Байдылда Сарногоев (1932–2004) - акын.
Талас районуна караштуу Буденовка айылында 1932-жылы туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.
1956-жылдан «Ала-Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1959–1973-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген.
Биринчи поэтикалык жыйнагы «Шумкар» 1952-жылы жарык көргөн. Акындын көп ырларына музыка жазылган. Б.Сарногоевдин чыгармалары орус тилинде да басылып, 1986-жылы «Ашуудан берген отчетум» аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан жазуучулар Союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.
1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Б.Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпүрө» («Золотой мост») сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы «Байдылда» аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыган.
1951-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон.
«Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2002-жылы «I даражадагы Манас» ордени менен сыйланган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Байдылда Сарногоев, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.