Атама сүйлөм - жөнөкөй сүйлөмдүн бир түрү.
Жаратылыштагы ар түрдүү көрүнүштөрдү, кубулуштарды, окуяны, мезгилди, орун-мейкиндикти атап көрсөтөт. Атама сүйлөмдүн структуралык негизин атооч жөндөмөдөгү зат атооч же зат атоочтук сөз айкашы түзөт. Ал сүйлөм мүчөлөрүнө ажырабайт. Дайыма баяндоо интонациясы менен айтылып, сүйлөмдүк белгиге, касиетке жетишет да, көрүнүш, окуя тууралуу кыскача кабар берет (мисалы, жай. Таза аба. Жайылган мал).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Атама сүйлөм, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.