Географиялык Улуу Ачылыштар

Географиялык улуу ачылыштар - 15-кылымдын аягынан 17-кылымдын жарымына чейин европалык саякатчылар жасаган географиялык ири ачылыштарды белгилөө үчүн адабияттарда шартуу кабыл алынган термин.

Европада чыгыш өлкөлөрүнө түз баруучу деңиз жолун табуу идеясы алгачкы жолу 15-кылымдын аягында жаралган; ал эми 17-кылымдын ортосунда деңпз жолдорунун бири ачылып, эгерде дагы жол болсо, анын практикалык мааниси жокко эсе деген пикир пайда болгон. Четөлкөлүк адабияттарда бул мезгил 15-кылымдын ортосунан 16-кылымдын ортосуна чейинки аралыкты камтыйт. Анткени бул мезгилде маанилүү географиялык ачылыштар ургаалдуу жүрүп, Европанын жана бүткүл дүйнөнүн өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизген. 20-кылымдын аягынан, Амерпканын жана Индпяга деңиз жолунун ачылгандыгына 500 жылдыгы болгон, бирок аларды белгилөө мааракесинин алдында географиялык улуу ачылыштардын тегерегинде талаш-тартыш курч жүргөн. Мисалы, Латын Америкасынын, Азиянын жана Африканын айрым өлкөлөрүнүн коомдук ишмерлери жана окумуштуулары «өзүлөрүнүн эзилүүсүнүн башгалышын майрамдоодон» баш тартып, «жаңы ачылган» деген терминди «маданияттардын жакындашы» же «бир маданияттан экинчи маданиятка өтүү» түшүнүктөрү менен алмаштырууну сунуш кылган. Географиялык улуу ачылыштардын болушуна бир нече себеп болгон. Европада шаарлардын өсүшү жана товар-акча мамплесинин өнүгүшү, алтын, күмүш жана башка кымбат металлдардын жетишсиздиги жаңы жерлерди, Азпя өлкөлөрү менен түз соода жолдорун таап, ал жактан пил сөөгүн, баалуу аң терилерин жана морждун азуусун, ошондой эле татымалдарды жана башка алууга үмүттөнүшкөн. Европанын экономпкасынын өнүгүүсү байлыктын «чордону» деп эсептелген Чыгыш өлкөлөрүнө тыгыз соода түзүү менен байланыштырылган. 15-кылымдын ортосунда Осмон империясынын басып алууларына байланыштуу Кпчп Азпя менен Сирия аркылуу Чыгышка каттаган соода жолу жабылып калгандыктан, Чыгыш менен түз байланыштыруучу деңиз жолун табуу өтө зарыл болгон. Мында диний-саясий себептер да болгон. Византия урагандан кийин бүт Европага осмондор коркунуч туудура баштагандыктан, христиандар Чыгыштан диндештерипн издей баштаган. 12-кылымдан баштап пресвитер Иоанндын христиан өлкөсү жөнүндө легенда пайда болгон; аны 15-кылымдан христиандык Эфпопия деп эсептешкен. Европалыктар ал өлкөнү таап, аны менен мусулмандарга каршы союз түзүп, осмондордун басып алуусун токтотууга, Константпнополду бошотуп, кресттүүлөрдүн жортуулун улантып, Кудай табытын кайрып алууга умтулушкан. Географиялык улуу ачылыштар европалык илим менен технпканын жетпшкендпктерпнпн натыйжасында гана мүмкүн болгон. Ылдам жүрүүчү жана ийкемдүү парустуу кемелер каравеллалар керектүү багытты жана кеменин ордун аныктоочу ириборлор жана таблицалар (астролябия, компас, Региомонтан таблицасы), маалыматтарды кеңири так чагылдырган географиялык карталар пайда болгон. 