Дүйнөлүк диндер - дүйнөнүн түрдүү элдеринин арасында бир кыйла кеңири таралган үч дин - буддизм, христианчылык, ислам.
Башка бардык диний ишенимдерден жана тайынуулардан айырмаланып дүйнөлүк диндерге төмөндөгү белгилер мүнөздүү: 1) негизги догматтык жоболорунун абстрактуулугунун жогору болушу; 2) негиз болуучу догматтарды түшүндүрүүнүн түрдүү варианттарынын мүмкүндүгү; 3) диндин аны тутунгандардын күндөлүк турмушу менен тыгыз байланышы, турмуш-тиричилик, адеп-ахлак маселелерине тийиштүү болушу; 4) таза, туура жүрүм-турум аркылуу жеке керт баштын амандыгына жетишем деп ойлогон динчилдер үчүн негизги догматикалык постулаттардын түшүнүктүү жана талашсыз болушу; 5) Кудай алдында бардык адамдардын формалдуу тең болушу, диний маселелерде сословиялык же улуттук артыкчылыктардын жоктугу. Буддизм б.з.ч. 6-5 кк. жаралган, анын негиздөөчүсү деп индиялык принц Сиддхартха Гаутама эсептелет, Түштүк-Чыгыш жана Борбодук Азия өлкөлөрүндө таралган. Христианчылык I к. башында Палестинада жаралган, ал эми 4-к. Рим империясында үстөмдүк кылган динге айланган, Христиан дининин негиздери Библияда баяндалган. Ислам 7-к. Аравияда пайда болгон, анын негиздөөчүсү Мухаммед пайгамбар. Аны Аллах өз элчиси, пайгамбар кылып тандаган, исламдын ыйык китеби - Куран-и-Карим.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дүйнөлүк диндер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.