Курмангазы Сагырбай уулу (1823, Жаңакала аймапы, Жидели конушу, азыр Батыш Казакстан облусу — 1889, Россия, Астрахань облусу, «Шайтан батага» конушу; сөөгү Астрахань облусунун Володар районундагы Алтын-Жар айылына коюлган) — казактын күүчү-композитору, домбрачысы.
Алгачкы устаты Узак күүчү болгон, кийин атактуу домбрачылар Байжума, Баламайсан, Есжан, Шеркештен таалим алып, өнөрүн өркүндөткөн. Курмангазынын бүткүл өмүрү жана чыгармачылыгы казак жерин даңктоого жана адилетсиздик менен зордук-зомбулукка каршы күрөшкө арналган. Курмангазы 70тен ашык күүнүн автору: «Акбай», «Аксак кийик», «Көбүк чачкан», «Түрмөдөн качкан», «Адай», «Сары Арка», «Кызыл кайың», «Балбыраун», «Кайран энем», «Бал каймак», «Терс какмай» ж. б. Кийин күүлөрүнүн көбү жыйналып, нотага жазылган жана казак эл аспаптар жана симфониялык оркестрлер үчүн иштелип чыккан. Казактын айрым композиторлору Курмангазынын чыгармаларын өздөрүнүн опера, хор, симфония, камералык музыкасына пайдаланган (мисалы, А. Жубановдун «Курмангазы» операсы, Е. Брусиловскийдин «Курмангазы» симфониясы). Казак эл аспаптар оркестри жана Алматы мамлекеттик консерваториясы Курмангазынын ысмында.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Курмангазы Сагырбай уулу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.