15-кылымдын аягында Жер шар формасында экендиги жөнүндөгү божомол да маанилүү роль ойногон. Ошол эле убакта Европада 15-кылымдын ортосунда навигация жана жаңы ачылган жерлер жөнүндөгү маалыматнаама китептер чыга баштаган. Ал мезгилде Географиялык улуу ачылыштарга башка өлкөлөргө караганда Испания менен Португалия даяр эле. Аларда ыңгайлуу порттор, байыртадан эле деңпзге байланыштуу көптөгөн салттар калыптанып, географиялык абалы Атлантика океанына чыгууга өбөлгө болгон. Португалия 13-кылымдын ортосунда өзүнүн аймагында Реконкистаны (бошотуу) аяктап, 15-кылымдын башталышында эле деңиздик ири экспанцпяга даяр болгон. 15-кылымдын аягында Испания да деңиз саякатына даяр эле, каратып алган Канар аралдарын башка аймактарга саякат жасоодо негизги база катары пайдаланган. Адатта, географиялык улуу ачылыштарды 2 мезгилге бөлүшөт: 1) 15кылымдын аягы 16-кылымдын ортосу эң маанилүү ачылыштар жасалган мезгил; мында Португалия менен Испания маанилүү роль ойногон; 2) 16-кылымдын ортосу 17-кылымдын ортосу Англия менен Голландиянын географиялык ачылыштары үстөмдүк кылган мезгилимий Бул мезгилдерде орус жеркезүүчүлөрү Сибирге жана Ыраакы Чыгышка саякат жасашкан. Биринчи мезгилдин башталышында португалиялыктар Африканын батыш жээгин бойлой Гвинея булуңуна чейин жетип, каратып алган аймактарды өздөштүрө баштаган. 40 жыл бою (1460-ж. чейин) мындай саякаттарды уюштурууда деңпз саякатчы Энрпкенпн ролу зор болгон. 1460-70-ж. португалпялыктардын түштүктү карай саякаты убактылуу токтогон, анткени Гвинея булуңунун жээгиндеги байлыктарды (алтын, пил сөөгү жана башка) өздөштүрүүгө убакыт керек эле. 1480-жылдары саякат кайра күч алган. 1482-84-ж. жана 1484-86-ж. (же 1487) Д. Кан баштаган 2 экспедиция түштүктү карай 2500 км жүрүп, Намиб чөлүнүн жээгине (22° түштүк кеңдик) жеткен. 1487-88-ж. Б. Диаш Африка материгинин түштүк учун бурулуп өтүп, Инди океанына чыккан. 1480-жылдары X. Колумб Чыгыш өлкөлөрүнө батыштан жол табуу долбоорун сунуш кылган. 1492-93-ж-дагы саякатында (Испаниянын желеги менен) алгачкы жолу Атлантика океанын субтропик кеңдиктери аркылуу кесип өтүп, Багама, Куба, Гаити аралын ачкан. Багама аралына алгачкы жолу түшкөн күн 1492-ж. 12-октябрь Американын расмий ачылышы деп эсептелинет. Андан кийин Колумб дагы 3 жолу (1493-96, X. Колумбдун Америкага жасаган 1-саякаты (Пинта, Нинья жана Санта-Мария кемелери). 1498-1500, 1502-04) саякат жасап, Чоң Антил аралын бүт, Кичи Антил аралынын көбүн, ошондой эле Ориноконун чатына жакын жерди, Юкатан жарым аралынан баштап, Дарьен булуңуна чейинки жээкти ачкан. Испания менен Португалиянын ортосундагы жаңы ачылган жерлер боюнча келишпестикти Тордесильяс келишими (1494) жөнгө салган. Бирок, бул келишимден тышкары калган башка өлкөлөр аны четке кагып, 1497-ж. Англия Географиялык улуу ачылыштарга кошулган: Ж. Кабот (итал. деңиз саякатчы) Япония менен Кытайга жетүү аракетинде Ньюфаундленд аралын (1497) жана Түндүк Американын жээктерин (1498) ачкан. Кийинки ачылыштар негизинен португалиялыктардын Инди океанынын алабына, испаниялыктардын жана португалиялыктардын Латын Америкасына жасаган экспедицияларына байланыштуу. 