Насирдин Байтемир - жазуучу, акын, драматург.
1916-жылдын апрель айында Чүй районунун Кегети айылында дыйкандын үй-бүлѳсγндѳ туулган.Айылдык мектепти бүтѳѳрү менен Фрунзедеги зооветинституттун даярдоо бѳлγмγнѳ ѳтγп, 1934-жылы 1-курсуна кабыл алынат. 1934-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде «Жаш тилек» аттуу алгачкы ыры жарыяланат. 1937-1939 жылдары аскер кызматын ѳтүп келери менен энесинин, айрыкча агасы Касымдын айткан жомокторунун негизинде жазылган «Жомоктор» деген китеби жарык кѳрѳт. Белгилγγ прозаик, акын жана драматург Насирдин Байтемировдун апасы жомокчу, кошокчу болгон. Энеси Аруукенин кошоктору, Калмырза, Жаманкул менен Осмонкул сыяктуу атактуу ырчылардан уккан жанды тандаткан,нѳшѳрлѳп тѳгγлгѳн ырдын арасында чоңойгон.
Насирдин Байтемир | |
Туулган датасы: | 14 -апрель 1916 |
---|---|
Туулган жери: | |
Өлгөн датасы: | |
Өлгөн жери: | Бишкек |
Согуш жылдарында ал айылда жγрγп,бухгалтер,зоотехник,мугалимдин жана комсомолдук иштерде иштеди. Дал ушул элет жеринде Н. Байтемиров жазуучу γчγн эн зарыл болгон турмушту γйрѳнγγ менен кийинки жазылуучу чыгармаларына бай материал жыйнайт. 1945-жылы Фрунзеге келип, «Кызыл Кыргызстан» газетасына кызматка орношот. Ушундан баштап эл аралап,чонураак чыгарма жазууга камынды. Натыйжада «Азамат» аттуу повесттин жарыкка чыгарды. Мында автор согуш учурундагы ѳлкѳнγ коргоо γчγн бγткγл кайрат-кγчγн жумшаган кыргыз учкучу Азаматтын образын тγзγγгѳ аракеттенет. Ошондой эле ооруктагы оор окуяларды ишунимдγγ сγрѳттѳѳ менен, кыргыз элинин убадага, достукка, сγйγγгѳ бекем асыл сапаттарын таамай чагылдырууга далалаттанат. Н. Байтемиров жетишерлик турмуштук, жазуучулук тажрыйба топтогон кезде да адабий билимин кѳтѳрγγнγ энсеп, Москвадагы М. Горький атындагы адабият институтуна кирип,аны 1955-жылы бγтγрдγ. Жазуучунун «Акыркы ок» романынын жарык кѳрγшγ дал ушул жылга туш келет.Буга аялдар темасындагы γч романы жарыяланып, алар авторду кыргыз адабиятындагы белгилγγ романчы катары таанытты. «Жылдызкан» романында сγрѳткер «Жаш жγрѳктѳрдѳй» даяр каарманды албастан, Жылдызкандын кичинекей кезинен тартып кандай турмушту башынын ѳткѳргѳнγн,кѳз карашынын калыптанышын, кулк-мγнѳзγн, дγйнѳ таанымын ар тараптан кенири сγрѳттѳп жγрγп олтурат.1966-жылы жарык кѳргѳн «Тарых эстелиги» сγрѳткерге реалисттик проза жазуунун чыгаан ѳкγлдѳрγнγн бири, тарыхый роман жаратуунун чыныгы мастери атак-данк алып келди. Н.Байтемиров γчγн «Уркуя» эч качан ѳзγнγн актуалдуулугун жоготпой, ал гана эмес, биротоло жазуучунун стихиясына айланып кеткендиктен, автор бул темага кайра-кайра кайрылып, «Уркуя» поемасын, «Уркуя» драмасын жазып, ар кандай жанрдагы жаны чыгармаларды жарата берγγдѳн тажаган жок. Ал «Уркуядан» башка да «Кγйѳѳ», «Ким кγнѳѳлγγ?», «Жолдо», «Адамдын аты» драмаларын, «Эненин жγрѳгγ», «Аста,секин колукту» музыкалуу комедияларын жазган.Эн негизгиси, Н.Байтемировдун калеминен «Сонундар дγйнѳсγ» (1967), «Турмуш элегии» (1972), «Санта» (1970), «Козголончу аял жана сыйкырчы» (1984) сыяктуу кѳркѳм дѳѳлѳттѳр жаралып, кыргыз адабиятыда роман жанрынын бѳксѳсγн толтурууга зор γлγш кошту.Н.Байтемиров –поезия жанранда да γзγрлγγ эмгектенген кыргыз акындарынын ирилеринин бири.Башкасын айтпаганда да, «Жγрѳк кγγсγ» (1955), «Сγйгѳнγм» (1957), «Канаттуу кγндѳр» (1964), «Эриген таш» (1969), «Махабат дастаны» (1975), «Махабат жазы»(1979), «Махабатым –канатым» (1981) сыяктуу кѳлѳмдγγ ырлар жыйнактарынын ѳзγ эле кыргыз поезиясынын тарыхынан кѳрγнγктγγ орундардын бирин алып берγγгѳ кудурети жетет.
Фрунзедеги зооветеринария институтунда окуган. 1955-жылы Москвадагы М. Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн.
1945-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитинин өз кабарчысы, 1947-1950-жж. жана 1955-1967-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун адабий консультанты, 1967-1978-жж. «Кыргызстан маданияты» жумалыгына атайын кабарчы болуп иштеген.
Н. Байтемиров чыгармачылык ишин ыр жазуудан баштаган. Алгачкы китеби «Жомоктор» деген ат менен 1939-жылы жарыкка чыккан. Кыргыз Республикасынын Эл акыны.
«Махабатым канатым» аттуу жыйнагы 1984-жылы Кыргыз мамле-кеттик Токтогул атындагы сыйлыкка татыктуу болгон. Акын көптөгөн поэмалар, ырлар менен катар «Күйөө», «Айып кимде», «Уркуя» пьесаларынын, «Аста секин колукту» музыкалык комедиясынын либреттосун жазган. «Отко таазим» көркөм фильмин түзүүчүлөрдүн бири.
Н. Байтемировдун чыгармалары орус, украин, айрымдары чет тилдерге которулган. М.Ю.Лермонтовдун, В.В. Маяковскийдин, А.Навои ж. б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Н.Байтемиров «Кызыл Туу», «Ардак белгиси», «Эл достугу» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Насирдин Байтемиров, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.