Сарык:

Сарык — өт пигменти — билирубин канда жана ткандарда топтолушунан теринин, көздүн агы жана былжыр челдин саргарып кетиши.

Боорду жабыркаткан ооруларда билирубин пайда болуу жана аны ичегиге бөлүп чыгаруу бузулат, заң агарып, заара кочкулданат. Өт жолдорунун таш оорусунда жалпы өткөөлдү таш бүтөп калып, өт ичегиге өтпөй, билирубин канда көбөйөт. Мындай сарыкта заң агарып, заара кочкулданат, тери дүүлүгүп кычышат.

Сарык:
Сарык менен ооруган кишинин көздөрү

Гемолиздик сарык

Гемолиздик сарык кандагы эритроциттер көп ажырап, андагы билирубиндин бөлүнүшүнөн болот. Ал көбүнчө тубаса же кийин пайда болгон гемолиздик аз кандуулукта байкалат. Мында заң агарбайт, заара сыяктуу эле кочкул түстө болот. Саргаруу адегенде көздүн агында, жумшак таңдайда, тилдин алдында, андан кийин териде байкалат. Сарык байкалар замат врачка кайрылуу зарыл. Себеби сарык вирустуу гепатиттин кесепетинен болсо айланадагыларга жугат. Эгер өт жолдорун таш бүтөп калуудан сарык болсо операция жасоого туура келет.

Ымыркайлар сарыгы

Ымыркайлар төрөлгөндөн 2—3 күндөн кийин физиологиялык сарык болот. Ал убактылуу боор начар иштегенден болуп, 1—2 жумадан кийин өзү жоголот. Эне менен баланын кан сыйышпастыгынан ымыркайлардын гемолиз оорусу пайда болот.

Колдонулган адабият

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

Боор(медицина)Боордун циррозуВирустуу гепатитЗаараЗаңКанКөзӨтӨт жолдорунун таш оорусу

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Касымалы БаялиновМактумгулуСанат-насыят ырларыУкукЖаан-чачынМарсКыргыз автономиялуу облусуМанастын туулганыМанасШүкүрбек БейшеналиевКөк бөрүОрозбак уулу СагымбайТерминдерАрызХайду мамлекетиӨнөр жайЭркин түшүү ылдамдануусуЛокал (Жергиликтүү) ТармакОлимпиялык оюндарЖусуп МамайМахмуд КашгариКызыл китепКүндөрдүн аталышыТок күчүСынган кылычУсун мамлекетиКыргыздардын тарыхыСүт эмүүчүКүкүрт кислотасыКөп маанилүү сөздөрОрозов КарамолдоКислоталар жана негиздерКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруУлуу Кыргыз ДөөлөтүЭкономика жана саясатСарыбагышСоциалдык тармакКара кытайлар (кара кидандар)Кыргыз композиторлоруМидин АлыбаевСүйлөмСак уруусуТалас облусуУлуу жибек жолуГүлсаратКырк чороИчки Теңир-ТооМихаил ГлинкаКонсументтерСуу, суутек оксидиБарсбек каганСинтаксисТянь-Шандын түштүк тизмегиСибирь кыргыздарыАк кууларИскусство таанууОрганизмСүймөнкул ЧокморовДүйнөлүк диндерПублицистикаДиалектЗат алмашууКош сөздөрКан агууСимметрияЖыл мезгилдериАтомАскар АкаевАдабий тилНатуралдык санТүндүк Кыргызстандын Россия менен элчилик алакаларыЧоң казатАлай өрөөнүСууСөз айкашыТоктогул ырчыБаяндоочЛазер🡆 More