Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында

Кыргызстан 2020 жайкы Олимпиада оюндарына спорттун 7 түрү боюнча 16 спортчусу менен катышат.

Кыргызстан эгемен тарыхында жетинчи жолу олимпиада оюндарына катышуусу.

Туусу, оюндарда колдонулат
ЭОК коду:KGZ
УОК:Кыргызстан улуттук олимпиада комитети
Токиодогу Олимпиада оюндары
Спортчулар 16  спортчу 7 спорттун түрү боюнча
Медалдар Алтын Күмүш Коло Баардыгы

Оруну: 70

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында
0

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында
2

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында
1

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында
3
Жайкы олимпиада оюндарынын катышуучусу
1996  • 2000  • 2004  • 2008 • 2012  • 2016  • 2020  • 2024
Кышкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу
1994  • 1998  • 2002  • 2006 • 2010  • 2014  • 2018  • 2022
О. эле
  • Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында СССР (1952—1988)

Жайкы Олимпиада оюндары 2020-жылы 24-июлдан 9-августка чейин Жапониянын Токио шаарында өтүшү керек эле, бирок Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам 2021-жылга жылдырган. Олимпиада оюндары 23-июлдан 8-августка чейин Токио шаарында өтөт.

Олимпиаданын ачылыш аземинде өлкөнүн туусун ок атуу боюнча спортчу Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүп чыккан. Эл аралык олимпиада комитети гендердик теңчиликти сактоо үчүн мындан кийин тууну эркек менен аял бирге көтөрүп чыксын деген чечимди кабыл алган.

2021-жылы, 15-июлда тууну Кыргызстандан Олимпиадага алгачкы жолу лицензия алган спортчу, грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков көтөрүп өтө турганы маалым болгон. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын желегин тапшырган. Бирок Олимпиададагы күрөш боюнча курамдын мелдеши 1-августта башталып, спортчулар 28-июлда баргандыгына байланыштуу туу көтөрүү милдетин башка спортчуларга өткөрүлүп берилген.

Катышуучу курамдар

Кыргызстан улуттук курамынан 16 спортчу барат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы 2021-жылы 15-июлда билдирген.

Жеңил атлетика боюнча спортчу Юлия Андреева жаракат алып калганына байланыштуу ири мелдешке катышуудан баш тарткан. Мария Коробицкая олимпиадалык нормативди аткарбагандыктан мелдештен четтетилген.

Кыргызстан командасынын курамында грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм), Акжол Махмудов (77 килограмм), Атабек Азисбеков (87 килограмм) жана Үзүр Жусупбеков (97 килограмм).Эркин күрөш чеберлеринен Эрназар Акматалиев (65 килограмм) менен Айаал Лазарев (125 килограмм).Аялдар күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм), Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) жана Айпери Медет кызы (76 килограмм.

Дзюдо боюнча Владимир Золоев (81 килограмм), оор атлетикадан Бакдөөлөт Расулбеков (94 килограмм), фехтование спортунан Роман Петров, ок атуу спортунан Каныкей Кубанычбекова жана сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов.Жеңил атлетикадан Дария Маслова (марафон, 42 чакырым) жана Нурсултан Кеңешбеков (5 000 метр).

Медалдар

Медалчылар

Медаль Спортчулар Спорттун түрү Спорттун багыты Датасы Күнү
Күмүш
1 Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  Акжол Махмудов Күрөш Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  (грек-рим күрөшү, 77 кг) 3-август 11-күнү
2 Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  Айсулуу Тыныбекова Күрөш Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  (эркин күрөш, 62 кг) 4-август 12-күнү
Коло
1 Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  Мээрим Жуманазарова Күрөш Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  (эркин күрөш, 68кг) 3-август 11-күнү

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында Дзюдо

Спортчу Владимир Золоев 2018-жылдан тарта 12 турнирге катышып, жалпы 2 380 упай топтоп, натыйжада 2021-жылы 21-июнда жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жаралган.

Спортчу Категориясы 1/32 финал 1/16 финал 1/8 финал Чейрек финал Жарымфинал Финал Оруну
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Владимир Золоев — 81 кг катышкан эмес

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  А. Хубецов
(ROC)
У 003—101

Алдыга жылган эмес

27-июлда Кыргызстан убактысы боюнча саат 8:32де 81 килограммга чейинки салмактагы мелдеште Владимир Золоев алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда Орусиялык Алан Хубецов менен кез келген. Золоев беттеште автоматтык түрдө иппонго айланган 3-эскертүүнү алгандыгына байланыштуу калыс жеңишти Хубецовго ыйгарган. Кармашуунун узактыгы 4 мүнөт 48 секунд.

