Манастын Туулганы

Манастын туулганы — эпостун варианттарынын бардыгында кездешүүчү туруктуу эпизоддордон.

Чыгарманын сюжеттик курулушунда негизги окуялардын башталыш түйүнүнүн милдетин аткарат. Атайын тема коюлуп, өзүнчө бөлүм катары айтылышы (Сагымбай Орозбаковдун варианты), же жалпы тема менен эле берилиши да мүмкүн ( Саякбай Каралаевдин варианты, Радлов жазып алган вариант). Башка майда окуялар менен катар бир чоң темага бириктирилип айтылышы көбүрөөк мүнөздүү. Сагымбай Орозбаковдун вариантынан жазылган текстте бул окуянын темасы башка сыя менен кол жазманын четине жазылган. Буга караганда тема окуяны айтуу процессинин өзүндө эмес, тактоо иретинде текстти жазган катчы тарабынан кийин киргизилиши да мүмкүн. Жалпы эпос үчүн окуяларды майда темаларга бөлүү мүнөздүү эмес, текстти оозеки аткарган учурда чоң-чоң окуялар гана белгилүү чек катары пайдаланылган. Манастын туулушу сюжеттин өнүгүшүнө ылайык бир нече майда окуяны бириктирип турат: баланын бойго бүтүшү, толгоо, төрөлүү, ат коюу. Варианттарда бул окуялардын айрым айтылбашы да мүмкүн.

Түш жорулгандан эки жылдан кийин Чыйырдынын кош бой болгонуна үч ай толот. Жакып чал кубаттанып, балам аман-эсен туулса экен деп назырга канча мал айтып, тилек тилеп жүрдү. Байбиченин жериги күчөп, жолборстун жүрөгүн самап, башка тамакка табити тартпай катуу забыркайт. Каңгайдын Карамергени жолборс атканын угуп, Бадалбай аттуу жылкычыны акысына кара кулак чоң жамбы берип жолборстун жүрөгүн алып келгенге жиберет. Жолборстун жүрөгүн жеп, байбиченин талгагы канат.

Боюнда бар кезинде энеси эмнени күсөсө төрөлүүчү бала ошол нерсеге кандайдыр окшош болот деп түшүнүү кеңири белгилүү элдик ишеним. Ушуга ылайык баатыр төрөлөрдө энесинин жолборстун этине, айрыкча жүрөгүнө, бүркүт жана башкалар кыраан, жалтанбас жүрөктүү эсептелген жырткыч жаныбарлардын этине, жүрөгүнө, көзүнө талгак болуу эпикалык салттык сюжет. Ошол нерсенин табылышынын татаалдыгы, демек, баалуулугу да чоң мааниге ээ. Мындай жышаналуу талгак болууну адатта көпчүлүккө жарыялабай, жашыруун сактоо салт.

Саякбай Каралаевдин  варианты боюнча Чыйырды боюна бүткөнгө уч ай болгондо шердин этине талгак болуп, ал табылбай көп убара тартышат. Акыры Кочку аттуу калмак аткан шерди 90 төөнүн буудайына сатып келишет. Чыйырдынын шердин этине талгак болгонун эч кимге билгизбегиле деп Жакып туугандарынан суранат. Радлов жазып алган вариантта Манастын энесинин талгак болуусу эскерилбейт. 

Башка белгилүү манасчылардан Шапак Рысмендеевдин варианты, ТМВ, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Чыйырдынын жолборстун жүрөгүнө талгак болушу Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын. Багыш Сазановдун вариантында эскерилбейт.

Бала боюна бүткөнү тогуз ай, тогуз күнгө толуп, бейшембинин түнүндө Чыйырдынын толгоосу башталат. Толгоо жети күнгө созулуп, айыл-ападагылар бүт чарчашат. Сегиз күнгө толуп, тогуз күнгө караганда толгоосу толду, эми тууй турган күнү болду дешет аялдар. Аны уккан Жакып: «Бала үчүн катуу зарладым эле, эркек деп бирөө жүгүрсө жүрөгүм жарылып кетер, андан көрө жыгылсам да, талсам да элге шылдың болбогондой ээн жерге барып кабар угайын деп, сүйүнчүгө баруучулар минсин деп кермеге 40 бышты, 7 кур ат байлаттырып, кыз туулса унчукпай тим болгула, эркек болсо сүйүнчүлөп баргыла» — деп аттанып кетет. Адырды көздөй малына бет алган Жакыптын алдынан Жорго боз үйүрү жолугат. Байкап караса жылкынын арасында каражалдуу кула бээ жатып-туруп, толготуп, чабалактап калыптыр. Кула бээ азыр тууйт экен, кулуну эркек болсо балама энчилейм. Катыным эркек тууса Жоргобуз атын жоюп, мындан кийин айгырын ыйык көтөрүп, атын Камбарбоз деп коёюн, үйрүнүн ургаачысын дайым ак түлөөмө соёюн, эркектеринин баарысын эр азамат мингенге согуш үчүн коёюн деп ойлогон Жакып ошол жерге токтоп, жылкысына көз салып туруп калат.

