Саруу уруусу (سارۇۇ) — кыргыз элинин сол канатындагы чоң уруулук бирикме.
Жайгашуусу | |
---|---|
Казакстан: Өзбекстан: | |
Канат | Сол канат |
Уруктары | |
Дини | Ислам |
Бул уруунун өкүлдөрү негизинен Талас, Жалал-Абад (Чаткал, Аксы, Ала-Бука), Ысык-Көл (Жети-Өгүз, Саруу айылы) аймактарында отурукташкан.
Тарыхта Саруу уруусунун топтору ээлеген жерлер: Жамбыл (Казакстан), Наманган (Өзбекстан).
Көнөк-баатыр — ойротторго каршы согушуп, Анжиян-Аксы, Жети-Суу, Алматы, Түштүк Жамбыл, Шымкент, Талды-Коргон, Талас, Ош, Өзгөн, Кетмен-Төбө, Ысык-Көл, Жети-Шаар (Чыгыш Түркстан) өрөөндөрүн бошоткондуктан, ага Көнөк-хан наамы берилген.
«Саруу» этноними, эски-моңгол saraɣul (окулушу: Сарағул) (моңг. саруул, калм. Һаруул, ойр. сарул) сөзүнөн келип чыккан деген божомолдор бар. Бул сөз «жарык», «ачык» маанилерин түшүндүрөт.
Башка версия боюнча «саруу» этноними эки сөздөн келип чыккан «сары»—«уу». «Сары» сөзү менен көптөгөн версиялар бар.
Ай-Тамга: Сейит, Атек, Чүкө, Кобуке, Бала-Саруу, Жалпак Тил, Чаян, Аңдабай, Очок, Түктүү Курт, Жолдош Төбөт, Кызыроо, Назарбек (Шири), Бишкек, Күркүрөө, Тубай, Оготур.
Жети Уруу: Абдый, Ким Билди, Ботояр, Таш Коюн, Мамелдей, Жаңгир, Байбиче, Токол, Түкөк, Мадияр, Бөлөк Чал, Балыкчы, Жол Жакшы.
Бош Моюн: Ыңырчак, Кезек Таз, Кодор, Жээнбай, Кенембай, Бозайгыр, Ырысмат, Календер, Боркемик, Кара-Боркемик.
Агынай: Чоң Эсенгелди, Борой, Кадим.
Алакчын: Жол Болду, Бабыр, Акбай, Түйтө, Чиркей, Чокон, Шаабото, Бекмурат, Алчикен, Ажыбек, Кубатбек, Коңкобай, Наматбай, Мандалак, Эрегул, Берен, Жабагы, Жарыкка, Жаныбек, Сатыкей, Боруке.
Кырк Уул: Байсу (Байзу), Келбей, Мачак, Беш Каман.
Теңечим: Ардай, Күштөн, Булбул, Шекер, Ачакей.
Колпоч (Тоң-Төрт): Ак Кийиз, Култай, Төкө, Быры, Болот, Чочой, Кезек-Сары, Кубулек, Баяш, Токтук, Баба, Чүнү.
Тогунай: Тогунай, Кош Кулак.
Кылымдар бою Саруу уруусу кыргыз элинин эгемендиги үчүн жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө активдүү катышып келет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Саруу (уруу), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.