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында Жеңил атлетика

    Негизги макала: Жеңил атлетика 2020 жайкы олимпиада оюндарында

2019-жылы 1-декабрда Дарья Маслова Валенсия (Испания) шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафонго катышып, 2 саат 28 мүнөт 19 секунд убакытта марага жеткен. Мелеште олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзөт.

Спортчулар Аралыгы Биринчи раунд Финал
Чуркоо Убактысы Оруну Убактысы Оруну
Нурсултан Кеңешбеков 5000 м 1 14:07.79 18 Алдыга жылган эмес
Дарья Маслова Марафон 42 чакырым ж/э 2:35:35 36

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында Күрөш

    Негизги макала: Күрөш 2020 жайкы олимпиада оюндарында

Эркектер

      Грек-рим күрөшү

Атабек Азисбеков Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Токио-2020 Олимпиадасына жолдомо жеңип алган. Ал грек-рим күрөшү боюнча 87 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, 5-орунга татыган.

Спортчулар Категориясы 1/8 финал Чейрек финал Жарым финал Жубатуучу раунд Финал Оруну
Адаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Жоламан Шаршенбеков — 60 кг

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  М. Айнагулов
(KAZ)
Ж 8—0

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  В. Чобану
(MDA)
У 0—9

Алдыга жылган эмес 9
Акжол Махмудов — 77 кг

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  Л. Маафи
(TUN)
Ж 11—0

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  Р. Р. Гусейнов
(AZE)
Ж 9—1

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  К. Чалян
(ARM)
Ж 6—2

ж/э

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  Т. Лёринц
(HUN)
У 1—2

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында 
Атабек Азисбеков — 87 кг

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  В. Лёринц
(HUN)
У 1—6

Алдыга жылган эмес

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  Д. Кудла
(GER)
У 2—10

Алдыга жылган эмес 10
Үзүр Жусупбеков — 97 кг

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  А. Алексанян
(ARM)
У 1—4

Алдыга жылган эмес

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  А. Саволайнен
(FIN)
У 1—4

Алдыга жылган эмес 7

Эркектер

      Эркин күрөш

2021-жылы 4-июлда Бириккен күрөш уюму Болгариянын София шаарында өткөн турнирде Индиялык спортчу Сумит Малик допингге каршы эрежелерди бузганына байланыштуу андан кийинки орунда турган Айаал Лазаревге жолдомо берилген.

Спортчулар Категориясы 1/8 финал Чейрек финал Жарым финал Жубатуучу раунд Финал Оруну
Адаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Эрназар Акматалиев — 65 кг

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  Б. Пуния
(IND)
У 3—3

Алдыга жылган эмес 10
Айаал Лазарев — 125 кг

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  Г. Стивесон
(USA)
У 0—10

Алдыга жылган эмес

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  Т. Акгүл
(TUR)
У 0—4

Алдыга жылган эмес 7

Аялдар

      Эркин күрөш

Казакстандын Алмата шаарында өткөн күрөш боюнча лицензиялык мелдештен.

76 кг салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы Корея, Өзбекстан, Индия жана Монголия өлкөсүнүн балбандарын мөөнөтүнөн мурда жеңип, турнирдин чемпиону болгон.

68 кг салмакта күрөшкөн Мээрим Жуманазарова алгачкы беттешин кытайлык Жу Фенгге 5:7 эсебинде утулуп, экинчи атаандашын 10:3 эсебинде жеңген. Финалдык баскычта индиялык спортчуну 13:3 эсебинде жеңип финалга чыгуу менен Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Лицензиялык мелдеште балбан финалга жете турган болсо, автоматтык түрдө Олимпиадага жолдомо алат.

Спортчулар Категориясы 1/8 финал Чейрек финал Жарым финал Жубатуучу раунд Финал Оруну
Адаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Айсулуу Тыныбекова — 62 кг

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  А. Григорьева
(LAT)
Ж 8—0

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  К. Инце
(ROU)
Ж 6F—0

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  И. Коляденко
(UKR)
Ж 10—0

ж/э

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  Ю. Каваи
(JPN)
У 3—4

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында 
Мээрим Жуманазарова — 68 кг

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  М. Христова
(BUL)
Ж 7—5

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  Б. Оборудуду
(NGR)
У 2—3

Алдыга жылган эмес

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  Э. Маналова
(AZE)
Ж 4—1

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  С. Батцэцэг
(MGL)
Ж 10F—1

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында 
Айпери Медет кызы — 76 кг

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  Э. Сыдыкова
(KAZ)
Ж 8—1

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  Н. Воробьёва
(ROC)
Ж} 12—0

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  А. Грей
(USA) У
2—3

ж/э

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  Я. Адар
(TUR)
У 0—4F

5

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында Оор атлетика

    Негизги макала: Оор атлетика 2020 жайкы Олимпиада оюндарында

Бакдөөлөт Расулбеков 96 килограмм салмакта дүйнөдөгү 10 мыкты оор атлетчинин катарына кирип, Олимпиадага жолдомо алган.

