Кызамык

Кызамык — вирустар козгоочу катуу кармама жугуштуу оору.

Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер, айрыкча 2 — 10 жаштагы балдар ооруйт. Инкубациялык мезгили 16—21 күн. кызамык оорудан вакцинация албаса адам отуп кетет

Кызамык
Кызамыкты козгоочу вирус

Кызамыктын белгилери

Оору көбүнчө билинбей башталат: мурдунан бир аз суу куюлуп, жөтөлөт, тамагы кызарат, кээде эти бир аз ысыйт. Моюн, желке, лимфа түйүндөрү шишип ооруйт. 1 — 2 күндөн кийин бул белги күчөп, бүт денесине чыбырчыктар чыга баштайт, температурасы 38—39°ка чейин жогорулайт. Чыбырчыктар 2—3 күндөн кийин так калбай жоголот.

Кызамык 
Кызамык болуп ооруган оорулууга бүдүр-бүдүр болуп кызарып чыккан темгил

Кээде эти ысыбайт, жалпы абалы начарлабайт. Көп учурда белгиси билинбей өтөт. Адатта оору кабылдабайт. Ооруп айыккан адамда туруктуу иммунитет пайда болот. Кызамык менен кош бойлуу аялдардын оорушу өтө коркунучтуу, себеби түйүлдүккө жугушу мүмкүн. Айрыкча 3 айга чейинки кош бойлуу аялдар ооруганда көп учурда тубаса өсүү кемтиги пайда болот. Кош бойлуу аялдар акыркы айларында кызамык менен ооруса балада аз кандуулук байкалат, ички органдары жабыркайт. Мындай балдар 18 жана андан көп айга чейин вирус бөлүп чыгарып, оору жуктурат.

Дарылоонун жолдору

Дарылоону үйдө дарыгер жүргүзөт. Оорулуу баланы тынч жаткыруу, жеңил сиңүүчү тамак берүү талапка ылайык. Оорунун алдын алуу үчүн оорулууну өз убагында соо адамдан бөлүп, өздүк гигиенаны сактоо зарыл. Боюнда бар аялдар мурда кызамык менен оорубаган болсо оорулуу менен жолугууга болбойт.

Кызамыктын тарыхы

Эң биринчи жолу кызамыкты 1740-жылы немис терапевти Ф. Хофман баяндап жазган. 1881-жылы бул оору расмий түрдө өзүнчө нозологиялык формада белгиленген. 1938-жылы жапон изилдөөчүлөрү инфекциянын табияты вирус экендигин далилдешкен. Кызамыктын козгогучу 1961-жылы бир эле убакытта бир нече окумуштуулар: П. Д. Паркман, Т. X. Уэллер и Ф. А. Невой менен табылган. 1941-жылы австриялык изилдөөчү Н. Грегг кызамык менен ооруган эненин түйүлдүгүнүн кадыресе нормадан таюусун баяндаган. Эң көп жолугуучу кадыресе нормадан таюусу- челкөз (катаракта), жүрөктүн кемчилиги жана дүлөйлүк. Мунун баары "Тубаса кызамыктын классикалык синдрому" деген атка бириктирилген.

Булактар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Тышкы шилтемелер

Tags:

Кызамык тын белгилериКызамык Дарылоонун жолдоруКызамык тын тарыхыКызамык БулактарКызамык Тышкы шилтемелерКызамыкВирус

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Иманалиев Элмирбек КалиловичӨсүмдүкАк Мөөр (поэма)Бектурсун АлымовЖумушсуздукМен жана милицияЖаңыл МырзаБразилияКыргызстан тоолоруТелибай тентекКоруктарБайчечекейЦин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы күрөшүАйтиев Гапар АйтиевичКыргыз АССР Эл Комиссарлар Совети (ЭКС)КойЖоомарт БөкөнбаевШүкүрбек БейшеналиевТелескопТоктогул СатылгановДүйнөлүк диндерМурунИталияРоботБайтик баатырЭки миң сомЖасалма интеллектГалогендерКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиӨрт коопсуздугуСары-ЧелекЧоң казатПсихологияЭмчектеги балаЖусуп МамайСинтетикалык каучукКош сөздөрКыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетиКыргызстан Түрк кагандыктарынын курамындаОш облусуТянь-Шандын түндүк тизмегиКубатбек Жусубалиев«Кыргыз» этнонимиДан өсүмдүктөрүАзербайжанТуберкулёзӨспүрүм балдарДиалектЭкологиялык факторлорТемирМанас эпосунун өзөктүк окуяларыКараханийлер мамлекетиСаймалуу ташИнфляцияМамбетимин уулу КазыбекБаланын укуктары жөнүндө конвенцияСеметейдин балалык чагы. Каныкейдин Тайторуну чабышы.Кылым карытар бир күнСүйлөмМифКаныкей образыКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруИскусство таанууБөлүкчөЗаманачы акындарКүрөң аюуАк кууларТерроризмЭссеЭкологияЭпосДраматургБаткен облусу🡆 More