1497-99-ж. Васко да Гама Батыш Европадан баштап, Түштүк Африканы айланып Индияга баруучу (1498) деңиз жолун ачкан. 1500-ж. португалиялык П. Алвариш Кабрал Индияга баратып, Бразилиянын айрым жээктерин ачкан, ошондон кийин португалиялыктар ал жерлерди колониялаштыра баштаган; ошол эле саякатта Мадагаскар аралы да ачылган. Португалиялыктар Африканын чыгыш, Индиянын батыш жээктеринде бекемделип, 1509- жылкы деңиз салгылашуусунда Египеттин каршылыгын басып, 1511-ж. Малакканы басып алган; кийин ал андан аркы саякаттарга негизги база болуп калган. 1512-ж. Молукка аралына (Татымал аралына), кийинчерээк Кытай менен Японияга жеткен. Жаңы Дүйнөдө испандар активдүү болгон: А. де Охеда жана А. Веспуччи, В. Яньес Пинсон, Д. де Лепе (1499-1500), Р. де Бастидас (1500-1502) жана башка Түштүк Американы жээктей Дарьен булуңунан 16° түндүк кеңдикке чейин жеткен. 1509-28-ж. Юкатан жарым аралынын жана Мексика булуңунун жээктерин изилдеген; 1513-ж. X. Понсе де Леон «түбөлүк жаштык булагын» издеп жүрүп, Флорида жарымаралын жана Гольфстрим агымын ачкан. 1519-ж. А. Альварес де Пинеда Мексика булуңунун түндүк жээгин бүт кыдырган. 16-кылымдын башталышында океандын аркы четинде табылган жер Азия эмес, мурда белгисиз жаңы дүйнө экендиги айгинеленди. Бирок, Американын байлыктары ачыла элек болгондуктан, аны Чыгыш өлкөлөрүнө баруучу жолдогу тоскоол деп эсептешкен. 1513-ж. В. Нуньес де Бальбоа Панама мойногун кесип өтүп, Тынч океанга чыккан, аны Түштүк деңиз деп атаган. Атлантика океанын ал деңиз менен туташтыруучу кысыкты табуу аракетинде Д. Диас де Солис 1516-ж. Ла-Плата булуңун иликтеген. Эки океанды туташтырган кысыкты Ф. Магеллан баштаган испан экспедициясы таап, андан ары океанды кесип өтүп, Филиппин жана Молукка аралына жетип, X. Колумбдун батыш аркылуу Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачуу тилегин ишке ашырган. Магеллан каза тапкандан кийин анын экспедициясынын X. С. Элькано баштаган калган мүчөлөрү Инди жана Атлантика океандары аркылуу Испанияга кайрылып келип, дүйнөнү биринчи жолу айланып чыккан (1519-22). Ошол эле убакта Американы ээлеп алуу (конкиста) процесси башталган. 1517-18-ж. Ф. Эрнандес де Кордованын жана X. Грихальванын экспедициялары Мексика тарапты чалгындагандан кийин, анын Борбордук бөлүгү ацтектердин өлкөсү Э. Кортес тарабынан басып алынган (151921). 1520-30-ж. испандар (Кортес, П. де Альварадо, К. де Олид жана башка) Мексиканын калган аймактарын, Гватемала, Гондурасты басып алып, андан ары Борбордук Американы жээктей Калифорния жарымаралынан азыркы Панамага чейин жеткен. 1527-29-ж. А. де Сааведра Мексикадан Молукка аралына жана Кытайга чейин жетип, каршы соккон шамалдан кайра артына кайрыла албай калышкан; бирок, Адмиралтейства аралынын бир бөлүгүн, Маршалл, Каролина аралын ачкан. А. Нуньес Кавеса де Вака (1529-36), Э. де Сото (1539-42) жана Ф. Васкес де Коронадо (1540-42) азыркы АКШнын түштүк бөлүгүн изилдешкен. 