Спортчу Категориясы Жулкуп Түртүп Баардыгы Оруну
Жыйынтыгы Оруну Жыйынтыгы Оруну
Бакдөөлөт Расулбеков — 96 кг 166 8 208 5 374 6

Бакдөөлөт Расулбеков 31-июлда саат 16:50 дө (UTC+6) 96 килограммга чейинки салмакта катышып, штанганы жулкуп көтөрүүнүн натыйжасында 8-орунду алган. Биринчи аракетинде 162 килограмм штанганы көтөрүп, экинчисинде 166 килограммды көтөрө албай, бирок үчүнчү аракетинде жакшы натыйжа көрсөткөн. Ал эми түртүп көтөрүүдө 200 килограмм менен ийгиликтүү баштап. Экинчи аракетинде 208 килограмм көтөргөн. Үчүнчү аракетинде 216 килограммдык штанганы көтөрө албай калган. Бардык аракеттерди кошуп эсептөөнүн (374 кг.) жыйынтыгында спортчу 14 спортчунун ичинен 6-орунду ээлеген.

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында Ок атуу

    Негизги макала: Ок атуу 2020 жайкы Олимпиада оюндарында

Аялдар арасында 10 метрден пневматикал ык мылтыктан ок атуу боюнча оффлайн жана онлайн түрүндө өткөн ВП-6 көнүгүүлөрдүн эл аралык таймашынын жыйынтыгында белгилүү болгон.Ал лицензия алууга квалификациялык чакан стандарттарды (MQS), Казакстан, Индия, Кувейт, Азербайжандагы мелдештердеги рейтингде ортодон жогорку жыйынтык көрсөтүп, Олимпиадага жолдомо алган.

Спортчу Мелдеш Квалификация Финал
Жыйынтыгы Оруну Аталышы
Жыйынтыгы
Оруну
Каныкей Кубанычбекова пневматикалык мылтык,10 м 612.8 48 Алдыга жылган эмес
Датасы Квалификация Оруну 1 2 3 4 5 6 Жыйынтыгы
24-июль 1-күн 48 103.4 101.0 103.0 102.5 101.1 101.8 612.8

Каныкей Кубанычбекова мелдешке 24-июлда Кыргызстан убактысы менен 05:30 (UTC+6) катышып, жалпысынан 612,8 упай топтогон, бирок алдыңкы сегиздикке кире албай калган, ал үчүн ага 16 упай жеткен эмес. Мелдешке жалпысынан 50 спортчу катышып, Каныкей 48 орунду ээлеген.

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында Сууда сүзүү

    Негизги макала: Сууда сүзүү 2020 жайкы Олимпиада оюндарында
    Эркектер

Түштүк Кореянын Кванжу шаарында сууда сүзүү боюнча XVIII Дүйнө чемпиондугу өтүп, анда Денис Петрашов брасс стилинде 100 метр аралыкка жарышка чыгып, 87 спортчунун ичинен 28-орунду ээлеген. Анын көрсөткүчү 1 мүнөт 0,94 секундду түзүп, өлкөнүн рекордун жаңыланган. Өлкөнүн буга чейинки 1 мүнөт 1,34 секунддук рекорду да Петрашовго таандык болгон. 2019-жылы 21-июлда, Денис Петрашовго 2020-жылы өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо берилген. Аталган лицензия жайкы Олимпиада оюндарына катышууга берилген укук, Кыргызстан үчүн эң алгачкысы болуп эсептелет.

