Нарын

Нарын — Кыргызстандагы шаар.

Нарын облусунун жана Нарын районунун административдик борбору.

Отурукташкан жай
Нарын
Нарын
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Кыргызстан
Облус Нарын облусу
Район Нарын району
Координаттар HGЯO
Мэр Тутуев Канболот Мусаевич
Тарыхы жана Географиясы
Аянты 40,51 км²
Борборунун бийиктиги 2020 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 41,781 адам (2021)
Улуттук курамы кыргыздар — 98,5%
өзбектер — 0,4%
дунгандар — 0,4%
уйгурлар — 0,3%
Этнохороним Нарындык, Нарындыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996, 3522 (мурдагысы 3145)
Почта индекси 722600
Автоунаа коду 05, N
Нарын (Кыргызстан)
Нарын

Калкы — 38 800 адам (2017-жылы). Шаардын жалпы аянты — 40,5 км².

Тарых

Нарын шаарынын аймагы - тээ байыркы таш доорунан бери эле адамзат жашаган жер. Мында Ала-Тоо археологиялык эстелик жайларында байыркы кишилердин калтырган таш куралдары табылган.

19-кылымда бул аймакта Kокондук чеп курулган.

1868-жылы орусиялык аскерлер Түндүк Кыргызстанды басып алганда, Нарында да атайын аскердик бекемделген жайды негиздешкен. Акырындап ал жай ири кыштакка жана шаарчага айлана берген.

География

Шаар Сыр-Дарыя дарыясына башат болгон Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан. Климаты - континенталдык.

Социалдык-экономикалык абал

Шаарда айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштеп чыгуу менен байланышкан бир катар чакан ишканалар (эт комбинаты, сүт комбинаты), электр тармагын тейлөө мекемелери бар.

Нарын шаарындагы «Жамал» торт кондитердик ишканасы 2003-жылы ачылып, иш үч киши менен башталган. Учурда бул ишканада 15 адам иштеп жатат. Жабдыктар Корея жана Орусиядан алынып келинип, таттуу азыктардын 35 түрү европалык жана мурдагы кеңештик технология менен жасалат.

Транспорт

Нарын шаарынын негизги унаа каражаты - автомобиль транспорту. Шаарда автобус, троллейбус жана таксилер жүрүп турат.

Шаардын чыгышында 5 чакырымдай алыстыкта Нарын аба майданы жайгашкан.

Нарын мамлекеттик университет

Шаарда Нарын мамлекеттик университети, Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын колледжи, Борбордук Азия Университети жана башка да бир катар окуу жайлар, мектептер жайгашкан.

Нарын областтык музыкалык драма театры өлкөдөгү даңазалуу театр чордондорунун бири.

Нарын шаарында таалим алган атактуу кишилер

Нарын шаарында мурдагы өлкө башчылары Аскар Акаев, Роза Отунбаева, эл акыны Эсенгул Ибраев, академик Үсөн Асанов, ж.б. таалим алышкан. Жумамүдүн Шералиев, Муратбек Рыскулбековдор Нарын шаарында жашап, эмгектенишкен

Боордош (шерик) шаарлар жана аймактар

Булактарга шилтемелер

Tags:

Нарын ТарыхНарын ГеографияНарын Социалдык-экономикалык абалНарын ТранспортНарын мамлекеттик университетНарын шаарында таалим алган атактуу кишилерНарын Боордош (шерик) шаарлар жана аймактарНарын Булактарга шилтемелерНарынКыргызстанНарын облусуНарын району

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ДинКаада-салт ырларыКүнТерминдерКургак учукКемтик сүйлөмЖаңыл МырзаКожожашУкукКлетка теориясыБүтүн сандарЭволюцияХХ кылымдын гомериДидактикалык оюндарШабдан баатырЭукариотИсламТрансформаторКан басымыБөйрөк оорусуРельефтин жалпы мүнөздөрүАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКозу карындарӨспүрүм балдарЖөтөлМанасЭмбриондук өөрчүүТеңдемеТике сөзУсундарОрозбак уулу СагымбайКөбөйүүЖылдызШахматБаш мүчөКарым-катнашӨзгөн районуТемпераментМоголстанАналитикалык химияТабигый ресурстар, жaратылышҮндүү тыбыштарЦивилизацияУлуу БританияКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыБалыкМолдо КылычБорбордук нерв системасыКлиматты калыптандыруучу негизги факторлорПрокси серверКыргызстандагы жапыз тоолор жана адырлардын рельефиКыргыз элинин калыптанышыУлуу жибек жолуМикробиологияБилим берүүАндрон маданиятыЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыМатематикаПилАмир ТемирМектепке чейинки куракТатаал сөздөрдүн жазылышыИшеналы АрабаевИсламизмЖунгар хандыгыУзакбай АбдукаимовБилим берүү системасындагы инновациялык (жаңылануу) процесстериСоциалдык тармакФразеологизмдерКыргызстандагы жаныбарларРуслан АкунКыргыз улуттук оюндарыТалмаШүкүрбеков РайканТемаИнтерактивдүү окутуу🡆 More