Исаков, Бектур Сыдыкович

Исаков, Бектур Сыдыкович (1941-жылы т, Талас району, Арал айылы) — кыргыз тили жана адабияты мугалими, 1964-ж.

Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. "Манас" эпосун окутуу” усулдук (методикалык) китебинин автору. Кыргыз ССРинин, СССРдин эл агартуу отличниги. Мектеп окуучулары үчүн окуу китептерин, усулдук бир нече китепти түзүүгө катышкан, көптөгөн илимий макалалар жазган. "Манас" тарыхый-этнографиялык комплексин уюштурууга көп салым кошууда.

КМУнун (1965) кыргыз тили жана адабияты адистигин бүтүргөн. 1965-жылдан бери Талас районундагы К. Нанаев атындагы Арал орто мектебинде мугалимдик кесипти аркалап келе жатат.

1990-жылдан тартып . иштеген Арал орто мектебинин базасында алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүүнүн жана жайылтуунун жумурияттык мектеби иштеп жатат.

Сыйлыктары

Талыкпаган чыгармачыл эмгектери үчүн көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон. Ал «Кыргыз ССРинин эл агартуунун отличниги» (1974), «Ардак белгиси» ордени (1978), СССРдин «Эл агартуу отличниги» наамы (1980), Крупская медалы (1982), СССР ВДНХ күмүш медалын (1982), Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак громатасы (1983), Кыргыз Республикасынын «Эмгек синирген мугалими» наамы (1993), Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын академиги наамын (1994), «Манас-1000» медалын (1995), И. Арабаев атн. сыйлыктын лауреаты (1997), «Даңк» медалын (1999), Кыргыз Республикасынын «Эл мугалими» (2003) наамын алган.

Эмгектери

Исаков кыргыз тилинин вариативдүү окуу программасын (5-кл.), Манас сабагын окутуу чежиресин (3–11 кл.), «Ыйман сабагы» боюнча окуу программасын түзүүгө катышкан. Ошондой эле «Биздин адабияты» (5-кл.), «Кыргыз адабияты» (8-кл.), Кыргыз тили (7–9-кл.), Манас сабагы (3–11кл.) окуу китептерин жазган. Бектур Исаковдун педагогикалык ишмердүүлүгү жөнүндө 2 китеп, 4 очерк, 20 ашык макала жана методикалык колдонмолор жазган. «Б.Исаковдун алдынкы тажрыйба мектеби» деген ат менен республикада биринчи жолу республикалык алдыңкы тажрыйбалык мектеби уюшулган. Жана ошондой эле

Колдонулган адабияттар

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004

Tags:

Талас району

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Электрондук почтаОблигацияЭссеГендердик теңчиликУсубалиев Турдакун УсубалиевичСөз айкашыЖергиликтүү өз алдынча башкарууБилим берүүнүн мамлекеттик стандартыОкутуунун жаңы технологияларын пайдаланууҮйбүлө укугуНаркозТике сөзКой союп, устукан тартууКыргыз этнонимиТогуз коргоолФатиха сүрөсүВирустуу гепатитЖарык интерференциясыОй жүгүртүүИшеналы АрабаевТатаал сөздөрдүн жазылышыТабигый ресурстарКыргызстан тарыхыЧакчылТерроризмЛегендаМикробиологияТөрөтЭкономикаМанкуртКыргызстандагы диний ишенимдериНаймандарКыргыз автономиялуу облусуКыргыз диалектологиясыЖапонияЭтикаЭкосистемаӨнүгүүОномастикаБиринчи жардамКайра жаралууКоомАба (атмосфера)Бийлик«Көкөтөйдүн ашы»Бронх астмасыНатуралдык санМүнөз (психология)Ич катууСапарлашМорфемаСалыкАлмамбетМаститТукум куугучтукКөк дептерСабакТалас дарыяСарыкКакырык чыгаруучу дарыларКыргызстандын географиясыАутизмБилим берүү жагындагы мамлекеттик саясаттын принциптериОмонимдерДедукцияТабиятЭкологияКозу карындарЖөндөмө категориясыЖер атмосферасыДивану лугати т-туркМаалымат технологиясыАнестезияБездерМахмуд КашгариЖарандык укукОюнДемократияРефлекстер🡆 More