Жаз – кыш менен жайдын аралыгындагы жыл мезгили.
Жердин Түндүк жарым шарында жазгы күн-түн теңелүү мезгилинен (29- же 21-марттан) жайкы күн токтолууга (21–22-июнга) чейинки, Түштүк жарым шарда ай 23-сентябрдан 22-декабрга чейинки убакыт. Адатта Түндүк жарым шарда жаз мезгили март, апрель, май, ал эми түштүктө сентябрь, октябрь, ноябрь айларын камтыйт. Айрыкча жаз мезгили мелүүн алкактарда (абанын температурасынын көтөрүлүшү, кар катмарынын жана агын суулардагы муздун эриши, өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүнүн тиричилигиндеги өзгөрүүлөр жана башка) ачык байкалат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жаз, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.