1526-35-ж. Ф. Писарро баштаган конкистадорлор инктердин Тауантинсу өлкөсүнө жетип, анын Борбордук бөлүгүн каратышкан. 1535-37-ж. Д. де Аль-магро Перудан түштүктү карай саякат жасап, европалыктардан биринчи болуп Анд тоолорун кесип өтүп, 36° түштүк кеңдикке чейин жеткен. 1540-53-ж. П. де Вальдивия Чилини каратып алуу максатында 40°түштүк кеңдикке чейин барган. 1536-37-ж. Г. Хименес де Кесада алтынга бай Эльдорадо өлкөсүн издеп жүрүп, Колумбияны каратып алган; аны өнүккөн цивилизациялуу чибча-муисктер мекендеген. Ориноко дарыясынын төмөнкү жана жогорку агымдарын 1531-32-ж. Д. де Ордас изилдеп, ал эми Ф. де Орельяна 1541-42-ж. Амазонка аркылуу Түштүк Американын эң жазы жерин кесип өткөн. Башка конкистадорлор Ла-Плата булуңунан баштап, Парана жана Уругвай дарыясын изилдеген. 1520-жылдардан Географиялык улуу ачылыштарга фр. изилдөөчүлөр катыша баштайт. 1524-ж. Ж. Верраццано Атлантикадан Тынч океанга жол издеп, Түндүк Американын чыгышын жээктей түндүк кеңдиктин 34°нан 46°суна чейин жеткен; ал эми 153436-ж. Ж. Картье Ыйык Лаврентий булуңун жана дарыясын (Оттава дарыясынын чатына чейин) изилдеген. Ал Улуу көлдөр жөнүндөгү маалымат алгандан кийин, аны Тынч океан деп эсептеген. Ал эми Улуу көлдөр француздар тарабынан (С. Шамплейн жана башка) ачылган. Географиялык улуу ачылыштардын экинчи мезгилинин башталышында Португалия менен Испания мурда ээлеп алган зор аймакты өздөштүрүү башталгандыктан, демилге Англияга, кийинчерээк Голландияга өткөн. Буга чейин Чыгыш өлкөлөрүнө Африканы жана Американы айланып өткөн деңиз жолдору ачылып, алар Португалия менен Испаниянын көзөмөлүндө тургандыктан, Түндүк-Батыш жана Түндүк-Чыгыш жолдорун табуу аракети башталган. 1553-ж. Түндүк-Чыгыш өткөөлүн табуу максатында Х. Уиллоби жана Р. Ченслер баштаган англиялык экспедиция Россия менен соода катнашын түзгөн. 16-кылымдын аягында ТүндүкЧыгыш өткөөлүн аныктоо үчүн Голландия катары менен 3 экспедиция (1594, 1595, 1596-97) уюштурган. Анда негизги ролду В. Баренц ойногон. Бирок, голландиялыктар Жаңы-Жер аралынан чыгышты карай өтө албай, тарыхта 1-жолу уюлдук аймакта кыштаган; андан кийин чыгышты карай саякат биротоло токтотулган. Түндүк-Батыш жолду табуу максатында жөнөгөн М. Фробишер, Ж. Дейвис, Г. Гудзон, Р. Байлот, У. Баффин, Л. Фокс жана башкалар баштаган англ. экспедициялар 1570-жылдардан 1630-жылдарга чейин Түндүк Американын уюлга жакын бөлүгүнөн көптөгөн аралдарды, кысыктарды, булуңдарды, андан ичкери Гудзон булуңун да (1610) ачкан. Бирок алар Тынч океанга өткөөлдү, ошондой эле алгылыктуу байлыкты табалган эмес. 1630-40жылдарда деңиз саякатчылары Түндүк-Батыш өткөөлү болсо да, ал соода жолу боло албайт деген тыянакка келген. Түндүк-Чыгыш жана Түндүк Батыш жолдорун издөө натыйжасыз болсо да (алар 19-20-кылымда гана ачылган), жалпысынан түндүктөгү