Волейбол

Волейбол — топ менен ойнолуучу командалык спорт оюну.

Волейбол менен машыгуу тез жана так реакция жасоону, шамдагайлыкты, көз менен болжолдоону өөрчүтөт, кыймыл координацияларын жакшыртат. Оюнда дененин жалпы өөрчүшүнө, келбетти жакшыртууга түрткү берүүчү ар кандай кыймылдар (топту ар кандай абалда берүү жана УРУУ, секирүү, эңкейүү, чалкалоо, денени алга, артка буруу) көп жасалат. Спорттук валейбол менен машыгууну балдар 9 жашынан баштаса болот, мелдештерге катышууга 11—12 жаштан уруксат берилет. Волейбол менен машыгууда колдун манжаларынын травмасы, урунуу, байламталардын чоюлушу жана башка болушу мүмкүн. Травмалардын алдын алууда туура ойноо техникасына ээ болуу, оюн аянты текши жана спорттук бут кийимдин ыңгайлуу болушу чоң мааниге ээ. Волейбол ойноо анча татаал эмес, аны залда жана ачык абада ойноого болот. Ошондуктан ал активдүү эс алуунун жана ден соолукту чыңдоонун мыкты каражаты болуп эсептелет. Аны ден соолугунда олуттуу өзгөрүүлөр болбогон ар кандай курактагы адамдар ойной алышат. Улгайган адамдар волейбол менен такай машыгуудан мурда врач менен кеңешүүсү зарыл.

Волейбол
Волейбол оюну

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

ОюнТехника

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Билим берүүнүн мамлекеттик стандартыӨпкөКант диабетиЛексикаИнтернет тарыхыПублицистикаТолеранттуулукЧыйырдыКыз куумайЭкономикаБайыркы грек философиясыКыргыздардын тарыхыКыргызстандагы жаныбарларБириккен Улуттар УюмуКубаттуулукЫктымалдуулук теориясыМеталлИскусствоКыргыздын чыгаан кыздарыКыргыз сомуЧолпонЧыгыш АзияЛексикалык мааниДастанШабдан баатырЗодиакМанас эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптарыЖүз сомТишАстрономияКыргыз тилинин жазуу эрежелериТүргөш кагандыгыТок булагыКыргызстандын чек араларыКыргыз киносуАянты боюнча көз карандысыз мамлекеттердин тизмесиСуу ЧечекТоголок МолдоСулайман-ТооОш облусуСаймалуу ташМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Аялдардын улуттук баш кийимдериГерманияКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыМаркетингКазакстандагы суу ташкыны (2024)БраузерАйтиев Гапар АйтиевичТирсекУлуу Ата-Мекендик согушБиосфераАлмаДүйшөнкул ШопоковГапаров МурзаКонфликтАлмамбеттин баяныЭпикалык текКитепканаЖунгар хандыгыТериАкынОлимпиялык оюндарДаван мамлекетиЖусуп МамайМинералдуу суулар (Кыргызстан)БышыктоочторДифференциацияланган окутууШатман СадыбакасовСүйлөм мүчөлөрүЭлдик революцияТурусбеков ЖусупДене тарбияТалас (шаар)Татаал сөздөрСуутекБарпы АлыкуловКараханийлер мамлекети🡆 More