%
башкалар — 0,2%

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Расмий сайты

Географиясы

Баткен Району 
Өрүк гүлү

Райондун аймагы Баткен өрөөнүн, түндүктөн түштүктү карай созулган чакан өрөөндөрдү, Сох, Исфара капчыгайларын, Алай, Түркстан кырка тоолорунун түндүк капталдарын ээлейт. Кен байлыктарынан көмүр, нефелиндүү-сиенит, акиташ теги, курулуш материалдары казылып алынат; ошондой эле мунай, газ, сурьма, сымап кендери бар. Климаты континенттик. Кышы мелүүн суук; январдын орточо температурасы –4,1°Сден (өрөөндөрдө)–15С°ге чейин (тоолордо) ; жайы ысык, кургакчыл (июлдуку 10°Сден 29,2°Сге чейин). Жаан-чачындын жылдык орт. Өлчөмү өрөөндөрдө 100-200 мм, тоолордо 300-450 мм. Табигый шарты тамеки менен бак-ча өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ыңгайлуу. Райондун аймагында сугат үчүн Төрткүл суу сактагычы курулган. Ири суулары: Сох, Исфара ж. б. Тоо этектериндеги өрөөндөр ачык боз, тоо капталдары күңүрт боз, боз-токой ж-а тоо шалбаа топурактуу. Тоо этегиндеги өрөөндөрдүн айдалбаган жерлеринде чөлдүү талаа өсүмдүктөрү (шыбак, тоо тикен ж. б.) , суу бойлорунда тал, терек, бадалдар, тоолордун түн. капталдарында шыбак, эфемер-баялыштуу жарым чөл, айрым жерлеринде (1500-2700 м бийиктикте) бетегелүү ж-а бетеге-аккылкандуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. 2500 м бийиктиктен жогору арча, бадамдан турган токой кездешет, 3000 мден жогору субальп жана альп ландшафт алкактары мүнөздүү; алар жайытка пайдаланылат.

Калкы

Райондо облустун калкынын 16,2%и же 64,6 миң киши жашайт. Төрөлүүнүн деңгээли (2001) 31,7‰, өлүм-житим - 5,7‰, табигый өсүш – 26,0‰. Калкынын 99,2% кыргыздар. Эмгек жашына чейинкилер 46,4%ти, эмгек жашындагылар 46,7%, эмгек жашынан өткөндөр 6,9%ти түзөт. Калкынын 27,1% деңиз деңг. 1000 мге чейин, 58,9% –1000–1500 м, 14,0% –1500–2000 м бийиктикте жайгашкан. Орто эсеп менен 1 км2 ге 10,4 киши туура келет. Райондо 1 шаар ж-а 47 кыштак бар. Кыштактар жөнүндөгү маалыматтар төмөнкү таблицада берилди.

Экономикасы

Баткен районунун экономикасынын негизин айыл-чарбасы түзөт. Айыл чарбанын негизги тармагы жүзүмчүлүк ж-а кой чарбасы. Жалпы жер фондусу 615,2 миң га (2000), а. и. айыл чарбага жарактуу жери 217,6 миң га (жеринин 35,4%). Айдоо аянты 14,6 миң га (анын 9,6 миң гасы сугат жер), бак-дарак өсүмдүктөр 3,9 миң га, жайыт 196,9 миң га. Дан эгиндери (6,3 миң га, а. и. буудай -5,2 миң га), күрүч (0,3 миң га), тамеки (0,5 миң га), май берүүчү өсүмдүктөр (1,1 миң га), жашылча (0,2 миң га) ж. б. өстүрүлөт (2002). Багбанчылык (3,8 миң га ) жана жүзүмчүлүк (0,6 миң га) өнүккөн (1999). 2000-ж. райондо 21,9 миң бодо мал (а. и. саан уй 12,0 миң), кой ж-а эчки 120,4 миң (облустагы кой ж-а эчкинин 28,1%), жылкы 2,1 миң, үй канаттуулары 55,3 миң болгон. Район облуста өндүрүлгөн дандын 20,5%ин, жашылчанын 9,3%ин, жүзүмдүн 30,8%ин, эттин 25,5%ин, сүттүн 20,7%ин, жүндүн 18,6%ин берет. Облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 26,5% Баткен районунда даярдалат (2002).

Транспорту

Райондун чегиндеги автомобиль жолунун жалпы узундугу 370 км; а. и. 101 кми эл аралык, 69 кми мамлекеттик., 200 кми жергиликтүү мааниде. Анын аймагынан Баткен - Бишкек (уз. 800 км), Баткен - Ош (230 км) автомобиль жолдору өтөт. 2002-ж. автомобиль транспорту менен 134,3 миң т жүк, 24,5 млн км жүргүнчү ташылган.

Билим берүү тармагы

Райондо 2002/03-окуу жылында жалпы билим берүүчү 50 мектеп (окуучулардын саны 23,1 миң) ж-а мектепке чейинки 2 мекеме болгон. Улуттук госпиталь, 2 аймактык оорукана, учук диспансери, 23 фельдшер-акушердик пункт, 10 үй-бүлөлүк-дарыгерлер тобу ж. б. медициналык мекемелер иштейт (2001).

Административдик бөлүнүүсү

9 айыл аймагы бар:

Маалымат булагы

Tags:

Баткен Району ГеографиясыБаткен Району КалкыБаткен Району ЭкономикасыБаткен Району ТранспортуБаткен Району Билим берүү тармагыБаткен Району Административдик бөлүнүүсүБаткен Району Маалымат булагыБаткен РайонуБаткенБаткен областыКадамжай районуЛейлек районуОш облусуТажикстанЧоң-Алай районуӨзбекстан

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Грек тилиӨспүрүм балдарЖыл сүрүү жадыбалыАжар (повесть)Коло дооруУстуканИлептүү сүйлөмТоктогул СатылгановАрчаДабан мамлекетиБоз үйЖазГастритАк кууларБайыркы РимФонемаЛатын АмерикасыЖылкыКемеКатуу затСынган кылычКонфликтКыргызстандын туусуЭхинококкозСарыкАмелиКиринди сүйлөмАйлана-чөйрөБруцеллёзТамеки чегүүКан агууКакырыкТарыхКеп маданиятыЖакиев БексултанХимиялык формулаларНасирдин ИсановКыргызстандын гимниҮндүү тыбыштарКвадратБаткен облусуЖемиштерМиграцияАтомӨзгөрмө токТилЖаныбарДан эгиндериКыргызстандын Россияга каратылышыБаш мүчөКыргыз автономиялуу облусуДүйнөнүн жети кереметиОозул (стоматит)КонституцияКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыСарттарБурчАрхаизмКеңеш ЖусуповБаяндамаТике сөзБиосфераАбдыкерим СыдыковКыргыз сомуБир тутумдуу сүйлөмКездемеБаяндооМанас эпосуМолдо КылычПрограммалоо тилиКосмосКыргыз тилиндеги сөз түркүмдөрүШокЖүрөкКремнийТаш дооруТойбаев, Мырзабек РаевичОкутуу методу🡆 More