'«Манасты» жыйноо — тиешелүү мекемелерде сактоо, иликтөө, жарыялоо максаты менен эпосту эл оозунан жазып алуу.
Кыргыз жергесине келген окумуштуулардын көпчүлүгү кыргыз элинин үрп-адаты менен оозеки чыгармачылыгына, өзгөчө «Манас» эпосуна аябагандай кызыгышкан. «Манас» эпосу жөнүндө биринчи жолу «Мажму ат-таварихте» эскерилет.
Казак окумуштуусу Ч. Валиханов кыргыз жерине үч жолу келген (1856, 1857, 1858). Ал саякаттарында кыргыз элинин оозеки адабиятын, тарыхын, этнографиясын изилдеген. «Манас» эпосунан «Көкөтөйдүн ашы» эпизодун жазып алып, жарыялаган.
В. В. Радлов кыргыздарга үч жолу келип кеткен (1862, 1864, 1869). «Манас» эпопеясынын үч бөлүмүн тең жазып алып, 1885-ж. кыргызчасы орус алфавитинин транскрипциясы менен Санкт-Петербургда, немисчеси өзүнүн котормосунда Лейпцигде жарык көргөн. «Манас» эпосунун В. В. Радлов жазып алган текстинин жалпы көлөмү 12454 сап ыр, анын 9449 сабы «Манас» эпосуна, калган 3005 сабы «Семетей» менен «Сейтек» эпосуна таандык. 1925-ж. Москвадагы СССР элдеринин борбордук басмасынан «Семетейден бир бөлүм» (Тыныбек жомокчунуку) деген китеп араб ариби менен жарык көргөн. Китепти басмага Ишеналы Арабай уулу даярдап, ага баш сөз жазган. Чындыгында эле китептин тексти Тыныбектики болсо анда ал жомокчунун көзү тирүүсүндө (ал 1902-ж. өлгөн) жазылган болот. Тексттин качан, ким тарабынан жазылып алынганы да көрсөтүлбөгөн. Тыныбектин өзүнүн эскерүүсүндө 1898-ж. Нарын участковою «Манас», «Семетейди» жазып бер деп буюрганда «Семетейден» айрым үзүндүлөрдү жаздырып берген. Мүмкүн, китеп ошол тексттен алынып басылган болушу да ыктымал
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article «Манасты» жыйноо, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.