Балдардын курак мезгилдери — түйүлдүктүн жана баланын өөрчүү (өсүү) мезгилдери.
Баланын организминин өөрчүшү курсактагы (бойго бүткөндөн төрөлгөнгө чейин) жана төрөлгөндөн кийинки болуп 2 этапка бөлүнөт. Баланын төрөлгөндөн кийинки этабы шарттуу түрдө 6 мезгилге бөлүнөт:
Ымыркай мезгилде бала айлана-чөйрөнүн жаңы, түрдүү шарттарына көнөт, балдарда гормондук криз, физиологиялык сарык, физиологиялык салмактын азайышы, жыныстык криз, тукум куума оорулар, ымыркай гемолиз оорусу, асфиксия, пиодермия жана төрөттөн кийинки жабыркоолор кездешет. Ушул кезден баланын өзүнчө тамактануусу башталат.
Эмчектеги мезгилде баланын айлана чөйрө шарттарына көнүүсү аяктайт. Бул мезгилде баланын денеси, психикасы, кыймыл-аракети, аң-сезими бат өсө баштайт. Эмчектеги балага оорунун алдын алуу — эмдөө жүргүзүлөт.
Наристе мезгилде булчуңдар, лимфа органдары тез өсүп, балдардын кыймыл-аракети өтө күчөйт, жугуштуу оорулар менен көбүрөөк ооруйт.
Мектепке чейинки мезгилде балдар коллективине барып, алардын интеллектуалдык өсүшү, кыймыл-аракети татаалданып, дене-турпаты өсө баштайт.
Бул мезгилде балдар менен кыздардын жыныстык өзгөчөлүктөрү пайда болуп, эс-акылы андан ары өөрчүшү менен мүнөздөлөт. Өспүрүм мезгилде балдардын ички секреция бездеринин функциясы тез өсөт. Бул мезгил балдардын нерв системасынын туруксуздугу менен айырмаланат, эс-акылы, түшүнүгү, ой жүгүртүүсү татаалданат. Айрым психикалык оорулар көбүрөөк кездешет. Ошондуктан ушул мезгилде балдарга бөтөнчө жумшак, этият мамиле жасоо зарыл. Баланын жашына жараша анатомиялык, физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн билүү жана үйрөнүү окуу-тарбия ишин туура жолго коюуга, алардын дене түзүлүшүнүн, акыл-сезиминин туура өсүшүнө көмөк берет.
Боз бала - чоңурак иштерге отун сууга жарап калган учуру
Боз улан (бозой) - айыл аралап сөз тыңшап, кыздарга көз салып кала
Эр жигит - Үй бүлөө күтүп калган кез
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Балдардын курак мезгилдери, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.