Моцарт Вольфганг Амадей (27.
1. 1756, Зальцбург – 5. 12. 1791, Вена) – австрия композитору, Вена классикалык мектебинин ири өкүлү. Скрипач жана композитор Леопольд Моцарттын уулу жана шакирти. Моцарт 4 жашынан клавесинде ойноп, 5 жашынан музыка чыгарган (8–9 жашында симфония, 10–11 жашында музыкалык театр үчүн чыгарма). 1762-жылы пианист эжелери (Мария, Анна) менен Германия, Австрия, Франция, Швейцарияда болуп, пианист, скрипач, органист, ырчы катары концерт берген. 1779–81-жылы Зальцбург князь-архиепискобунун сарайында органист, 1770-жылы Болонья Филармония академиясынын мүчөсү болгон. Академиянын жетекчиси жана башкалар. Мартиниден композиция боюнча сабак алып, Рим папасынын Алтын текөөр ордени менен сыйланган. 19 жашында 10 музыкалык-сахналык чыгарма (оратория, музыкалык комедия, опера), 2 кантата, бир нече симфония, квартет, соната жана башка жараткан. Миланда өзүнүн «Митридат – понт падышасы» операсына дирижёрлук кылган. 1781-жылдан Венада жашап, «Театр директору», «Фигаронун үйлөнүү тою» (1786), «Дон Жуан» (1787), «Сыйкырдуу чоор» (1791) жана башкалар. операларды жазган. Моцарт – 600дөн ашык чыгарманын – 17 опера, 50дөй симфония, 50дөн ашык камералык ансамбль (23 аспаптык квартет), оркестр үчүн 40тай концерт, соната (фортепиано үчүн 21, скрипка жана фортепиано үчүн 35), хор үчүн чыгармалар, ырлар жана башкалар. чыгармалардын автору. Композитордун туулган жери Зальцбургда Эл аралык «Моцартеум» (1880-жылы уюшулган) мекемеси башында турган агартуу, ил-из., окуу жана башкалар. тармактар түзүлгөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Вольфганг Амадей Моцарт, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.