Спортчу Аралыгы Чейрек финал Жарым финал Финал
Сүзгөнү Убактысы Оруну Сүзгөнү Убактысы Оруну Убактысы Оруну
Денис Петрашов 100 м брасс 4 жолу 1:00.23 Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  (NR) 27 Алдыга жылган эмес
200 м брасс 2-жолу 2:10.07 16 Алдыга жылган эмес
  • 24-июлда Денис Петрашов 100 метр аралыкты брасс стилинде сууда сүзүүдө 1 мүнөт 23 миллисекундада сүзүп өтүп, 8 спортчунун ичинен 3-орунда келген. Бирок бул аралыкта жарым финалга эң жакшы убактысы бар 16 спортчу чыккан. Муну менен 100 метр аралыкта брасс стилинде сүзүүнүн жарым финалына өтпөй калган, ушул аралыкта катышкан 49 спортчунун ичинен 27-орунду ээлеген.
  • 27-июлда саат 16:42де (UTC+6) 200 метр аралыкты брасс стилинде сууда сүзүүдө 2 мүнөт 10 секунд 7 миллисекундада сүзүп өтүп, 8 спортчунун ичинен 1-орунда келген. Бирок бул аралыкта жарым финалга эң жакшы убактысы бар 16 спортчу чыккан. 40 спортчунун ичинен 18-орунду ээлеген.

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында Фехтование

    Негизги макала: Фехтование 2020 жайкы Олимпиада оюндарында

2021-жылы 25-апрелде фехтование боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Роман Петров Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Азия-Тынч океан квалификациялык мелдешине катышып. Мелдеште спортчу 1-орунду ээлеп, Олимпиада оюндарына лицензия алган.

Спортчу Мелдеш 1/32 финал 1/16 финал 1/8 финал Чейрек финал Жарым финал Финал Оруну
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Роман Петров (7)

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  С. Ма
(KOR)
Ж 15–7

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында  М. Ямада
(JPN)
У 13–15

Алдыга жылган эмес 32

25-июлда саат 6:30да (UTC+6) Роман Петров Олимпиададагы алгачкы жүрүшүн 1/32 финалда баштап, анда Түштүк Кореялык Сегеон Ма аттуу спортчу менен кез келип, атаандашын 15:7 эсебинде жеңген, 10:10до (UTC+6) 1/16 финалда Жапониялык спортчу Ямада Масаруну менен кез келип, атаандашына 13:15 эсебинде утулуп калган. Жыйынтыгында 32-орунду ээлеген.

Кошмча маалыматтар

Олимпиададан алтын уткандарга 10 миллион, күмүшкө 7 миллион, коло байге үчүн 5 миллион сом берилерин Улукбек Марипов 2021-жылы 15-июлда билдирген.

Ал эми башкы машыктыруучусуна спорчтуга берилген сый акынын 30 пайызына, улук жана жеке машыктыруучусуна 25 пайызына барабар суммада төлөнөт. Биринчи машыктыруучусу менен дарыгерине 10 пайыз өлчөмүндө сый акы берилет.

Дагы караңыз

Эскермелер

Шилтемелер


Tags:

Кыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында Катышуучу курамдарКыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында МедалдарКыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында ДзюдоКыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында Жеңил атлетикаКыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында КүрөшКыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында Оор атлетикаКыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында Ок атууКыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында Сууда сүзүүКыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында ФехтованиеКыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында Кошмча маалыматтарКыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында Дагы караңызКыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында ЭскермелерКыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада Оюндарында ШилтемелерКыргызстан 2020 Жайкы Олимпиада ОюндарындаЖайкы Олимпиада оюндары 2020Кыргызстан

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ДинКыргызстандагы металлдарЫсык-Көл облусуБаяндоочКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыКитептин тарыхыДан өсүмдүктөрүАндрон маданиятыGoogleАмир ТемирЖайЖеңиш КүнүОсмонбеков, АрстаналыӨнөр жайКомузСаспаев АманЭлементтер мезгилдик системасыШүкүрбеков РайканЖыл мезгилдери«Манасты» которууBooking.comБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыОрозов КарамолдоАлай тоо кыркасыСөөк системасыСак уруусуБизнесМидин АлыбаевБеларусьКыргызстан климатынын бийиктик алкактары жана региондор боюнча өзгөчөлүктөрүАянтjvrkkКасымалы БаялиновТукум куугучтукТелескопНарын мамлекеттик коругуУкук бузууТериГеометрияПсихологияТамак сиңирүүБасым (физикалык)БайламталарЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыИшкердикБөтөн сөзМоголстанАлфавитАдам укуктарыҮркүнБир өңчөй мүчөБайыркы Египет маданиятыМарт окуясы (2005)ТөрөтМорфологияСарыбагышОмонимЫсык-Көл мамлекеттик коругуТопурак эрозиясыКызыл кыргыз тарыхыАйӨзгөн архитектуралык комплексиЧоң-Алай тоо кыркасыПадышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясатыМанасСуу Чечек«Манасты» жыйнооКорукКаакымСуюктукЭрнест РезерфордКыргыз Республикасынын экономикасыПопуляцияКокон көтөрүлүштөрүКызыл китепБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасындагы көркөм образдар🡆 More