Кан Тобу

Кан топтору — ар бир кишинин канынын биохимиялык жеке өзгөчөлүктөрү.


Топтор

Кан Тобу 
Ян Янский

Бул өзгөчөлүктөр эритроцит белокторунун түзүлүшү түрдүүчө болушуна байланыштуу. Иммунологиялык өзгөчөлүтүнө байланыштуу адамдын каны жынысына, жашына, расасына карабастан 4 топко бөлүнөт. Кан топтору жөнүндөгү окууну чех илимпозу Янский түзгөн (1907). Кандын тигил же бул тобуна кире тургандыгы эритроцитте А жана В фактор (антигендер, изоантигендер), кан плазмасында α жана β факторлорунун (изоантителолор) болушу менен аныкталат.

Кан Тобу 
Кан топтору

I топ

Кээ бир кишилердин эритроциттеринде А жана В изоантигендер болбойт, ал эми плазмада α жана β изоантителолор болот. Булар I топко (Оα β) кирет.

II топ

Каны II топко кирген кишилерде А изоантигени менен β изоантитело болот (Аβ).

III топ

Айрым адамдарда β изоантигени жана α изоантитело болот (βα). Булар III топко кирет.

IV топ

IV топтогу канда АВ изоантигендери болуп, изоантителолор болбойт (АВО).

Гемолиз

Эгерде А изоантигени α изоантитело менен же В изоантиген β изоантитело менен кошулса, эритроциттер бири бирине жабышып (агглютинация), андан ары эрийт (гемолиз). Мындай реакция башка топтогу кан куюлганда да жүрөт.

Кан куюуу

Кан куюуда кан топторун аныктоонун мааниси чоң. Биринчи топтогу канды өзүнө окшош топтогу канга жана башка үч топтогу(II, III, IV) канга куюуга болот. Экинчи топтогу канды өзүнө окшош топтогу канга жана III, IV топтогу канга куюуга болот. Үчүнчү топтогу кан өзүнө окшош топтогу канга жана IV топтогу канга куюлат. Биринчи топтогу канды бардык топтогу кандарга куюуга мүмкүн болгондуктан универсалдык донор деп аталат. Ал эми IV топтогу кан өзүнө окшош топтогу кандан башка топтогу кандарга куюуга жарабайт, ага башка (I, II, III) топтогу кандын баары куюлат, ошондуктан алар универсалдык реципинет болушат. Бирок бири бирине туура келген канды узакка же көп куюунун натыйжасында универсалдык донор деп аталган кан өзүнүн терс таасирин тийгизет, анткени кан топторунан башка изоантигендик реакциялар болот.

Rh — фактор

Кишилердин 85%инин эритроцитинде антигендер (Rh — фактор) болуп, 15%инде болбойт. Rh фактор барлар резусу — оң, жоктор — резусу терс деп аталат. Резусу оң атадан резусу терс эненин боюна бүтсө, түйүлдүктүн атадан тукум кууган антигенинин таасиринен эненин организминде антитело пайда болуп, түйүлдүктүн эритроцитин бузат (гемолиз). Мындай резус — сыйышпастык резусу оң канды резусу терс кандуу кишиге кайталап куйганда да байкалат.
Кан топтору жөнүндөгү окуу жалпы иммунологиянын негизги бөлүгү болуп, айрым дарылоо ыкмасынын (мисалы, кан куюу, органдарды, ткандарды көчүрүү жана башка) негизин түзөт. Ошондой эле хирургия, акушерлик жана гинекология, сот медицинасы, антропология, генетикада кеңири колдонулат. Кан топторунун белгилери тукум куума болгондуктан баланын атасын аныктоодо, эненин балдары алмашканда жана башка пайдаланылат.

Колдонулган адабият

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

Кан Тобу ТопторКан Тобу ГемолизКан Тобу Кан куюууКан Тобу Rh — факторКан Тобу Колдонулган адабиятКан ТобуКан

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

МанасчыЖакиев БексултанБолмуш (философия)Тери ооруларыБиринчи жардамМаданиятАкчаПластмассаБагынычсыз (тең байланыштагы) татаал сүйлөмЭлектр тогуАвстралияӨздүк гигиенаАбдылас МалдыбаевСолтоноев Белек Солтонкелди уулуОкутуу методуАлександр МакедонскийБилимКыргызстандагы корголуучу жайларБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасындагы көркөм образдарКаныкей образыЧүй облусуЭтишЖазЖасалма интеллектКалык АкиевКыргыз Республикасынын президенттериИсламПланетаМиграцияМакмал алтын кениБишкекАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичОмонимдерОлимпиялык оюндарСөөк системасыТянь-Шандын түштүк тизмегиСаспаев АманБиологияМолдо НиязАвстралия (континент)Барсбек каганАлай өрөөнүТок күчүСүтСаруу (уруу)Өлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиКызамыкКыргызстандын Россияга каратылышыБириккен Улуттар УюмуСоветбек БайгазиевАтом ядросуПопуляцияБалдардын курак мезгилдери«Манасты» которууБир тутумдуу сүйлөмОрозов КарамолдоИндустриялаштырууОюнОй жүгүртүү (философия)БаяндоочКазат АкматовУсун мамлекетиСинонимИшкердикЭкономикаУкук«Кыргыз» этнонимиАлмамбетКавказАткаруу бийлигиАлмаБайыркы Египет маданиятыМанастын туулганыЧүй өрөөнүФилософияЖерКулакка тартууФранция🡆 More