Акжол Махмудов (төр.
15-апрель, 1999; Ош облусу, Кыргызстан) — Кыргызстандык спортчу ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери, Дүйнө чемпиону (2022, 2023) Азия чемпиону (2018, 2022,2023), Азия оюндарынын (2023) алтын, (2018) күмүш жана Олимпиада оюндарынын (2020) күмүш медалчысы. Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча көп жолку чемпиону. Эл аралык даражадагы спорт чебери.
Акжол Махмудов | |
Жеке маалыматы | |
---|---|
Жынысы | Эркек |
Толук аты-жөнү | Махмудов Акжол Махамажанович |
Жарандыгы | |
Чеберчилиги | Грек-рим күрөшү |
Төрөлгөн датасы | 15 -апрель 1999 (25 жаш) |
Төрөлгөн жери | |
машыктыруучу | Мейрамбек Ахметов |
Бою | 175 см |
Салмагы | 77 кг |
Спорттук чини | Кыргыз Республикасынын Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери |
| |
Akzhol Makhmudov |
1999-жылы Ош облусунун Араван районунда төрөлгөн. Үй-бүлөдө: беш бир тууган. Акжол ортончусу. Эки байкеси жана эки карындашы бар. Атасы Махамажан Махмудов 1971-жылы туулган, соода жаатында иштейт. Хоббиси: Бильярд жана теннис ойноо. Машыктыруучусу: Кыргыз өлкөсүнүн эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов
Жетишкендиктери: 2015-жылы Индияда өткөн кадеттер (жаш уландар) арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалды жеңип алган; 2016-жылы Тайвань шаарында кадеттер арасында өткөн Азия чемпионатында алтын медалга ээ болгон; 2016-жылы Грузияда өткөн кадеттер арасындагы дүйнөлүк чемпионатта алтын алган; 2016-жылы Москва шаарында кадеттер арасында өткөн Борис Гуревич турниринде чемпион болгон; 2017-жылы Тайвань шаарында жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын утуп алган; 2017-жылы Финляндияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш утуп алган; 2017-жылы Стамбулдагы эл аралык турнирде алтын медалга ээ болгон. 2018-жылы - Азиянын чемпиону болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Акжол Махмудов, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.