Багынычсыз (тең байланыштагы) татаал сүйлөм - тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр маанилик жана грамматикалык жактан бири-бирине көзкаранды болбой, өз ара тең укукта, тең байланышта турган татаал сүйлөм.
Анын синтаксистик түгөйлөрүнүн баяндоочтору бирдей түзүлүшкө, жыйынтыктуу мүнөзгө ээ, ошондуктан маани жактан бирдей даражада турат. Багынычсыз татаал сүйлөм синтаксистик түгөйлөрү өз ара а) интонация аркылуу; б) байламталар же байламталык милдет аткарган сөздөр аркылуу байланышат. Бирок бул Багынычсыз татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр өз алдынча жөнөкөй сүйлөмдөргө параллель коюлат же алар автономиялуу дегенди билдирбейт. Себеби алар маани жактан өз ара тыгыз байланышта болуп, биринин маанисин экинчиси толуктап, ажырагыс бир бүтүн катары каралат Мис.,
Дыйкандын түбү кенч, соодагердин түбү борч же Бардыгына эмгек жеткирет, эмгекти сүйүү керек ж.б.
Багынычсыз татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр бири-бири менен маани жактан түрдүүчө карым-катышта болот: тең маанилеш, мезгилдеш, каршы маанилеш, салыштыруу жана бири-бирин толуктоо маанисинде.
Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Багынычсыз (тең байланыштагы) татаал сүйлөм, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.