деңиздер жана жерлер боюнча көп маалыматтар чогулган, балыкка жана китке бай райондор табылган. Географиялык улуу ачылыштарга англиялык деңиз каракчысы Ф. Дрейктин да салымы болгон, ал 157780-ж. дүйнөнү 2-жолу (Магелландан кийин) айланып чыгып, Оттуу-Жер аралын Антарктидадан бөлүп туруучу кысыкты, Түндүк Американын Тынч океандык жээгинин бир бөлүгүн ачкан. Испаниялыктар 16-кылымдын 2-жарымы 17- кылымдын башталышында Библиядагы Офир өлкөсүн, ошондой эле Белгисиз Түштүк Жерин (анда ал түштүк кеңдиктердеги жетүүгө татаал зор аймак деп эсептелчү) табуу максатында Перудан Тынч океан аркылуу 3 экспедиция уюштурган. 1568-ж. Соломон аралын А. Менданья де Нейра ачкан, бирок анын узундуктарын жаңылыш эсептеп алып, 1595-ж. аны кайра таба албай калган. 1605-07-ж. Соломон аралын издөөгө чыккан П. Фернандес де Кирос башкарган экспедиция Жаңы Гебрид аралын ачкан; эки кемени башкарган Л. Ваэс де Торрес биринчи болуп Жаңы Гвинея менен Австралияны бөлүп турган кысык аркылуу өтүп, Австралияны Белгисиз Түштүк Жердин тумшугу деп эсептеген. Торрестин бул ачылышы жашыруун кармалып, 18-кылымда гана белгилүү болгон. М. Лопес де Легаспи баштаган экспедициянын мүчөлөрү маанилүү ачылыштарды жасап, анын негизинде Филиппинди колониялаштыруу башталган: 1565-ж. А. де Урданета түштүк кеңдиктерден айырмаланып, 40° түндүк кеңдикте соккон шамал Тынч океанды чыгышты карай сүзүп өтүүгө ыңгайлуу шарт түзөрүн белгилеген. Натыйжада Азия менен Американын ортосунда туруктуу катнаш түзүлгөн. 16-17-кылымдын чегинде голландиялыктар португалиялыктарды Индонезиядан сүрүп чыгарган. Голландиялык В. Янсзон 1605-06-ж-гы экспедициясында Австралиянын жээгине 1-болуп жетип, аны Жаңы Гвинеянын жээги деп эсептеген. Африканын түштүгүнөн Ява а-н карай ыңгайлуу деңиз жолун издөөдө Х. Браувер 1611-ж. мурдагы жолдон түштүгүрөөктөн ыңгайлуу жаңы жолду тапкан. Ал жол аркылуу голландиялыктар бир нече жолу Австралиянын батыш жээгине жетип, 1616-36-ж. анын кыйла бөлүгүн ачкан. 1642-43-ж. голландиялык А. Тасман Австралияны айланып өтүп, аны Белгисиз Түштүк Жердин бөлүгү эмес экендигин аныктаган; анда кийин өзүнүн урматына аталган аралды ачкан. Бул саякатта ошондой эле Түндүк жана Түштүк аралдар (Жаңы Зеландия) ачылган. А. Тасман 1644-жылдагы саякатында Австралиянын түндүк жээги боюнча туташ тилкени түзгөн 5500 км аралыкты сүзүп өтүп, Австралиянын өзүнчө материк экендигин аныктаган. Бирок, аймак голландиялыктарды кызыктырган эмес, аны андан ары иликтөөнү токтоткон. Батыш Европа өлкөлөрүнүн деңиз саякаттарынын мезгилинде орус жеркезүүчүлөрү 16-кылымдын аягында Сибирге кирип, 17-кылымдын 1-жарымында Түндүк Азияны кесип өтүп, Охота деңизине жеткен. Жеркезүүчүлөр саякат учурунда Сибирдин улуу дарыяларына байкоо жүргүзүп, орус деңиз саякатчылары Азиянын түндүк жээги аркылуу сүзүп өткөн. 