Толгоонун өтө катуу болуп, узакка созулушу (адатта 7 же 9 күн) төрөлүүчү баланын кадыресе эле бала эместиги орчундуу жана өзгөчө кеңири жайылган белгилеринин бири. Дүйнө элдеринин эпосторунан да, жөө жомокторунан да кеңири жолугат. Ошондой эле бала төрөлөөрдө атасынын үйдөн атайын кетип калышы, же кандайдыр себептер менен үйдө болбошу да кеңири белгилүү сюжеттерден.

Радлов жазып алган вариантта бул эпизод эскерилбейт. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Чыйырдынын ай-күнү жетип, толгоосу башталганда сүйүнүп кетип жүрөгүм жарылбасын, жылкыга барайын, эркек төрөлсө мага сүйүнчүгө баргыла, кыз болсо тим эле койгула деп Жакып аттанып кетет. Жылкыга барган Жакып Камбар ата кара айгырды союп, этине тоюп, уктап калат.

Толук тогуз күн толготкон Чыйырдынын ичиндеги баласын Умай эне убактың келди, сыртка — жарык дүйнөгө чык деп кууса, ырыскым кайда деп бала болбойт. Ырыскың ошол жакта деп Умай эне баланы катуулап айдайт. Умай эне, анын баланы төрөлөрдө энесинин ичинен сыртка кубалашы элдеги эски түшүнүктөрдүн биринен. Сюжеттеги бул деталь Радлов жазып алган вариантта, Саякбай Каралаевдин вариантында жана башка варианттардын көбүндө жок.

Бала жерге түшүп, эркек экендиги көрүнөт. Энесинин ичинен эки колун толтура кан чеңгелдеп чыгыптыр. Эркек бала төрөлгөнүн угуп сүйүнгөндөн Чыйырды эси ооп, аны көргөн аялдар байбичени мартуу басты дешип чочулашат. Мартуу баспаптыр, бир аздан соң байбиче эсин жыйып, башын көтөрөт. Колуна оромол алып Канымжан аттуу аял баланы оромок болсо, анын тарбаңдаган колу-бутуна алы жетпейт. Бакдөөлөт баланы жерден ала койсо салмагы он бештеги баладай экен. Оозантканда үч карын сары майды жеп коёт. Энеси эмизмек болуп эмчегин салса бир соргондо сүт, экинчисинде суу, үчүнчү соргондо кан чыгат. Чыдабай байбиченин жаны чыгып кете жаздайт. Сегиз бээ, көп мал, союлуп, аялдарга жентек берилет. Кермедеги аттарды минишип, айылдагы эркек аттуу сүйүнчү алмак үчүн Жакыпты издеп кетишет. Сен деле барсаң боло деген аялы Сулайканын жемесине чыдабай Көкчолок менен аттанган Акбалта айылга жакын эле колоттогу кара суунун боюнда кара жалдуу кула бээ тууган аксур эркек кулунду телчитип жалгыз турган Жакыпты көрүп: Байбичең эркек тууду. Балаңдын бакырган добушу тай чабым жерден угулду, үндүн сүрүнөн аны укканда жүрөгүм опколжуп оозума тыгылды. Балаң эки колуна толтура кан чеңгелдеп түшүптүр деп сүйүнчүлөйт. Жакып Акбалтага камдап жүргөн бир калта алтынын сүйүнчүгө берип, көп мал айтат. Айылга келип, бешик боосу бек болсун, кундагың боосу кут болсун! деген тилегин айтып, Жакып үйүнө кирип, баласын колуна алып караса, маңдайы жазы, башы кууш бар боюнда турат тууш, кочкор тумшук, кош кирпик, көркү калча, көзү тик, жалаяк ооз, жар кабак, жаагы жазы, ээги узун, эрди калың, көзү үңкүр — эр мүнөзү көрүнөт; алакан жазык, колу ачык, аттанып чыкса жолчу ачык — алп мүнөзү көрүнөт; жолборс моюн, жоон билек, жоруну калың, таш жүрөк, жылма кабак, жылдыз көз — бөлөкчө түрү бар экен. Баласынын баатырдык сынына көңүлү толгон Жакып: Өткөндөн алар өчүмдү, өч алганын көрөрмүн, өлтүрбөсө болду өзүмдү, — деп бетинен өбөт.

