Амир Темир, Тимур, Темир Көрөгөн, Тамерлан (фарс.
Теги түрктөшүп кеткен моңголдордун барлас уругунан; 1370–1405-ж. өзү негиздеген мамлекеттин эмири. Шахрисабз шаарына жакын Кожоилгар кыштагында туулган. 1369–1389-ж. Мавераннахрдан Моголстанга (Теңир-Тоого) жортуул жасаган. Ооганстандын бир бөлүгүн басып алган. 1391 жана 1395-ж. Алтын Ордонун ханы Токтомушту талкалаган. 1393-ж. Багдадды жана Экидарыя аралыгын (Месопотамияны), 1398–99-ж. Индиянын түндүк бөлүгүн, 1401-ж. Сириянын да бир кыйла бөлүгүн ээлеген. Байтактысы Самаркан шаарында болгон. Кытайга жортуулга баратып, 1405-ж. 18-февралда Отрар шаарында каза болгон.
1360-ж. Мавераннахрды Тоглук Тимур караткандан кийин, 1361-жылдан ага кызмат кылып, Кашка-Дарыя вилайетин башкарган. Көп өтпөй Самарканддын эмири Хусейн менен союз түзүп, Тоглук Тимур жана анын уулу Суйунбек Кожого каршы Моголстанда узак убакыт бою күрөш жүргүзгөн. 1366-ж. Хусейн менен бирге Самарканддагы көтөрүлүштү басышкан, бирок 1370-ж. кайра өзүн туткунга түшүрүп, башын алдырган. Ошол эле жылы эмир титулун алган жана аялы Чыңгызхандын тукумунан болгондуктан, Мавераннахрга «Көрөгөн» (моңгол тилинде «күрүгэн» же «хүргэн» – «күйөө бала», б. а. «хандын күйөө баласы») деген ат менен бийлик жүргүзгөн. Сейстандагы (Иран) салгылашууда он бутунан жарат алгандан кийин «Аксак Тимур» аталган. 1371-, 1375-, 1377–79-жылдары моголдордун эмири Камар ад-Динге каршы бир нече жолу жүрүшкө чыгып, Ысык-Көл, Иле өзөнүнө чейин жеткен. 1388-ж. Хорезм аймагын толук каратып, борбору Үргөнчтү талкалаган. 1380–90-жылдары Иран, Кавказга жүрүш жасап, бүлгүнгө учураткан. Токтомуш ханга каршы үч жолу (1389-, 1391-, 1394–95) аттанып, Алтын Ордону талап-тоногон жана анын борбору Сарай-Беркени кыйраткан. 1398-ж. Индияга жүрүш жасап, Дели шаарын басып алган. 1402-ж. Анкаранын алдынан түрктөр менен салгылашууда түрк султаны Баязед Iни туткундаган. Бул учурда Мавераннахр, Хорезм, Хорасан, Түштүк Кавказ, Иран жана Пенжабды кучагына алган ири мамлекет түзүлгөн.Кытайга жүрүшкө чыгууга камылга көрүп жатканда каза болуп, сөөгү Самаркандга коюлган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Амир Темир, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.