1648-ж. Ф. Попов С. Дежнёвдун экспедициясы Түндүк Муз океандан Беринг кысыгы аркылуу Тынч океанга өтүп, Азия эч жерде Америка менен туташпагандыгын аныктаган. Бирок, бул ачылуу анча белгилүү болгон эмес; кийин бул саякат В. Беринг тарабынан кайталанган. Географиялык улуу ачылыштардын мааниси өтө зор болгон. Анын негизинде европалыктардын дүйнө жүзү жөнүндө ой-пикири кыйла кеңейген. Европалыктар жалпысынан эки дүйнө бөлүгүн Америка менен Австралияны ачып, бардык материктердин контурун аныктаган. Дүйнөнү айланган 1-саякаттан кийин Жер шар формасында экендиги, материктер бүт бүтүндөй бир Дүйнөлүк океан менен чулганары, анын көптөгөн агымдары аныкталган. Жер жүзүндө кургактыкка караганда океан суусу алдаганча зор экендиги айгинеленген. Ошол эле убакта Американын, Африканын жана Австралиянын ички аймактары Дүйнөлүк океандын тереңдиктери сыяктуу эле изилдене элек эле. Географиялык улуу ачылыштар табигый илимдерге, этнографияга, тарыхка көптөгөн жаңы материалдарды берди. Түрдүү диндеги жана салттагы коомдун турмушу менен таанышкан европалыктар дүйнө көп жактуу экендигине ынанышкан. Алтын доору жана Американын жергиликтүү жашоочуларынын таза ишеними Кайра жаралуу, Реформация доорлорунун идеялары, социалдык утопия менен үндөшкөн. Ошол эле убакта европалыктардын алыс жашаган элдер менен баарлашуу тажрыйбасы өзүлөрүнүн тарыхый-маданий жактан бирдей экендигине ынанышкан. Алыскы өлкөлөр жөнүндө жаңы маалыматтар европалык адабиятты жана искусствону байыткан. Географиялык улуу ачылыштар Европадагы социалдык-экономикалык процесстерге таасирин терең тийгизип, капиталдын алгачкы топтолуусуна шарт түзгөн. Колониялар сырьё булактары жана европалык товарларды сатуучу рынок болгон. Негизги соода жолдорунун Жерортолук деңизден Атлантика океанына которулушу айрым өлкөлөрдүн (Италия, Түштүк Германия) экономикасын төмөндөтсө, башкаларыныкын (Испания, Португалия, кийинчерээк Англия менен Голландия) кыйла күчөткөн. Америкалык баалуу металлдардын сыртка көп чыгарылышынан улам Европада алтындын айлануусу эки, күмүштүкү үч эсе көбөйгөн; натыйжада бүт Европа боюнча өтө керектүү нерселердин баасы кескин көтөрүлүп, калктын бир катмарын жакырдантып, калганын байытып жиберген. Соода байланышынын алгач Европа менен башка дүйнө бөлүктөрүнүн, кийин Америка, Азия жана Африканын ортосундагы байланыштардын кеңейиши дүйнөлүк рыноктун түзүлүшүнө алып келген. Эл-аралык мамиледе негизги орунду соода жолдорун көзөмөлдөө үчүн эрегиштик, күчтөнүп жаткан өлкөлөрдүн колонияга ээ болууга умтулуусу жана аларды бөлүштүрүү үчүн күрөшү ээлеген. Колониялардын байлыгынын негизинде метрополиялар Европада өз позицияларын чыңдаган. Экономикалык өнүгүү темпи алынып келинген байлыкты пайдалануу ыкмасына байланыштуу болгон. Натыйжада Англия менен Голландия алдыга озуп, ал эми Испания менен Португалия артта калган. Бирок, географиялык улуу ачылыштар европалыктар үчүн терс таасирин да тийгизген: колонияларга массалык эмиграциянын башталышынан Испания менен Португалиядан өндүргүч күчтөр кете баштаган. Америкадан алынып келинген