Баатыр болуучу бала туулганда колуна кан чеңгелдеп түшүшү анын өзгөчө сапаттарынын ошол замат эле көрүнүшү (үнүнөн адамдардын коркушу, салмагынын оорлугу, оозантканда өтө эле көп май жеши, эмчек эмгенде энесинин чыдабай кетиши, дароо сүйлөшү жана башкалар, баатырдын жоого минчү аты ал төрөлгөн учурда кошо туулушу, атасы сүйүнчүгө көп дүнүйө бериши, баланын өзгөчө көрүнүшү сыяктуу жышаналуу белгилер) оозеки чыгармаларда кеңири жолугуучу сюжеттерден. Бул сюжет манасчылар тарабынан ар түрдүүчө пайдаланылышы мүмкүн. Мисалы, Радлов жазып алган вариантта Жакып «Аппак эти чүштөдөй, устукан сөөгү мистедей» (Радлов жазып алган вариант, 234) балалуу болду деген гана кыскачы кабар берилет. Ошондой эле Манастын төрөлгөнү деталдаштырылып берилбегендиктен көп эпикалык мотивдер эскерилбейт, бирок Манастын төрөлгөндө колуна кан чеңгелдеп түшүшү: «Кой боорундай кара кан Оң колуна уштаган» (Радлов жазып алган вариант, 234) делип, эпостун башка окуясында эскерилет. Саякбай Каралаевдин вариантында уктап калган Жакыптын түшүнө думана кирип, мен Кыдыралеки саламмын. Эркек балалуу болосуң, атын Манас кой, калмактарга Чоңжинди деп угуз, балаң чоң баатыр болот. Бүгүн кула бээң тулпар тууйт, Манастын согушка минер аты ошол — дейт. Жакып ойгонот. Аңгыча кула бээ торучаар кулун тууйт. Кулунду телчитип өзгөчө сынын көрүп турганда Акбалта келип эркек балалуу болгонун, ал бала бир колуна кара кан, бир колуна сары алтын кармап түшкөнүн, жүрөгү түшүп тогуз кемпир өлүп кеткенин, баланын чекеси жерге тийгенде жер титирегенин айтып Жакыпка сүйүнчүлөйт. Эсенкан Манас аттуу баланы издетип, Жарманасты карматып кетип орго салыптыр деп уктум, баланын атын Чоңжинди деп атап коёлу, жашы он экиге келгенде дайнын билгизели, балаңдын кубанычына чоң той бер дейт. Жакып сүйүнчүгө көп мал берет. Бала туулганда бир думана келип, Манас алты шердин кенжеси, теңдешсиз баатыр болорун айтат да, оозанткыла деп болот ок берип, кийин окту кийиминин жакасына тигип койгула деп көздөн кайым болот.

Бала төрөлөрдө анын келечекки тагдырын, аты ким болорун билгизип аян берген түш көрүү, төрөлгөндө баланын колуна согуштун белгиси болгон кан эле эмес, бийликтин, дүнүйөнүн символу болгон алтын кармап түшүшү, ал төрөлөр замат сырдуу күчтүн ээси кийин башына кыйын күн түшкөндө кереги тиер касиеттүү белекти бериши түрдүү элдердин фольклордук чыгармаларында да кеңири жолугуучу жана сюжеттин өнүгүшүндө өзгөчө баланын төрөлүшүн даярдоочу белгилүү мотивдерден.

Колдонулган адабияттар

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4

Tags:

Каралаев, СаякбайМанас баатырРадлов, Василий ВасильевичСагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Үй-бүлөБруцеллёзСейтек эпосуДене тарбияЖазКуранАрхитектуралык эстеликтерАйлардын кыргызча аталышыМетонимияКалпакБайыркы Египет маданиятыМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыМакал лакапЭмгек кодексиСүт эмүүчүОлимпиялык оюндарТянь-Шандын түштүк тизмегиЭтишРоботКыргызстандагы жаныбарларОрганикалык химияӨсүмдүкКлеткаБаалуулукЖөндөмө категориясыКыргыз мамлекетиЖер семирткичтерАк кеме (чыгарма)ИтийКаныкей образыКан айланууКанаат ханБекмурат уулу БоромбайДем алууДем алуу системасыХимиялык өнөр жайларЖүрөктүн тез каагуусуЖылкыМаданиятНаркул уулу НурмолдоЖоомарт БөкөнбаевАжар (повесть)Окутуу ыкмаларыКен байлыктарЖазгыч акындарСынган кылычЧакчылНамазInternational Standard Book NumberБир тутумдуу сүйлөмАллергияАйлана (математика)Түндүк АмерикаКескелдирикБурана (мунара)Ак канАттилаКулак чуулдооКонфликтБышыктоочАбдыкерим СыдыковБарсбек каганДилбаянСтильКөз ооруларыЭлектр-магнит талаасыКойГидросфераПневмонияҮй-бүлө социологиясыСоциалдык конфликтБайтик баатырОкутуунун жаңы технологияларын пайдаланууМурунИтЖапонияЕвразия🡆 More