Кан тамырлар – киши жана жаныбардын канын жүрөктөн дене ткандарына жеткирүүчү (артериялар, артериолдор, артерия капиллярлары) жана андан кайра жүрөккө алып келүүчү (веналар, вена капиллярлары) түтүктөр.
Артериялар кычкылтекке каныккан канды орган, мүчө жана ткандарга жеткирет. Анын жүрөктөн чыккан өтө жоон жери толто деп аталат. Толтодон ар бир мүчөгө өзүнчө артерия кан тамырлары бөлүнүп чыгат. Ал артериялар бара-бара ичкерип, майда кан тамырларга, капиллярларга өтөт. Веналар денеден бардык органдар менен ткандардан чогулган канды жүрөккө алпарат. Алар эң ичке капиллярлардан (венула) пайда болот. Венулалар улам биригип отуруп, орто жана жоон веналарга айланат. Дененин төмөнкү бөлүгүнөн кан жыйноочу вена – төмөнкү көңдөй, жогорку бөлүгүнөн жыйноочу веналар жогорку көңдөй веналар деп аталат. Ал эми тамак сиңирүүчү органдардан канды чогулткан веналар боорго куят да, дарбаза венасы деп аталат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кан тамырлар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.