Конфликт (лат.
confliktus— карама-каршылык) — 1. Ал эки же андан коп жактын пикир келишпестигин, ойлорунун бирин-бирине топ келбегендигин билдирет. Аларды конфликтке турткон эн башкы куч болуп - бул алардын максаттарынын, кызыкчылыктарынын бири-бирине туура келбегендигин билдирет.
2. Көркөм чыгармада берилген бири-бирине карама-каршы турган эки идеянын, пикирдин ортосундагы каршылыктын жогорку формасы. Ал чыгармадагы каармандардын кулк-мүнөзүндөгү, көз карашындагы жана аракетиндеги күрөшүндө көрүнөт. Коом турмушундагы эски менен жаңынын, он менен терстин ортосунда жүрүүчү элдешпес күрөш көркөм чыгармаларда адам мүнөздөрү аркылуу ачылат.
Мисалы: «Тоо арасында» романынын негизги конфликтисин совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшкөн Сапарбай, Самтыр, Бүбүштөр менен Саадат, Калпакбаевдердин ортосундагы күрөш түзөт.
Конфликт драмалык чыгармаларда айрыкча айкын берилет. М. Байжиевдин «Төрт адам» пьесасындагы ортодо калган Нази Азиздин таасиринен улам Искендер менен нравалык жактан конфликтиге чыгат, акырында ал өзүнчө андан кол үзүү чечимине келет. Конфликт эпикалык жана драмалык текке мүнөздүү.
Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Конфликт, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.