жаңы айыл чарба өсүмдүктөрү (картөшкө, жүгөрү, томат, чай, кофе, какао, гозо) европалыктардын тамак-аш рационун олуттуу өзгөрткөн. Географиялык улуу ачылыштарда пайда болгон колониялык система дүйнөнү негизинен бириктирген, ошол эле убакта дүйнө өлкөлөрүн эки негизги топко бөлүп койгон: 1) тез байып кеткен метрополия; 2) европалык экспанциянын кыйраткыч таасиринен жапа чеккен колониялар. Географиялык улуу ачылыштардын жана колониялаштыруунун таасири Азиянын, Африканын жана Американын элинин тагдырына бирдей таасирин тийгизген эмес. Азияда европалыктар 18-кылымга чейин стратегиялык мааниси бар пункттарга гана көзөмөл жасаган, бирок, алардын таасири акырындап кеңейе баштаган. Португалиялыктар орноткон соода монополияларынын режими саясий жана диний карама-каршылыктарды күчөтүүгө жана колдоого негизделгендиктен, ал Алдыңкы Азиядагы жана Түштүк Азиядагы кырдаалга таасирин тийгизген. Европалык экспанциянын кыйраткыч таасири айрыкча Африкага тийген; андагы кул сатуу процессии көп аймакты ээн калтырып, континенттин тарыхый өнүгүү жолуна таасирин тийгизе баштаган. Латын Америкасында конкистадорлордун ырайымсыздыгы жана европалыктар алып келген оорулардан алгач жергиликтүү калктын саны кескин азайып кеткен. Кийинки кыйла жакшыртылган саясатты жүргүзүүнүн натыйжасында анда европалыктар менен индейлердин белгилеринин айкалышынан бирдиктүү латын-америкалык коом жана мадабият жаралган. Географиялык улуу ачылыштар диний географиядагы айрым өзгөрүүлөргө да түрткү болгон. Европалык миссионерлердин зор масштабдагы аракетинен христиан дини Азияда, Африкада, өзгөчө Америкада, испандар менен португалдар диний үгүт жүргүзгөн жерлерде католицизм, англистер менен голландиялыктар жеткен жерлерде түрдүү реформациялык, көбүнчө кальвинисттик маанайдагы агымдар калыптанган. Картасы 648-649-беттерде.

Колдонулган адабияттар

Tags:

АКШАтлантикаИндияИспанияПортугалия

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

МээАныктоочЭлектр тогуСелкинчекКыргыз киносуКөкө уулу ЖеңижокТилБалыкОмонимАктБарпы АлыкуловГепатит АКан тобуБакайТоо арасында (роман)Боз үйдүн ички жасалгасыИнфляцияЖай мезгилиHTMLБагыныңкы сүйлөмАстрономияЭлектр каршылыгыЖаңыл МырзаИчки Теңир-ТооАк канКыргызстандагы корголуучу жайларМеталл эместерЖандоочСооронбай ЖусуевЖылдызӨзгөчө кырдаалСтильТоголок Молдонун чыгармаларыЖылдыздуу асманТабигый ресурстар, жaратылышКазат АкматовПётр ШубинВитаминдерЖөргөмүшГипотезаБөйрөк ишинин начарлашыБиологияМутациялык селекцияШайлообек ДүйшеевАтлантика океаныМахабат дастаныБиринчи мугалимТүлкүлөрАк Мөөр (поэма)Ден соолукПолот ханБүркүтКыргыз элдик оозеки чыгармаларЫктымалдуулук теориясыТукум куума ооруларСалыкШабдан баатырГенетикаЭволюцияМайрамдарДидактикаЖер тобундагы планеталарБанкЩелочтуу металлдарМорфологияАкынАтайын салыштырмалуулук теориясыМүчөАнатай ӨмүркановСын атоочФотосинтезСуу, суутек оксидиЖалал-АбадСүйүнбай ЭралиевЖыланКалендарьАз кандуулукИндия🡆 More